Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн жек көрүүчүлүк бүт дүйнөнү кучагына алууда?

Эмне үчүн жек көрүүчүлүк бүт дүйнөнү кучагына алууда?

Жек көрүүчүлүк эмне үчүн ушунчалык кеңири жайылып баратат? Мунун жообун билиш үчүн анын эмнени билдирерин, адамдарды ага эмне түртөрүн жана анын кантип жайыларын түшүнүп алышыбыз керек.

Жек көрүүчүлүк деген эмне?

Жек көрүүчүлүк — бул кимдир бирөөнү же кайсы бир адамдардын тобун жаман көргөнгө, кас көргөнгө алып келген күчтүү сезим. Ал көкүрөктөн оңой менен кетпейт.

ЖЕК КӨРГӨНГӨ ЭМНЕ ТҮРТӨТ?

Буга түрткөн себептер арбын. Кимдир бирөөлөр жамандык кылганы үчүн эмес, тек-жайы башка болгону үчүн эле жек көрүндүгө айланышы мүмкүн. Аларды жеришет, элге коркунуч туудурган же эч качан оңолбой турган адамдардай көрүшөт. Ошондой эле аларды теңине алышпайт, бардык жамандыкка ошолорду күнөөлөшөт. Көп учурда зомбулукка, адилетсиздикке кабылгандар башкаларды жек көрүп калышат. Жадагалса кайсы бир окуядан улам да башкаларды душман көрө башташы мүмкүн.

КАНТИП ЖАЙЫЛАТ?

Биз өзүбүз бетме-бет жолукпаган адамдарды да жек көрө беришибиз мүмкүн. Мисалы, тууганыбыз же досубуз кайсы бир элди жамандай бергени үчүн эле алар жөнүндө терс ойдо болушубуз ыктымал. Ошентип, бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей, бир адамдын терс көз карашы тегерегиндегилерге жаман таасир этет.

Ооба, көптөрдүн жек көрүүчүлүккө ууланганынын себеби анын кантип тарап жатканында. Бирок мунун башка да себептери бар. Эмесе, Ыйык Китептен анын башаты жөнүндө билели.

КАЯКТАН ТАМЫР АЛГАН?

БАШАТ АЛЫШЫ. Жек көрүүчүлүк кийин Шайтан Ибилис деп аталып калган бир периште Кудайга каршы чыкканда башталган. Ошондон кийин Ибилис «киши өлтүргүч» деген атка конгон. Ал «жалганчы жана жалгандын атасы» болгондуктан жек көрүүчүлүктүн, мыкаачылыктын отун тутандырып келет (Жакан 8:44; 1 Жакан 3:11, 12). Ыйык Китепте Шайтан Ибилис каардуу, зулум, кара өзгөй периште катары сүрөттөлөт (Аюп 2:7; Аян 12:9, 12, 17).

КҮНӨӨКӨР ПЕНДЕЛЕРДИН ЖЕК КӨРГӨНГӨ ЖАКЫНДЫГЫ. Түпкү атабыз Адам ата Шайтандын жолуна түшүп, күнөөгө баткан. Ошонун айынан бүт адамзатка күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөн (Римдиктер 5:12). Алсак, Адам атанын тун уулу Кабыл иниси Абылды жек көрүп, өлтүрүп салган (1 Жакан 3:12). Албетте, сүйүү, боорукердик сапатын чагылдырган адамдар жок эмес. Бирок күнөөкөр пенде болуп калгандыктан көптөр өзүмчүлдүккө, көралбастыкка, текебердикке жакын келет. Так ушундай сапаттар жек көрүүчүлүктү ойготот (2 Тиметей 3:1—5).

БӨЛҮНҮҮЧҮЛҮКТҮН КУРЧ ТААСИРИ. Азыркы заманда адамдар мерез, таш боор болуп калды. Жаман иштерди да байма-бай кылып жатышат. Ошонун айынан жек көрүүчүлүк күн санап күчөп келет. Бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» болгондуктан, бөлүнүүчүлүктүн, бейкалыстыктын, кемсинтерлик сөздөрдүн, опузалоонун жана мүлккө кол салуунун күнү тууду (1 Жакан 5:19).

Бирок Ыйык Китепте жек көрүүчүлүктүн тамыры жөнүндө эле эмес, анын кантип жоюлары жөнүндө да айтылат.