Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Талаптарыңар кандай болушу керек?

Талаптарыңар кандай болушу керек?

КӨЙГӨЙ

Өспүрүм балаңар: «Ата-энем өтө эле катуу кармайт»,— деп ойлойт, ал эми силер ушундай эле болуш керек деп эсептейсиңер. Катуу кармабасам, бир нерсеге кабылат деп коркосуңар.

Бирок силер акылга сыярлык эреже-талаптарды коё аласыңар. Ал үчүн балаңардын талаптарыңарга эмне үчүн баш ийбеши мүмкүн экенин түшүнүшүңөр керек.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Калп: Балдар өспүрүм куракка келгенде тил албай калат, аларды баш ийдире албай каласың.

Чындык: Ата-энелердин талаптары акылга сыярлык болсо жана алар эмне үчүн андай талап коюп жатканын түшүндүрүп беришсе, өспүрүм баласы баш ийгенге ийкемдүүрөөк болот.

Албетте, балдардын ээн баш болушуна көп нерсе себеп болушу мүмкүн, бирок ата-энелер өтө эле катуу боло берсе же талап коюуда балдарынын жашын эске албаса, алар ээн баш болуп калышы ыктымал. Келгиле, төмөнкүлөрдү карап көрөлү.

  • Өтө эле катуу болуу. Ата-эне кандайдыр бир эрежелерди бекитип, бирок себебин түшүндүрүп бербесе, баласына ата-энеси ага кам көрүп, аны коргоп жаткандай эмес, кишендеп койгондой сезилет. Ошондуктан ал ата-энеси кылба деген нерселерди аларга көрсөтпөй кыла бериши мүмкүн.

  • Жашын эске албоо. Кичинекей бала: «Эмне үчүн?»— деп сураса, ага: «Мен айткан үчүн»,— деп коюу жетиштүү, ал эми өспүрүм балага эмне үчүн экенин түшүндүрүп бериш керек. Анткени өспүрүм балаңар кийин өз алдынча жашай баштайт жана ага маанилүү чечимдерди чыгарганга туура келет. Ошондуктан ал кашыңарда жүргөндө ага акыл калчап, туура чечим чыгарганды үйрөткөнүңөр маанилүү.

Бирок балаңар койгон талаптарыңарды жактырбай, баш ийбей жатсачы?

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Өспүрүм балаңардын кеңешке муктаж экенин, атүгүл, ал силерге айтпаса да, кеңеш беришиңерди каалай турганын түшүнүшүңөр керек. Ошондуктан эрежелерди бекитип, аларды балаңарга жакшылап түшүндүрүп бергиле. Өспүрүмдөр жөнүндөгү бир китепте мындай деп жазылган: «Эгер өспүрүмдөргө так-айкын эрежелер берилсе жана ата-энелери алардын эркиндигин өтө эле чектебей, туура көзөмөлдөсө, алар кесепеттүү ишке барбайт» («Letting Go With Love and Confidence»). Бирок ата-энелер балдарын өз эркине коюп койсо, балдарына кам көрбөй турганын көрсөтөт. Балдардын ээн баш болушуна мына ушул себеп болот. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 29:15.)

Анда канткенде тең салмактуу боло аласыңар? Балаңарга үйдөгү эрежелерге карата оюн айтканга мүмкүнчүлүк бергиле. Мисалы, үйгө канчада келиши керектигине байланыштуу убакытты өзгөртүүнү суранып, эмне үчүн экенин айтып жатканда, кунт коюп уккула. Өспүрүм баласы оюн айтып жатканда, ата-энеси кунт коюп укса, ал аларды көбүрөөк сыйлайт жана ата-энесинин чечимине кошулбаган күндө да, баш ийгенге аракет кылат. (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 1:19.)

Бирок чечим чыгарарда өспүрүмдөрдүн тийиштүүдөн көбүрөөк эркиндикке ээ болгусу келерин, ал эми ата-энелердин көбүрөөк эркиндик бере алса да, азыраак эркиндик бергиси келерин эске алгыла. Ошондуктан өспүрүм балаңардын буга байланыштуу айткандарына олуттуу маани бергиле. «Ал жоопкерчиликтүү экенин далилдеди беле? Бул жагдайда макул болушум керекпи?» — деп ойлонуп көрсөңөр болот. Макул болчу жерден макул болгонго даяр болгула. (Ыйык Китептеги принцип: Башталыш 19:17—22.)

Өспүрүм балаңардын оюн кунт коюп укканыңар маанилүү, бирок ал да силердин тынчсызданарыңарды билгидей болушу керек. Ошондо ал өзүнүн эле каалоосун көздөбөй, башкалардын сезимдерин эске алганга үйрөнөт. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 10:24.)

Чечим чыгаргандан кийин эмне үчүн андай чечим чыгарганыңарды түшүндүрүп бергиле. Чыгарган чечимиңер ага жакпаган күндө да, ал аны кунт коюп угуп, оюн эске алганыңарга ыраазы болот. Өспүрүм балаңарды чоң кишидей иш кылганга үйрөтүп жатканыңарды унутпагыла. Акылга сыярлык эрежелерди бекитип, аларды балаңар менен чогуу талкууласаңар, аны жоопкерчиликтүү кылып чоңойто аласыңар. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 22:6.)