Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба аны талыкпай издегендерге сыйлык берет

Жахаба аны талыкпай издегендерге сыйлык берет

«Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек» (ЕВР. 11:6).

ЫРЛАР: 85, 134

1, 2. а) Сүйүү менен ишенимдин кандай байланышы бар? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

БИЗ Жахабаны сүйөбүз, анткени ал «бизди биринчи сүйгөн» (1 Жкн. 4:19). Ал өзүнүн берилген кызматчыларына батасын төгүп, сүйүүсүн далилдеп келет. Кудайга болгон сүйүүбүз өскөн сайын, анын бар экенине эле эмес, аны сүйгөндөргө сөзсүз сыйлык берерине болгон ишенимибиз да өсө берет (Оку: Еврейлер 11:6.)

2 Жахаба — сыйлык бергенди жакшы көргөн Кудай. Ошондуктан кызматчыларын эч качан сыйлыксыз калтырбайт. Эгер Кудайдын аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине бекем ишенбесек, ишенимибиз толук эмес болуп калат, анткени ишеним — бул үмүттөнүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө (Евр. 11:1). Ооба, ишеним Кудай убада кылган баталарды эч шектенбей күтүүнү да билдирет. Бирок сыйлык аларыбызга болгон үмүтүбүз бизге кандайча жардам берет? Жахаба байыркы убактагы кызматчыларына кандай сыйлык ыйгарган жана бизге кандай сыйлык берип келет? Эмесе, ушуларга токтололу.

ЖАХАБА КЫЗМАТЧЫЛАРЫНА БАТАСЫН БЕРҮҮНҮ УБАДА КЫЛАТ

3. Малаки 3:10до кандай убада жазылган?

3 Жахаба ишенимдүү кызматчыларына сыйлык берүүнү убада кылган, ошондуктан бизди анын батасын алуу үчүн күч жумшоого чакырат. Ыйык Китептен: «Мени... сынап көргүлө,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— ошондо силер үчүн асман дарбазаларын ачпайт бекем, эч нерсеге муктаж болбой калганыңарча, силерге батамды төкпөйт бекем»,— дегенди окуйбуз (Мал. 3:10). Анын бул чакырыгына ылайык иш кылуу менен ага ыраазы экенибизди көрсөтөбүз.

4. Эмне үчүн Иса Машаяктын Матай 6:33төгү сөздөрүнө бекем ишенсек болот?

4 Иса Машаяк шакирттерине эгер Падышалыкты биринчи орунга коюшса, Кудай аларды колдой турганын айткан. (Оку: Матай 6:33.) Ал Жахабанын эч качан жалган айтпай турганын, дайыма сөзүнө турарын билгендиктен ишенимдүү түрдө ушинтип айта алган (Ыш. 55:11). Эгер Жахабага ишенсек, анын: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деген убадасын аткарарына шектенбейбиз (Евр. 13:5). Бул убада Исанын биринчи кезекте Падышалыкты жана Кудайдын адилдигин издөөгө байланыштуу айткандарына болгон ишенимибизди арттырат.

Иса пайгамбар шакирттерине баш тарткан нерселери үчүн сыйлык алышарын айткан (5-абзацты кара)

5. Исанын Петирге берген жообу эмне үчүн ишенимибизди бекемдейт?

5 Бир жолу элчи Петир Иса пайгамбардан: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчидик. Бул үчүн биз эмне алабыз?» — деп сураган (Мт. 19:27). Иса аны мындай суроо бергени үчүн жемелебестен, шакирттерине баш тарткан нерселери үчүн сыйлык алышарын айткан. Анын ишенимдүү элчилери жана башка жолдоочулары келечекте асманда аны менен бийлик кылышмак. Бирок, Иса айткандай, Кудайдын кызматчылары атүгүл азыркы учурда да сыйлык алышат. «Менин ысмым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, же балдарын, же жерин калтырган ар бир адам мурдагыдан да көп эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт»,— деген Иса (Мт. 19:29). Ооба, анын шакирттери өздөрү баш тарткан нерселерден алда канча чоң батага ээ болушмак. Рухий ата-энелерибиз, ага-инилерибиз, эже-карындаштарыбыз жана балдарыбыз Падышалык үчүн чалган курмандыктарыбыздан алда канча баалуу эмеспи?

