Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жакан 14:27. «Мен силерге тынчтык калтырып жатам»

Жакан 14:27. «Мен силерге тынчтык калтырып жатам»

 «Мен силерге тынчтык калтырып жатам, өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам. Аны дүйнө бергендей берип жаткан жокмун. Ошондуктан жүрөгүңөр түпөйүл болуп, коркунучтан кысылбасын» (Жакан 14:27, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес. Кайгырбагыла жана коркпогула» (Жакан 14:27, «Үмүт нуру»).

Жакан 14:27нин мааниси

 Иса ушул жан сергиткен сөздөрдү айтканда элчилери кыйынчылыкка кабылганда ашыкча тынчсызданбашы керектигин баса белгилеген. Алар да, Исадай болуп, Кудайдын жардамы менен жан дүйнө тынчтыгын сактай алышмак.

 Иса элчилерине кандай тынчтык калтырган? Ал өзүнүн тынчтыгын, тагыраак айтканда, өзү сезип-туюп көргөн тынчтыкты калтырган. Андай тынчтык шакирттерде келишпестик же кыйынчылык болбойт дегенди билдирген эмес (Жакан 15:20; 16:33). Исага адилетсиз мамиле кылышып, акыр-аягы өлүм жазасына тартышса да, анын жүрөгүндө, акылында тынчтык болгон (Лука 23:27, 28, 32—34; 1 Петир 2:23). Ал Жахаба a Атасы аны жакшы көрөрүн, колдоорун билгендиктен, жан дүйнөсү тынч болгон (Матай 3:16, 17).

 Иса элчилерине тынчтыгын бергенде өзү да, Атасы да аларды жакшы көрөрүнө, колдооруна ынандырган (Жакан 14:23; 15:9, 10; Римдиктер 5:1). Элчилер Исанын Кудайдын Уулу экенине ишенишкен. Иса берген тынчтык ошол ишенимге негизделген. Так ошол тынчтык аларга коркпогонго, санаага батпаганга жардам берген (Жакан 14:1) Иса асманга кеткенде, шакирттеринин жанында түзмө-түз боло алмак эмес. Ошентсе да Кудайдын ыйык руху аларга эч нерседен коркпогонго жардам берип, жан дүйнө тынчтыгына бөлөөрүн убада кылган (Жакан 14:25—27). Исанын жолдоочулары башына түшкөн кыйынчылыктарга кайраттуулук менен тике карай алышмак. Анткени Жахабанын аларды колдоорун билишкен (Еврейлер 13:6).

 Иса жерде жүргөн кезде адамдар учурашканда, адатта, бири-бирине тынчтык каалашчу (Матай 10:12, 13). Бирок Иса элчилерине жөн эле тынчтык каалап койбой, аларга тынчтыгын берген. Анын үстүнө, Иса берген тынчтык дүйнө сунуштаган тынчтыктан кыйла айырмаланат. Бул дүйнөдө b тааныш-билиш, байлык, атак-даңк, жогорку абал кандайдыр бир деңгээлде тынчтык тартуулайт. Бирок Иса берген тынчтык ушундай нерселерден көз каранды эмес. Бул — узак убакытка созулчу жан дүйнө тынчтыгы.

Жакан 14:27нин контексти

 Иса бул сөздөрдү ишенимдүү элчилерине өлөр алдындагы түнү айткан. Ал асманга кетмек (Жакан 13:33, 36). Мунун уккан шакирттердин жүрөгүн кайгы баскан (Жакан 16:6). Ошол себептен Иса аларды жубатып, эмне үчүн кайгырбашы керектигин түшүндүргөн.

 Исанын бул сөздөрү анын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына да дем-күч берип, кайраттандырат. Биз да ошондой тынчтыкка ээ боло алабыз (2 Тесалоникалыктар 3:16). Исанын шакирти болгонубузда ал дагы, Атасы Жахаба дагы бизди жакшы көрөрүн, колдоорун билгенбиз (Колосалыктар 3:15; 1 Жакан 4:16). Ошон үчүн ашыкча тынчсызданбай эле койсок болот. Эмне үчүн? Анткени Кудай биз тарапта (Забур 118:6; Филипиликтер 4:6, 7; 2 Петир 1:2).

 Жакан китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.

b Ыйык Китепте «дүйнө» деген сөз Кудайды билбеген адамзат коомуна карата колдонулат.