Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Бейиш

Бейиш

Бейиш деген эмне?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрымдар Бейиш болгон эмес, ал ойдон чыгарылган дешет. Башкалары болсо жакшы адамдардын Бейиште түбөлүк бактылуу жашап, жагымдуу иштер менен алек болору жөнүндө айтылгандар куру кыял деген ойдо.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте «бейиш» деген сөз Адам ата менен Обо эне жашаган Эйден багына карата айтылат (Башталыш 2:7—15). Ошондой эле Бейиштин чынында эле болгону жана ал жерде Адам ата менен Обо эненин оорубай, өлбөй жашаганы жазылат (Башталыш 1:27, 28). Алар Кудайга баш ийбегендиктен, Бейиштен чыгарылышкан. Бирок Ыйык Китепте жакында жер бети бейишке айланары жана адамдардын түбөлүк ырахаттанып жашай турганы жазылган.

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Кудай мээримдүү болгондуктан, жер бети Эйдендеги бактай болуп кооз бейишке айланганда, ишенимдүү кызматчыларына түбөлүк өмүр берет. Ал анын ырайымына ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керектигин жаздырып койгон. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө билим алып, анын осуяттарын аткаргандардын Кудайдын ырайымына ээ болору айтылат (Жакан 17:3; 1 Жакан 5:3).

«Жахаба Кудай... Эйденге, бак отургузуп, өзү жараткан адамды ошол жерге жайгаштырды» (Башталыш 2:8).

 Бейиш каякта?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрымдар Бейиш асманда деп айтышат. Дагы бирөөлөр Бейиш жакында жер бетинде болот дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Бейиштин жер бетинде болгону айтылат. Кудай жерди адамдар түбөлүк жашашы үчүн жараткан. Ыйык Китепте Кудайдын жерди түбөлүктөн түбөлүккө козголбогудай кылып орноткону айтылат (Забур 104:5). Ошондой эле анда: «Асман Жахабага таандык, жерди болсо ал адам баласына берген»,— деп жазылат (Забур 115:16).

Мына ушул себептен Ыйык Китепте Бейиштин жер бетинде болору айтылганы таң калыштуу эмес. Бейиште Кудай адамдарга түбөлүк өмүр берет. Жерде тынчтык, биримдик өкүм сүрөт. Оору, азап-кайгы таптакыр болбойт. Адамдар Кудайдын колунан бүткөн нерселерден ырахат алып жашашат (Ышая 65:21—23).

«Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот... Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»

(Аян 21:3, 4).

Бейиште кимдер жашайт?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көп диндерде Бейиште жакшы адамдар гана жашаары айтылат. Бирок «жакшы» дегенге карата ар кимдин ою ар кандай. Айрымдар диний каада-салттарга кармануу, жаттап алган сөздөрдү кайталап тиленүү жетиштүү деп ойлошот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте «адил» адамдардын Бейиште жашай турганы айтылат. Бирок Кудай кимди адил деп эсептейт? Ал диний каада-салттарга кармангандарды эмес, ага жаккан иштерди кылгандарды адил деп эсептейт. Ыйык Китепте: «Жахабаны Жахабага тил алганга караганда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктар көбүрөөк кубандырмак беле? Тил алуу курмандыктан артык»,— делет (1 Шемуел 15:22). Демек, Бейиште түбөлүк жашай турган «адил» адамдарга Кудайдын осуяттарын аткаргандар кирет.

ЭМНЕ КЫЛЫШЫҢАР КЕРЕК?

Кудайдын осуяттарын аткаруу диний каада-салттарга кармануудан да көптү билдирет. Жакшы иш кылсак, Кудайдын жүрөгүн кубантабыз, ал эми жаман иш кылсак, анын ырайымынан айрылабыз. Ыйык Китепти изилдесеңер, Кудайдын жүрөгүн кубанта турган иштерди кылганга үйрөнөсүңөр. Кудайга жагуу кыйын эмес. Ыйык Китепте «анын осуяттарын аткаруу оор эмес» экени айтылат (1 Жакан 5:3). Кудай ага баш ийген адамдардын Бейиште түбөлүк жашашын каалайт.

«Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).