Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте нике тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте нике тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай башында эркек менен аялды жаратып, эң биринчи никени негиздеген. Кудай түптөгөн ошол түзүлүш жубайлар үчүн да, алардын келечекте төрөлө турган балдары үчүн да үй-бүлөнүн бекем пайдубалы болгон (Башталыш 1:27, 28; 2:18).

 Кудай жубайлардын бактылуу болушун каалайт (Накыл сөздөр 5:18). Ыйык Китепте никеге тиешелүү кеңештер жана анын бекем болушуна жардам берген принциптер камтылат.

Бул макалада:

 Кудай никеге карата кандай нормаларды бекиткен?

 Башында Кудай никени негиздегенде бир эркектин бир эле аялы болушун ниет кылган (Башталыш 2:24). Көп аял алуу, гомосексуализм жана нике кагазы жок эле чогуу жашоо Кудайдын көз алдында туура эмес (1 Корунттуктар 6:9; 1 Тесалоникалыктар 4:3). Иса пайгамбар жолдоочуларын Кудайдын никеге байланыштуу башында бекиткен мыйзамына карманууга үйрөткөн (Марк 10:6—8).

 Кудайдын көз алдында нике түбөлүктүү түйүн. Эркек менен аял баш кошкондо бири-бирине берилгендик сактаарын жана көзүнүн тирүүсүндө дайыма чогуу болорун айтып убада беришет. Кудай алардан ошол убадасын аткарышын күтөт (Марк 10:9).

 Бөлөк жашоо жана ажырашуу тууралуу эмне дешке болот?

 Кээде жубайлардын бири ата-энесине же башка жакын тууганына шашылыш жардам көрсөтүү керек болуп калып, ал жакка кетиши мүмкүн. Андайда жубайларга убактылуу бөлүнүүгө туура келет. Бирок Кудай жубайлардын ортодогу келишпестиктерден улам бөлөк жашашын туура көрбөйт. Андайда ал аларды жарашууга үндөйт (1 Корунттуктар 7:10).

 Ыйык Китепте айтылгандай, ажырашууга бир эле себеп бар. Ал — ойноштук (Матай 19:9). Эгер жубайлар ойноштуктан башка себеп менен ажырашууну же бөлөк жашоону чечишсе, Кудайдын Сөзүнө ылайык, экөөнүн тең башка бирөө менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөнгө же үй-бүлө курганга укугу жок (Матай 5:32; 1 Корунттуктар 7:11).

 Кудайдын көз алдында туура болушу үчүн, нике мыйзамдуу түрдө катталышы керекпи?

 Кудай кызматчыларынан никеге байланыштуу жергиликтүү мыйзамдарга баш ийишин күтөт (Тит 3:1). Жубайлар никесин мыйзамга ылайык каттатышса, өкмөттүн бийлигин да, Кудайдын никеге байланыштуу нормаларын да урматтаарын көрсөтүшөт a. Кудай никенин түбөлүктүү түйүн болушун каалайт.

 Ыйык Китепке ылайык, күйөө менен зайыптын кандай милдеттери бар?

  •   Түгөйлөр тең бөлүшкөн жоопкерчиликтер. Өмүрлүк жарлар бири-бирин сүйүшү жана урматташы керек (Эфестиктер 5:33). Алар бири-биринин жыныстык муктаждыктардын назиктик менен канааттандырышы керек жана ишенимсиздиктин бардык түрүнөн оолак болушу зарыл (1 Корунттуктар 7:3; Еврейлер 13:4). Эгер балдары бар болсо, аларды чогуу тарбиялап, жоопкерчиликти тең бөлүшүшү кажет (Накыл сөздөр 6:20).

     Ыйык Китепте түгөйлөрдүн кимиси иштеп, кимиси үйдө отурары жана үйдөгү тириликти кантип бөлүштүрөрү майда-чүйдөсүнө чейин айтылган эмес. Алар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, кандай кылса жакшы болорун чогуу чечиши абзел.

  •  Күйөөнүн ролу. Ыйык Китепте: «Күйөө — аялынын башчысы»,— делет (Эфестиктер 5:23). Ал үй-бүлөсүн башкарып, аялы менен балдарына жакшы болгудай чечимдерди чыгарат. Күйөө — мына ушундай мааниде башчы.

     Үй-бүлө башчысы үйүндөгүлөрүнүн ден соолугу чың болушуна, бактылуу болушуна жана Кудай менен ынак болушуна кам көрүүгө тийиш (1 Тиметей 5:8). Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей, чечим чыгарарда күйөөсү аялынын оюн угуп, сезимдерин эске алганы маанилүү. Ошондо ал аялынын адамдык касиетин, шык-жөндөмүн баалаарын көрсөтөт (Накыл сөздөр 31:11, 28). Кудайдын Сөзүндө күйөө өз милдеттерин назиктик менен аткарышы керектиги жазылган (Колосалыктар 3:19).

  •  Зайыптын ролу. Ыйык Китепте «аял... күйөөсүн терең урматташы» керектиги айтылат (Эфестиктер 5:33). Эгер зайыптар Кудайдын күйөөлөргө ыйгарган ролун терең урматташса, бул Кудайга жагат.

     Аялдын ролу өз ичине жолдошуна жардам берүүнү, ага туура чечим чыгарганга көмөк көрсөтүүнү жана аны башчы катары колдоону камтыйт (Башталыш 2:18). Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, никедеги маанилүү ролун жакшы аткарган зайып мактоого татыктуу (Накыл сөздөр 31:10).

 Кудай бүгүнкү күндө жубайлардан балалуу болууну талап кылабы?

 Жок. Байыркы мезгилде Кудай кызматчыларынын айрымдарына балалуу болууну буйруган (Башталыш 1:28; 9:1). Бирок бул буйрук Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына тиешелүү эмес. Иса Машаяк эч качан жолдоочуларына балалуу болууну буйруган эмес. Анын алгачкы жолдоочуларынын бири да жубайлар сөзсүз балалуу болуш керек деп айткан эмес. Түгөйлөр балалуу болобу, жокпу, өздөрү чечишет.

 Ыйык Китептен никеме жардам бере турган кандай кеңештерди таба алам?

 Ыйык Китепте жаңы баш кошкон жубайларга коломто отун өчүрбөгөнгө жардам берген жакшы кеңештер бар. Ал кеңештер аларга турмуштагы түмөн түйшүктү көтөргөнгө, атүгүл алардан кыя өткөнгө көмөк көрсөтөт.

 Ыйык Китептеги баалуу кеңештер өмүрлүк жарларга төмөнкүлөрдү кылганга жардам берет:

a Жергиликтүү салтка же маданиятка ылайык үйлөнүү жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин билиш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2006-жылдын 1-ноябрындагы санынын 10-бетиндеги 12-абзацты карагыла.