Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Өзгөрүлгөн жагдайга ылайыкташуу

Өзгөрүлгөн жагдайга ылайыкташуу

КӨЙГӨЙ

  • Атаңдын жумушуна байланыштуу башка жакка көчкөнү жатасыңар.

  • Жакшы досторуң башка жакка көчүп кеткени жатат.

  • Улуу эжең же агаң турмуш куруп, бөлүнгөнү жатат.

Ушу сыяктуу жагдайларга туш болсоң, сен эмне кылат элең?

Шамал болгондо ыргалып турган дарак катуу шамалда кулап калбайт. Көп же таптакыр эле өзгөртө албаган жагдайга кабылганыңда сен да, ошол даракка окшоп, ийкемдүү болуп жагдайга ылайыкташууга үйрөнө аласың. Канткенде ушундай кыла аларыңды сөз кылардан мурун айрым нерселерге токтололу.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Жагдай сөзсүз өзгөрөт. Ыйык Китепте баарынын «күтүлбөгөн жагдайга» туш болору айтылат (Насаатчы 9:11). Эртеби-кечпи, сенин да жашооңдо айрым нерселер өзгөрүшү мүмкүн. Албетте, күтүлбөгөн жагдайлардын баары сөзсүз жаман деп айткыбыз келбейт. Кээде алгач жаман деп ойлогон нерсе жакшы болуп калышы мүмкүн. Кандай болбосун, көптөр жагдайы жакшы жакка болобу, жаман жакка болобу, өзгөргөндө андан пайда алышат.

Жашоосунда айрым нерселердин өзгөргөнү өспүрүмдөр үчүн оор болот. Эмне үчүн? «Өспүрүм кезде ансыз да жан дүйнөң өзгөрүп, кыйналып турган болосуң,— дейт Алекс аттуу жигит *.— Анан жагдайың да өзгөрсө, ого бетер кыйналасың».

Мунун дагы бир себеби, мисалы, чоң киши жашоосунда айрым нерселер өзгөргөндө, мурун ушу сыяктуу жагдайда эмне кылганын эстеш үчүн башынан өткөн нерселерди ойлойт. Бирок чоң кишилерге салыштырмалуу жаштардын тажрыйбасы аз.

Ылайыкташууга үйрөнө аласың. Ылайыкташа билүү кыйынчылыкка кабылганда же жагдай өзгөргөндө кыйынчылыкты көтөрүүгө жардам берет. Ийкемдүү адам жаңы жагдай-шартка чыдап эле койбостон, оор көрүнгөндөй нерсеге да тике карап, анын пайдалуу жагын көрө алат. Жагдайга ылайыкташа билген өспүрүмдөр аябай кыйналган учурда да баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен алыс болот.

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Моюн сун. Албетте, жашоодо баары сен каалагандай болушун каалайсың, бирок бул мүмкүн эмес. Мисалы, досторуң башка жакка көчүп кетиши же үй-бүлө курушу, бир туугандарың чоңоюп, өзүнчө жашаганы бөлүнүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле шартка байланыштуу үй-бүлөң башка жакка көчүш керек болгондуктан, досторуңду, көнгөн нерселериңди таштоого туура келиши ыктымал. Андайда терс сезимге чулганып, кайгыра бергендин ордуна, моюн сунганың туура болот. (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 7:10.)

Алдыга көңүл топто. Артта калган нерселерди эле ойлой берүү чоң жолдо машинени артты көрсөткөн күзгүнү карап алып айдаганга окшош. Аны кээде-кээде карап туруу жакшы, бирок алдыдагы жолду карап айдоо зарыл. Өзгөргөн жагдайга ылайыкташуу тууралуу да ушуну айтууга болот. Андыктан өткөн нерсеге эмес, алдыга көңүл топтогонго аракет кыл (Накыл сөздөр 4:25). Мисалы, кийинки айда же кийинки 6 айда кандай максатка жеткиң келерине көңүл топто.

Жакшы жагына көңүл топто. «Маанайыңды өзгөртө билгениң маанилүү,— дейт Лора деген кыз.— Сен туш болгон жагдайдын жакшы жактарын тап». Жаңы жагдай-шартыңдын, жок дегенде, бир жакшы жагын айта аласыңбы? (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 6:9.)

Виктория өспүрүм кезинде досторунун баары көчүп кеткен учурун эскерип, мындай дейт: «Ошондо аябай жалгызсырагам. Баары мурдагыдай болсо жакшы болмок деп ойлоно берчүмүн. Бирок ошол кезде чоңоюп, кадимкидей эс тарта түшкөм. Өсүп-жетилиш үчүн айрым нерселердин өзгөрүп турганы жакшы экен. Тегерегимдегилерге байкоо салып, жаңы досторду тапса болорун түшүндүм». (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 27:10.)

Артта калган нерселерди эле ойлой берүү чоң жолдо машинени артты көрсөткөн күзгүнү карап алып айдаганга окшош

Башкаларга жакшылык кыл. Ыйык Китепте: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деп жазылган (Филипиликтер 2:4). Башкаларга жакшылык кылуу жаңы шартка көнүп кетишиңе зор таасир этет. 17 жаштагы Анна: «Бир аз чоңойгонумда меникиндей же меникинен оор жагдайга туш болгондорго кантип жардам берсем болорун түшүндүм. Ошондой кылгандарымдын акыбети кайтты!» — дейт.

^ 11-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.