Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАКШЫ АДАТТЫ КАНТИП ӨРЧҮТСӨ БОЛОТ?

3. Багынбагыла

3. Багынбагыла

Бир адис 21 күндө жаңы адатты өрчүтүп, калыптоо мүмкүн экенин айткан. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, кайсы бир адатты өрчүтүүгө айрымдарга мындан азыраак, башкаларга көбүрөөк убакыт талап кылынат. Анда ындыныңарды өчүрүшүңөр керекпи?

Мындай жагдайды элестетип көрсөңөр. Жумасына үч жолу көнүгүү жасоону чечтиңер дейли.

  • 1-жумада максатыңарга жеттиңер.

  • 2-жумада бир күн кылбай калдыңар.

  • 3-жумада үч күн тең кылдыңар.

  • 4-жумада бир эле жолу жасадыңар.

  • 5-жумада кайрадан максатыңарга жеттиңер. Ошондон тартып жума сайын кылып келатасыңар.

Ошентип, жаңы адатты бекем калыптоого 5 жума кетти. Кайсы бир адатты өрчүтүү көп убакытты талап кылгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок максатыңарга жеткенден кийин башкасына аракет кыла баштайсыңар.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат» (Накыл сөздөр 24:16).

Ыйык Китепте эч багынбашыбыз керектиги айтылат. Негизгиси, канча жолу «жыгылганыбыз» эмес, канча жолу «турганыбыз».

Негизгиси, канча жолу «жыгылганыбыз» эмес, канча жолу «турганыбыз»

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Бир жолу кыла албай калсаңар эле, колуман келбейт деген бүтүм чыгарбагыла. Максатыңарга умтулуп жатканда кыла албай калган учурлар да болорун унутпагыла.

  • Кылган ийгилигиңерге көңүл топтогула. Мисалы, балдарыңар менен болгон мамилеңерди жакшыртайын деп жатасыңар дейли. Анда: «Балдарыма ачууланып, кыйкырып салгым келсе да, сабыр кылган учурум акыркы жолу качан болду эле? Ошондо эмне кылдым эле? Канча жолу ошондой болду эле?» — деп ойлонуп көргүлө. Бул суроолор кыла албай калган нерселериңерге эмес, ийгиликтериңерге көңүл топтогонго жардам берет.

Сарсанаадан арылганга, үй-бүлөнүн бактылуу болушуна, чындап бактылуу болууга жана башка ушу сыяктуу нерселерге Ыйык Китептеги кеңештер кандайча жардам берерин билгиңер келеби? Билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылсаңар же jw.org/ky сайтына кирсеңер болот.