Мазмунун көрсөтүү

«Үч акылман» киши кимдер болгон? Алар Бетлехемге жол көрсөткөн жылдызды ээрчип барышты беле?

«Үч акылман» киши кимдер болгон? Алар Бетлехемге жол көрсөткөн жылдызды ээрчип барышты беле?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Рождествого тиешелүү жалпыга абдан белгилүү болгон салттан айырмаланып, Ыйык Китепте Иса төрөлгөндөн кийин аны көрүш үчүн барган саякатчылар «үч акылман киши» же «үч падыша» деп аталышпайт (Матай 2:1). Анын ордуна, Инжилди жазууга катышкан Матай аларга карата магой деген грек сөзүн колдонгон. Бул сөз астрология жана окультизмге байланыштуу дагы башка нерселерге карата колдонулган көрүнөт a. Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда алар «астрологдор» же «сыйкырчылар», «көзбоочулар» деп аталган b.

 «Акылман кишилердин» саны канча эле?

 Ыйык Китепте бул туурасында эч нерсе деп айтылбайт. Алардын санына байланыштуу ар кандай ой-пикирлер бар. «Британ энциклопедиясына» ылайык, «чыгышта ошол сыйкырчылардын он экөө болгон десе, батышта алар ымыркай Исага үч тартуу: «ладан, мирра,.. алтын (Матай 2:11)» тартуу кылынганына караганда алардын саны үч болгон көрүнөт деп эсептелет.

 Падышалар болгонбу?

 Рождествого байланыштуу каада-салттарда Исаны көргөнү келген кишилер көп учурда падышалар катары көрсөтүлөт. Бирок Ыйык Китептин бир да жеринде алардын падыша болгону айтылбайт. «Британ энциклопедиясына» ылайык, көптөгөн кылымдардан кийин «окуяны көркөмдөш үчүн» аларды падыша катары сүрөттөшкөн.

 Аты ким болгон?

 Ыйык Китепте астрологдордун аты ким болгону тууралуу эч кандай маалымат жок. «Эл аралык стандарттуу ыйык китептик энциклопедиясында» «ар кандай уламыштардан улам аларды Гаспар, Мелхиор жана Балтасар деп атай башташканы айтылган».

 Исага качан барышкан?

 Астрологдор Исага ал төрөлгөндөн бир канча ай өткөндөн кийин барган көрүнөт. Эмне үчүн? Анткени Исаны өлтүргүсү келген Ирод падыша кишилерине эки жашка чейинки балдардын баарын өлтүрүүгө буйрук берген. Ал баланын жашын астрологдордон сурап билгени боюнча аныктаган (Матай 2:16).

 Астрологдор Исага ал төрөлгөн күнү барышкан эмес. Ыйык Китепте: «Алар үйгө кирип, бала менен анын энеси Мариямды көрүштү»,— деп баяндалат (Матай 2:11). Мындан ал үй-бүлөнүн ошол учурда үйдө жашап жатканын жана Исанын акырда жаткан ымыркай кезинен өтүп, чоңоюп калганын билүүгө болот (Лука 2:16).

 Аларга Бетлехемди көздөй «жылдыз» аркылуу Кудай жол көрсөтүп барды беле?

 Айрымдар Кудай астрологдорго «Бетлехемдин жылдызы» деп аталып калган жылдыз аркылуу жол көрсөтүп барган деп эсептешет. Бирок мунун андай эмес экенин тастыктаган далилдерге көңүл бурсаңар.

  •   Асмандан жылдыздай көрүнгөн нерсе астрологдорду адегенде Иерусалимге алып барган. Ыйык Китепте: «Ирод падышанын убагында Жүйүт жериндеги Бетлехем шаарында Иса төрөлгөндөн кийин, Иерусалимге чыгыштан астрологдор келишти. Алар: „Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасы кайда? Биз чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик“,— дешти»,— делет (Матай 2:1, 2).

  •   Астрологдорду Бетлехемге «жылдыз» эмес, Ирод падыша жөнөткөн. Ирод анын «атаандашы» болушу мүмкүн болгон «жүйүттөрдүн Падышасы» тууралуу укканда убадаланган Машаяктын кайсы жерде төрөлмөктүгүн сурап-билген (Матай 2:3—6). Анын Бетлехемде төрөлө турганын билип алган соң ал астрологдорго ошол жакка барып, баланы издеп таап, табары менен ага кабарлап коюшун буйруган.

 Ошондон кийин гана астрологдор Бетлехемге барышкан. Ыйык Китепте: «Падыша ушуларды айткандан кийин, алар жөнөп кетишти. Чыгышта көрүнгөн жылдыз алардын алдында жылып отуруп, бала турган жерге келип токтоду»,— деп айтылат (Матай 2:9).

  •   Асманда «жылдыз» пайда болгондон кийинки окуялар Исанын өмүрүнө коркунуч туудуруп, бейкүнөө наристелердин өлтүрүлүшүнө себеп болгон. Астрологдор Бетлехемден кеткенден кийин, Кудай аларга Иродго кайтып барууга тыюу салган (Матай 2:12).

 Алар кетип калгандан кийин, Ирод эмне кылган? Ыйык Китепте мындай делет: «Астрологдорго алданып калганын түшүнгөндө Ирод аябай каарданып, Бетлехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүрүш үчүн кишилерин жөнөттү. Баланын жашын астрологдордон сурап билгени боюнча аныктады» (Матай 2:16). Кудай мындай мыкаачылыктын болушуна эч качан себепкер болмок эмес (Аюп 34:10).

a Б. з. ч. 5-кылымда жашаган грек тарыхчысы Геродот анын күндөрүндө магой деген сөз астрология жана түш жоруу менен алектенген мадай (перс) урууларына карата колдонулганын айткан.

b «Америка стандарттуу жаңы Ыйык Китебин», «Жаңы англис Ыйык Китебин», «Эл аралык жаңы котормону» карагыла. «Король Яковдун Ыйык Китебинде» ошол кишилер «акылман кишилер» деп аталган. Бирок алардын үчөө экени айтылган эмес.