Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Матай 6:33: «Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»

Матай 6:33: «Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»

 «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (Матай 6:33, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет» (Матай 6:33, «Үмүт нуру» котормосу).

Матай 6:33түн мааниси

 Кудайдын Падышалыгы — бул асмандагы өкмөт. Ал Кудайдын жерге байланыштуу эркин ишке ашырат (Матай 6:9, 10). Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издеген киши аны жашоосунда эң маанилүү орунга коёт a. Бул өз ичине Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк билүүгө умтулууну эле эмес, анын кандай иштерди аткарарын башкаларга айтууну да камтыйт (Матай 24:14). Ошондой эле ал Падышалыктын келишин, тагыраак айтканда, анын бүт жер жүзүнө бийлик жүргүзүшүн сурап тиленет (Лука 11:2).

 Кудайдын адилдиги деген эмне туура, эмне туура эмес экенин аныктаган мыйзам-принциптерди билдирет (Забур 119:172). Демек, Кудайдын адилдигин издеген киши анын адеп-ахлактык мыйзамдарына карманып жашайт. Андай мыйзамдар пайда гана алып келет (Ышая 48:17).

 «Силерге мунун баары берилет» деген сөздөр Кудайдын убадасын билдирет. Кудай анын Падышалыгын жана адил мыйзамдарын жашоосунда биринчи орунга койгондорго кам көрөм деп убада берген (Матай 6:31, 32).

Матай 6:33түн контексти

 Иса пайгамбар бул сөздөрдү тоодогу насаатында айткан. Анын насааты Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүндө жазылган. Ошол маалда Иса пайгамбарды угуп отургандардын көбүнүн жакыр болгону шексиз. Алар: «Оокат кылыш үчүн кара жанды карч уруп иштеш керек. Биринчи кезекте Падышалыкты издегенге убакыт кайда?» — деп ойлонушу мүмкүн болчу. Бирок Иса пайгамбар алардын көңүлүн табиятка буруп, Кудайдын өсүмдүктөр менен жаныбарларга кантип кам көрүп жатканын баамдаганга чакырган. Ооба, Кудай биринчи кезекте анын Падышалыгын издегендерге да так ошондой кам көрөрүн убада кылат (Матай 6:25—30).

Матай 6:33кө байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издеген киши байыйт.

 Чындык: Иса пайгамбар биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издегендердин тамак-аш, кийим-кечек сыяктуу эң зарыл нерселерден кем болбой турганын айткан (Матай 6:25, 31, 32). Бирок ал алардын байлыкка тунуп жашаарын убада кылган эмес. Ошондой эле Кудайдын батасы дүнүйө-мүлк менен өлчөнбөй турганын баса белгилеген. Тескерисинче, ал байлыктын артынан сая түшпөгөнгө үндөгөн. Анткени дүнүйө-мүлк Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга койгонго тоскоолдук кылат (Матай 6:19, 20, 24). Элчи Пабыл Кудайдын Падышалыгы үчүн талыкпай эмгектенген. Ошентсе да кээде анын акча-каражатка муктаж болгон учурлары болгон. Ал, Иса пайгамбардай болуп, башкаларга баюуга умтулуунун кооптуу жактары бар экенин эскерткен (Филипиликтер 4:11, 12; 1 Тиметей 6:6—10).

 Жаңылыш ой: Машаяктын жолдоочулары иштебей деле койсо болот.

 Чындык: Ыйык Китепте Машаяктын жолун жолдогондор өздөрүн жана үй-бүлөсүн камсыз кылыш үчүн иштеши керектиги жазылган (1 Тесалоникалыктар 4:11, 12; 2 Тесалоникалыктар 3:10; 1 Тиметей 5:8). Иса Машаяк жолдоочулары Кудайдын Падышалыгын гана издеши керек деп айткан эмес. Ал биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издегиле деген.

 Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издегендер жана жан багыш үчүн эмгектенгенден качпагандар Кудайдын аларды зарыл нерселер менен камсыз кыларынан шектенбесе болот (1 Тиметей 6:17—19).

a «Мындан ары да... издегиле» деген сөздөр грек тилиндеги этиштен которулган. Ал этиштин мааниси улана берчү иш-аракетти туюнтат. Бул сөздөрдү «үзгүлтүксүз издегиле» деп да которсо болот. Демек, Кудайдын Падышалыгы кыска убакытка эле же убактылуу эмес, жашообузда дайыма биринчи орунда турушу керек.