«ЖАНЫБЫЗ ҮЧҮН КЕМЕ КАЗЫК»

6. Эмне үчүн Жахаба кызматчыларына сыйлык берерин убада кылган?

6 Жахаба өзүнүн кызматчыларына сыйлык берүүнү убада кылган. Себеби бул аларга сыноо учурунда күч берерин билет. Анын ишенимдүү кызматчылары азыртадан эле мол бата алышууда, ошондой эле андан да көп бата ала турган учурду чыдамсыздык менен күтүп жатышат (1 Тим. 4:8). Ооба, Кудайдын «аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине» эч күмөн санабасак, ишенимибизден жазбайбыз (Евр. 11:6).

7. Эмне үчүн үмүтүбүздү кеме казыкка салыштырууга болот?

7 Тоодо айткан насаатында Иса: «Кубанып-шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан»,— деген (Мт. 5:12). Асманда жашоого үмүттөнгөндөр сыяктуу эле, жер бетиндеги бейиште жашоого үмүттөнгөндөрдө да кубанып-шаттанууга толук негиз бар (Заб. 37:11; Лк. 18:30). Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, үмүтүбүз «жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу ишеничтүү жана бекем» (Евр. 6:17—20). Кеме казык бороон-чапкын учурунда кемени бекем кармап тургандай эле, сыйлык аларыбызга болгон үмүтүбүз бизге акыл-эс, эмоциялык жана рухий жактан туруктуу болууга жардам берет. Мунун аркасында кыйынчылыктарды көтөрүүгө күч алабыз.

8. Кандайча үмүтүбүз көп тынчсызданбаганга көмөк кылат?

8 Ыйык Китепке негизделген үмүтүбүз көп тынчсызданбаганга көмөк кылат. Кудайдын убадалары жүрөгүбүздү тынчтандырган бальзам сыяктуу. Жүгүбүздү ага артып, анын бизди колдой турганын билгенибиз кандай гана жубатат! (Заб. 55:22). Жахабанын «биз сурагандан да же ойлогондон да алда канча көптү кыла аларына» толук ишенсек болот (Эф. 3:20). Ойлоп көрсөң, ал биз сурагандан же ойлогондон көптү эле эмес, «алда канча көптү» кыла алат!

9. Канткенде Жахабанын батасына ээ болорубузга толук ишене алабыз?

9 Сыйлыкка ээ болуш үчүн биз Жахабага толугу менен ишенишибиз жана анын көрсөтмөлөрүнө баш ийишибиз керек. Муса пайгамбар ысрайыл элине мындай деген: «Жахаба Кудайыңар энчиңерге берип жаткан жерде Жахаба сага батасын берет. Бирок Жахаба Кудайың батасын бериши үчүн, сен анын тилин алып, мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын кылдаттык менен аткарышың керек. Жахаба Кудайың, өзү убада кылгандай, сага батасын берет» (Мыйзам 15:4—6). Жахабага берилгендик менен кызмат кыла берсең, сени батасыз калтырбай турганына толук ишенесиңби? Буга сенде орчундуу негиз бар.

ЖАХАБА АЛАРГА СЫЙЛЫК БЕРГЕН

10, 11. Жахаба Жусупка кандай сыйлык берген?

10 Ыйык Китеп биздин пайдабыз үчүн жазылган. Анда Кудай өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына сыйлык бергени жөнүндө көптөгөн окуялар камтылган (Рим. 15:4). Мисалга Жусупту алалы. Аны агалары кулчулукка сатып жиберген, кийинчерээк болсо Мисирде кожоюнунун аялы жалаа жаап, зынданга салдырып салган. Бирок аны Кудайынан ажырата алышканбы? Албетте, жок! Ыйык Китепте: «Жахаба Жусуп менен болуп, ага мээримдүүлүк көрсөтө берди... Жусуп эмне иш кылбасын, Жахаба ага батасын берип жатты»,— деп жазылган (Башт. 39:21—23). Ооба, башына түшкөн кыйынчылыктарга карабай, Жусуп Кудайды чыдамдуулук менен күткөн.

