Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Каракатицанын өң өзгөртүү өнөрү

Каракатицанын өң өзгөртүү өнөрү

КАРАКАТИЦАЛАР өңү-түсүн өзгөртүп, адамдын көзүнө дээрлик байкалгыс болуп калганчалык кубула алышат. Бир билдирүүгө ылайык, алар «терисинде көп түрдүү ар кыл формадагы сүрөттөрдү пайда кыла алганы жана ал сүрөттөрдү заматта өзгөртүп тура алганы менен белгилүү». Алар муну кантип кылышат?

Көңүл бурсаңар: Каракатицалар түсүн хроматофордун, терисинин астындагы клетканын өзгөчө бир түрүнүн, жардамы менен өзгөртүшөт. Хроматофорлордо түстүү пигменттерге толгон жана майда булчуңдар менен курчалган баштыкчалар болот. Каракатица кубулушу керек болгондо, мээси ошол баштыкчалардын тегерегиндеги булчуңдарга жыйрылууну буйрук кылат. Натыйжада баштыкчалар жана алардын ичиндеги пигменттердин көлөмү жайыла түшөт да, терисиндеги сүрөтү да, түсү да дароо өзгөрөт. Каракатицалар андай өнөрүн байкалбай калыш үчүн эле эмес, түгөй тандаганда аны таасирлентиш үчүн, ошондой эле, кыязы, «сүйлөшүш» үчүн колдонушат.

Англиядагы Бристол шаарындагы университеттин инженерлери каракатицаныкына окшош жасалма тери жасашкан. Алар түзүлүшү жана аткарган функциясы каракатицаныкына окшогон жасалма булчуңдардын араларына кара түстөгү резина дисктерин жайгаштырып, ток жиберишкен. Ошондо булчуңдар жыйрылып, кара дисктерди кыскандыктан, алар жайыла түшкөн да, тери кара түскө өзгөргөн.

Каракатицанын булчуңдарын — «табияттагы эң мыкты жасалган жумшак түзүлүштөрдү» — изилдөө, Жонатан Росситер деген инженердин айтымында, бир секундага жетпеген убакыт ичинде өңүн өзгөртө ала тургандай кийим ойлоп табууга жардам бериши ыктымал. Росситер андай кийимдерди көзгө анча урунбай, байкалбай калыш үчүн же жөн эле саркеч кийим катары кийсе болорун айткан.

Кандай деп ойлойсуңар? Каракатица өң өзгөртүү өнөрүнө эволюциянын натыйжасында ээ болгонбу? Же ошондой жөндөм менен жаратылганбы?