Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ПАОЛА КУОСИ

Биохимиктин дил маегинен

Биохимиктин дил маегинен

Паола Куоси 20 жылдан бери Италиядагы Ферарра университетинде молекулярдык биолог болуп эмгектенет. «Ойгонгула!» журналы Паола айымга илимий изилдөөлөрүнө, Кудайга болгон ишенимине байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

Атам өтүкчү болчу, апам фермада иштечү. Мен болсо окумуштуу болгум келчү. Үйүбүздүн жанындагы кооз гүлдөргө суктанып, чымчыктарга, курт-кумурскаларга кызыга берчүмүн. Анын баарын адамдардан акылдуу кимдир бирөө жаратса керек деп ойлочумун.

Демек, Кудайга ишенчү турбайсызбы?

Жок. Бала кезимде Кудайдын бар экенинен шек санай баштагам. Анткени атам жүрөгү кармап, каза болуп калган. Ошондо: «Сонун нерселерди жараткан Кудай эмне үчүн адамдардын азап тартышына, өлүшүнө жол берет?» — деп ойлондум.

Илимий изилдөөлөрүңүздөн сурооңузга жооп алдыңызбы?

Дароо жооп алган жокмун. Молекулярдык биолог болгондон кийин өлүмдү — денебиздеги клеткалардын өлүшүнүн табигый программасын — изилдей баштадым. Бул программа сезгенүүгө жана гангренага алып келген клеткалардын өлүшүнөн кыйла айырмаланат. Ден соолугубуз үчүн абдан маанилүү болгон бул процесске окумуштуулар мындан бир нече жыл мурун көп маани берчү эмес.

Клеткалардын өлүшүнүн табигый программасы кандай роль ойнойт?

Денебиз триллион микроскоптук клеткадан турат. Алардын дээрлик баары өлүп, кайра жаңырып турушу керек. Айрымдары жума сайын жаңырса, айрымдары жыл сайын жаңырат. Клеткалар жаңырганга чейин эле өлүп калбашы үчүн же, тескерисинче, өлбөй калбашы үчүн, денебиздеги клеткалардын өлүшүнүн табигый программасы кылдаттык менен жөнгө салынып турушу зарыл.

 Андай болбой калса, эмне болот?

Айрым изилдөөлөрдөн айкын болгондой, өлүшү керек болгон клеткалар өлбөй калса, адам ревматоиддик артритке чалдыгышы же рак болушу ыктымал. Ал эми клеткалар өлүшү керек болгон убагынан эрте өлүп калса, Альцгеймер оорусуна же Паркинсон оорусуна чалдыгышы мүмкүн. Мен ушул ооруларды кантип айыктырса болорун изилдейм.

Изилдөөнүн аркасында кандай жыйынтыкка келдиңиз?

Ачыгын айтсам, башым ого бетер маң болду. Бул процессти биздин чың ден соолукта болушубузду каалаган Бирөө жаратканына көзүм жетти. Бирок ошондон кийин деле: «Адамдар эмне үчүн азап чегип, өлөт?» — деген суроого жооп таба алган жокмун.

Бирок клеткалардын өлүшүнүн табигый программасынын жаратылганына ишенесиз да?

Ооба. Бул процесстин татаалдыгы таңыркатпай койбойт. Анын кылдаттык менен ойлонуштурулганы аны абдан даанышман Бирөө жаратканын көрсөтүп турат. Бул процесс чексиз акылман Кудайдын колунан бүткөнүнө ишенем. Учурда абдан кубаттуу микроскоптор менен бул процессти жөнгө салып турган татаал механизмдерди изилдеп жатам. Айрым механизмдер, зарыл болгон учурда, бир нече секунддун ичинде эле өлүү процессин ишке ашырат. Ушундайча клеткалар өзүн өзү өлтүрүү процессине катышышат. Бул процесстин ушунчалык чебердик менен ойлонуштурулуп, акылдуулук менен жөнгө салынганы чынында эле суктандырат.

Клеткалар жаңырып тургандыктан, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүн деп айтууга болот

Кудайга жана азап-кайгыга байланыштуу суроолоруңузга каяктан жооп алдыңыз?

1991-жылы Жахабанын Күбөлөрү үйүмө келип калышты. Алардан адамдардын эмне үчүн өлөрүн сурадым. Алар Ыйык Китептен: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген»,— деген сөздөрдү окуп беришти (Римдиктер 5:12). Эгер Адам ата Кудайга баш ийсе, түбөлүк жашамак экен. Бул тууралуу билгендерим изилдөөлөрүмдөн билгендериме шайкеш келерин түшүндүм. Ошондо мага Кудай адамдарды өлө тургандай кылып жаратпаганы айкын болду. Клеткалар жаңырып тургандыктан, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүн деп айтууга болот.

Ыйык Китепти Кудай жаздырганына эмнеден улам ынандыңыз?

Ыйык Китептен Кудай жөнүндө: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү,.. бири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган»,— деген сөздөрдү окудум (Забур 139:16). Мен клеткаларга жазылган генетикалык маалыматты изилдейм. Бул сөздөрдү жазган пайгамбар генетикалык маалымат жөнүндө, Кудай ачып бербесе, биле алмак эмес. Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билген сайын, аны Кудай жаздырганына ынана бердим.

Ыйык Китептен билим алганга сизге ким жардам берди?

Жахабанын Күбөлөрүнүн бири мага Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылды. Аны изилдеп жатып Кудайдын эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатканын түшүндүм. Ошондой эле «өлүмдү түбөлүккө жок кылууну» ниет кылганын билдим (Ышая 25:8). Денебиздеги кереметтүү процесстерди жараткан Кудайдын ошол процесстерди бизди түбөлүк жашагыдай кылып иштетип коюуга кудурети жетет.

Ыйык Китептен алган билимиңизди кантип колдоносуз?

Мен 1995-жылы Жахабанын Күбөсү болгом. Ошондон бери Ыйык Китептен билгендеримди башкаларга ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып айтканга аракет кылам. Бир кесиптешимдин иниси өз өмүрүн кыйгандыктан, ал күйүт тартып жүргөн. Ал барган чиркөөдө өзүн өлтүргөн адамды Кудай эч качан кечирбейт деп окутат экен. Мен ага Ыйык Китептен өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө окуп бердим (Жакан 5:28, 29). Кудайдын адамдарга кам көрөрүн билгенде ал кайраттанып, сооронуп калды. Ыйык Китептеги кабарды башкаларга айтуу мага илим тартуулай албаган кубаныч тартуулайт.