11 Бир нече жылдан кийин фараон Кудайдын ал момун кызматчысын бошотуп, Мисирде өзүнөн кийинки эле башкаруучу кылып дайындаган (Башт. 41:1, 37—43). Аялы эки уул төрөп бергенде: «„Кудай бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду“ — деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше деп койгон». «Экинчисинин атын болсо: „Кудай мага азап тарткан жеримде тукум берди“ — деп, Эпрайым койгон» (Башт. 41:51, 52). Жусуп берилгендигин сактаганы үчүн Кудайдан бата алып, ошонун аркасында ысрайылдыктардын да, мисирликтердин да өмүрү сакталып калган. Жусуп ушунун баары Жахабанын ага берген сыйлыгы жана батасы экенин жакшы түшүнгөн (Башт. 45:5—9).

12. Исага ишенимдүүлүгүнөн жазбоого эмне жардам берген?

12 Иса Машаяк да ар кандай сыноолорго карабай дайыма Жахабага баш ийип, андан сыйлык алган. Ага ишенимдүүлүгүнөн жазбоого эмне жардам берген? Кудайдын Сөзүндө: «Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп, шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн»,— деп түшүндүрүлөт (Евр. 12:2). Кудайдын ысымын ыйыктай аларын билгени Исага зор кубаныч тартуулаган. Андан тышкары, ал Атасынын жүрөгүн кубандырып, көптөгөн сонун сыймыктарга ээ болгон. Ыйык Китепте анын «Кудайдын тактысынын оң жагына отурганы» айтылат. Ошондой эле анда: «Кудай аны ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди»,— делет (Флп. 2:9).

ЖАХАБА ЖАКШЫ ИШТЕРИБИЗДИ УНУТПАЙТ

13, 14. Жахаба ага кылган жакшылыгыбызга кандай карайт?

13 Жахабанын ага кызмат кылыш үчүн жумшаган күч-аракетибиздин баарын жогору баалаарына эч күмөн санабасак болот. Ал кээде өзүбүздү ишенимсиз же жөндөмсүз сезерибизди жакшы билет. Үй-бүлөбүздү кантип багарыбызды, жумушубузду ойлоп тынчсызданганыбызда же ден соолугубуздун, эмоциялык абалыбыздын айынан ыйык кызматка мурункудай катыша албай калганыбызда, бизге түшүнүү менен мамиле кылат. Ошондой эле анын алдында ишенимдүү бойдон калуу үчүн кылган аракетибизди көз жаздымында калтырбай турганына толук ишенсек болот. (Оку: Еврейлер 6:10, 11.)

14 Андан тышкары, Жахабанын «тиленүүлөрдү Угуучу» Кудай экенин эстен чыгарба. Тынчсыздандырган нерселерибизди айтып, тиленгенибизде, ал бизди сөзсүз угат (Заб. 65:2). «Боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» бизге эмоциялык, рухий жактан дем-күч берет. Ан үчүн кээде ишенимдештерибизди колдонот (2 Кор. 1:3). Башкалардын камын ойлоп, жароокер болгонубуз Жахабанын жүрөгүн кубантпай койбойт. «Бей-бечарага жакшылык кылган Жахабага карыз берет, ал анын жакшылыгынын акыбетин кайтарат» (Накыл 19:17; Мт. 6:3, 4). Андыктан кыйынчылыкка кабылгандарга жан аябастык менен жардам берсек, аларга кылган жакшылыгыбызды Жахаба ага карыз бергендей кабыл алат. Андай жакшылыгыбыз үчүн ал бизди сыйлыксыз калтырбайт.

АЗЫР ЖАНА КЕЛЕЧЕКТЕ АЛА ТУРГАН СЫЙЛЫКТАРЫБЫЗ

15. Сен кандай сыйлык алууну чыдамсыздык менен күтүп жатасың? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

15 Ыйык рух менен майлангандар «адил сот болгон Мырзабыздын» аларга «сот күнүндө сыйлык катары» «адилдик таажысын» берерине үмүттөнүшөт (2 Тим. 4:7, 8). Бирок үмүтүң башка болгону үчүн өзүңдү бир нерседен кур калгандай сезбешиң керек. Анткени Исанын миллиондогон «башка койлору» жер бетинде боло турган бейиште түбөлүк өмүр сүрүп, «мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Жкн. 10:16; Заб. 37:11).

16. 1 Жакан 3:19, 20да соороторлук кандай ойлор жазылган?

