Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БАКЫТТЫН ЖОЛУ

Сүйүү

Сүйүү

АДАМДАР СҮЙҮҮГӨ МУКТАЖ. Сүйүү болбосо, жубайлардын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, достордун мамилеси бекем болбойт. Ошондуктан эмоциялык жактан сак-саламатта болуп, бактылуу өмүр сүрүш үчүн сүйүү абдан зарыл. Бирок бул жерде сүйүүнүн кайсы түрү жөнүндө сөз жүрүүдө?

Махабат сезими абдан маанилүү болсо да, бул жерде ал жөнүндө эмес, сүйүүнүн эң жогорку түрү жөнүндө айтылып жатат. Андай сүйүү чын жүрөктөн башкалардын камын ойлоого, атүгүл алардын кызыкчылыгын өзүңдүкүнөн жогору коюуга түрткү берет. Ал Кудайдын принциптерине негизделет, ошол эле учурда жылуу сезимдер менен коштолот.

Ыйык Китепте сүйүү жөнүндө мындай сонун сөздөр жазылган: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт. Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт, чындыкка кубанат. Сүйүү баарын көтөрөт,.. баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт. Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Корунттуктар 13:4—8).

Ооба, мындай «сүйүү эч качан жок болбойт». Ал барган сайын күчтөнө берет. Чыдамкай, боорукер, кечиримдүү болгондуктан «ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колосалыктар 3:14). Ушундай сүйүүгө негизделген мамилелердин аркасында адамдар жеткилеңсиздигине карабай өздөрүн коопсуз, бактылуу сезе алышат. Мисалга нике түйүнүн алалы.

«БИРИМДИКТИН ЖЕТКИЛЕҢ ТҮЙҮНҮ»

Иса пайгамбар никеге байланыштуу маанилүү принциптерди айткан. Алсак, ал: «„Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“ ...Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Матай 19:5, 6). Бул аяттарда, жок эле дегенде, эки орчундуу принцип камтылган.

«ЭКӨӨ БИР ДЕНЕ БОЛОТ». Адамдардын ортосундагы мамилелердин ичинен эң өзгөчөсү — никеде тургандардын мамилеси. Сүйүү жубайларды бири-бирине ишенимсиздик кылуудан, тагыраак айтканда, башка бирөө менен «бир дене» болуудан сактайт (1 Корунттуктар 6:16; Еврейлер 13:4). Жубайынын көзүнө чөп салуу ортодогу ишеничти кетирип, нике түйүнүн ыдыратат. Балдары бар болсо, алардын жан дүйнөсү жараланышы, өздөрүн керексиз, коргоочусу жоктой сезиши же атүгүл ызакор болуп калышы мүмкүн.

«КУДАЙ КОШКОН». Нике ыйык түйүн болуп да эсептелет. Муну жакшы түшүнгөн жубайлар никесин бекемдегенге умтулушат. Кыйынчылыктар болгондо ажырашып кетүүнүн жолун издешпейт. Алардын сүйүүсү күчтүү, туруктуу келет. Андай сүйүү «баарын көтөрүп», ынтымакты жана тынчтыкты сактап калыш үчүн көйгөйдү чечүүгө жардам берет.

Жубайлар бири-бирин жан аябастык менен сүйсө, бул балдарына зор пайда алып келет. Жесика деген кыз мындай дейт: «Атам менен апам бири-бирин чындап сүйүшөт жана урматтап-сыйлашат. Апамдын атамды дайыма, өзгөчө, биздин көзүбүзчө сыйлаганын көргөндө мен да апамдай болгум келет».

Сүйүү — Кудайдын эң негизги сапаты. Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— делет (1 Жакан 4:8). Ошол себептен анын «бактылуу Кудай» деп аталганы да таң калыштуу эмес (1 Тиметей 1:11). Жаратканыбыздын сапаттарын, өзгөчө, сүйүүсүн чагылдырууга аракет кылсак, биз да бактылуу болобуз. Эфестиктер 5:1, 2де: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар... Силер да сүйүү жолунда жүргүлө»,— деп жазылган.