Мазмунун көрсөтүү

Өнөкөт оору менен ооругандарга Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Өнөкөт оору менен ооругандарга Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай кандайдыр бир оору менен күрөшүп жүргөн кызматчыларына жардам берет. Анткени Кудайга кызмат кылган бир киши тууралуу Ыйык Китепте: «Ал ооруп, төшөктө жатканда, Жахаба колдойт; ооруп жатканында, сен ага кам көрөсүң»,— деп айтылган (Забур 41:3). Эгер кайсы бир оорунун айынан кыйналып жүргөн болсоңуз, төмөндөгү үч кеңеш сизге пайдалуу болот:

  1.   Күч сурап тилениңиз. Эгер Кудайга кайрылсаңыз, ал сизге «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» берет. Жүрөгүңүзгө орногон андай «тынчтык» ооруңуз менен күрөшкөнгө жардам бергенден тышкары, сары санаа боло берүүдөн да сактайт (Филипиликтер 4:6, 7).

  2.   Оң маанайда болуңуз. Ыйык Китепте: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 17:22). Чынында эле, тамашакөй болгонуңуз оор учурларда көңүлүңүздү көтөргөндөн сырткары, ден соолугуңузга да пайдалуу.

  3.   Кудайдын убадасына үмүт артыңыз. Жакшылыкка болгон үмүт ооруңузга карабастан кубанычыңызды жоготпогонго жардам берет (Римдиктер 12:12). Ыйык Китепте жер тургундарынын бири да «ооруп жатам» дебей турган убак келери жазылган (Ышая 33:24). Кудай жакында адамзатты бүгүнкү күндө медицинанын күчү жетпеген өнөкөт оорулардын баарынан арылтат. Мисалы, Ыйык Китепте карылардын кайрадан кырчындай жаш кезегине кайтып келип, ден соолугу чың болору жөнүндө: «Анын денеси жаш кезиндегисинен да жаш болсун, ал жаштыктын күчүнө толуп турган күндөрүнө кайрылып келсин»,— деп айтылат (Аюп 33:25).

 Эскертүү: Өнөкөт оору менен күрөшүш үчүн адам жардам издеп Кудайга кайрылгандан тышкары, доктурга да кайрылышы керек экенин Жахабанын Күбөлөрү жакшы түшүнүшөт (Марк 2:17). Бирок алар дарылануунун белгилүү бир ыкмасын сунушташпайт. Кантип дарыланарын ар ким өзү чечиши керек.