16 Айрым учурларда өзүбүздү көп кызмат кыла албай жаткандай сезишибиз же кылып жаткан иш-аракетибиз Жахабага жагат болду бекен деп ойлонушубуз мүмкүн. Атүгүл өзүбүздү сыйлык алууга татыксыз сезишибиз ыктымал. Бирок «Кудай жүрөгүбүздөн чоң» экенин жана баарын билерин эстен чыгарбайлы. (Оку: 1 Жакан 3:19, 20.) Кылгандарыбыз өзүбүзгө аябай эле аз сезилген күндө да, ишеним жана сүйүү менен кылып жаткан ар бир аракетибиз үчүн Жахаба бизге сыйлык берет (Мр. 12:41—44).

17. Биз ээ болуп жаткан сыйлыктардын айрымдары кайсылар?

17 Атүгүл Шайтандын азыркы каардуу дүйнөсүнүн акыркы күндөрүндө да Жахаба өзүнүн элине батасын төгүп жатат. Ал чыныгы кызматчыларынын дасторкону кенен жайылган рухий бейиштен ырахат алып, гүлдөп-өсүшүнө кам көрүүдө (Ыш. 54:13). Иса убада кылгандай, Жахаба бизге азыртадан эле рухий бир туугандардан турган эл аралык үй-бүлөнүн мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк берип, сыйлык ыйгарууда (Мр. 10:29, 30). Ошондой эле аны талыкпай издегендерге жан дүйнө тынчтыгын берип, канааттануу жана бакыт тартуулап жатат. Бул — эч нерсеге салыштырылгыс сыйлык (Флп. 4:4—7).

18, 19. Жахабанын кызматчылары аларга берилип жаткан сыйлыктар тууралуу кандай ойдо?

18 Жахабанын өз кызматчыларына кереметтүү сыйлыктарды берген Кудай экенине дүйнө жүзүндөгү көптөгөн бир туугандарыбыз өз тажрыйбасынан ынанышууда. Мисалы, германиялык Бианка мындай дейт: «Жахабага күн сайын жанымда болуп, тынчсызданууларым менен күрөшүүгө жардам берип жатканына миң мертебе ыраазымын. Азыркы дүйнө баш аламан жана караңгы. Бирок Жахаба менен тыгыз кызматташып, өзүмдү анын колунда коопсуз сезем. Ал үчүн кайсы бир нерсени курмандыкка чалсам, ал мага жүз эсе көп кайтарып берет».

19 Канадалык 70 жаштагы Паула деген бир тууганыбызды да мисалга алалы. Ал спина бифида оорусунан, башкача айтканда, кыр арка сөөгүнүн жарылышынан жапа чегип келет. «Жыла албай калсаң эле, кызматың да жылбай калат дегенди билдирбейт,— дейт ал.— Мен телефон аркылуу кабар айтуу жана расмий эмес күбөлөндүрүү сыяктуу кызматтын ар кандай түрлөрүнө катышам. Өзүмдү бекемдеш үчүн адабияттарыбыздагы айрым аяттарды жана ойлорду дептериме жазып алып, маал-маалы менен карап турам. Аны „куткаруучу дептерим“ деп коём. Жахабанын убадаларына көңүл топтосок, көңүл чөгөттүк убактылуу эле болот. Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, Жахаба дайыма жардам берүүгө даяр». Сенин жагдайың Бианка менен Пауланыкынан кыйла айырмаланышы мүмкүн. Анткен менен Жахабанын сага жана башкаларга кандайдыр бир жолдор менен сыйлык берип жатканын байкаган чыгарсың. Жахабанын сага азыркы учурда кантип сыйлык берип жатканы жана келечекте кандай сыйлык ыйгарары жөнүндө ой жүгүрткөнүң кандай сонун!

20. Жахабага жан-дилибиз менен кызмат кыла берсек, эмнеден шектенбесек болот?

20 Кудайдын жалындуу тиленгендерге «чоң сыйлык берерин» эсиңден чыгарба. Анын «эркин аткарсаң», сөзсүз «убадаланганды аласың» (Евр. 10:35, 36). Андыктан ишенимиңди мындан ары да бекемдеп, Жахабага жан-дилиң менен кызмат кыла бер. Ошондо Жахабанын сага сыйлык берерине күмөн санабасаң болот. (Оку: Колосалыктар 3:23, 24.)