Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Өспүрүм балаңар ишеничтен чыгып калганда...

Өспүрүм балаңар ишеничтен чыгып калганда...

 Айрым өспүрүмдөр үйгө ата-энеси айткан убакыттан кеч келишет. Башкалары достору менен бир жакка барыш үчүн ата-энесин алдашат же үйдөн жашыруун чыгып кетишет. Эгер өспүрүм балаңар ишеничтен чыгып калса, эмне кылсаңар болот?

 Балам мага каршы чыгып жатабы?

 Сөзсүз деле андай эмес. Ыйык Китепте: «Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:15). Өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму көп учурда бул сөздөрдүн калетсиз экенин көрсөтөт. Лоуренс Стейнберг деген профессор: «Өспүрүм балдар шашып чечим чыгарышат, ойлонбой иш кылышат. Андыктан ката кетирери турган иш»,— деп жазган a.

 Өспүрүм балам чын эле мен ойлогондойбу?

 Балам атайын тилимди албай жатат деп жыйынтык чыгаруудан алыс болгула. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өспүрүмдөр, сыртынан билгизбесе да, ата-энесинин алар жөнүндө кандай ойдо экенине чоң маани беришет. Андыктан өспүрүм балаңар бир нерсени туура эмес кылып алганда же силерди капа кылганда, силерге көрсөтпөсө да, ичинен аябай жаман болушу мүмкүн b.

Сынган бут айыккандан кийин кайрадан калыбына келет. Ишеничтен чыгып калуу жөнүндө да ушуну айтууга болот

 Ким күнөөлүү?

  •   Чөйрөсүбү? Ыйык Китепте: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп жазылат (1 Корунттуктар 15:33). Ооба, өспүрүмдөргө достору күчтүү таасир этет. Ошондой эле социалдык тармактар, жарнамалар да таасирин тийгизбей койбойт. Мындан тышкары, алардын туура эмес чечим чыгарышына турмуштук тажрыйбасынын жоктугу себеп болот. Анткен менен алар чыгарган чечими үчүн жооп берүүгө үйрөнсө, жоопкерчиликтүү адам болуп чоңоюшат.

  •   Өзүм күнөөлүүмүнбү? Балким, силер: «Баламдын туура эмес иш кылышына аны өтө катуу кармаганым себеп болуп жаткан жокпу?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Же кээде: «Өтө эле бош кармап, эркине коюп койгон жокмунбу?» — деп бушайман болоттурсуңар. Бирок көйгөйгө өзүңөрдүн канчалык себепкер экениңерге көңүл топтой бербей, кыйынчылыкты чечиш үчүн азыр эмне кылсаңар болорун ойлогула.

 Кайрадан ишеничиме кире алышы үчүн, балама кантип жардам бере алам?

  •   Дароо эле ачууланып кирбегиле. Өспүрүм балаңар туура эмес иш кылганда силердин ачууланып кирериңерди жакшы билери шексиз. Балким, андай жагдайда башкача кылып көрөттүрсүңөр. Анын ошенткенине эмне себеп болгонун жай отуруп сүйлөшкүлө. Буга бир нерсеге өтө эле кызыга бергени, кайсы бир нерседен тажаганы, жалгызсыраганы, досторунун жоктугу себеп болдубу? Албетте, мындай нерселер анын жаман ишин актабайт. Ошентсе да эмнеден улам ошондой ишти кылганын жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19).

  •   Болгон ишти таразалоого көмөк кылгыла. Балаңардан: «Мындан кандай сабак алдың? Кийинки жолу ушундай жагдайга кабылганда эмнени башкача кылат элең?» — деп сурап көргүлө. Ушул сыяктуу суроолор ага ойлонуп иш кылууга жардам берет.

     Ыйык Китептеги принцип: «Окутуу чеберчилигин колдонуп, чыдамкайлык менен ашкереле, эскерт, үндө» (2 Тиметей 4:2).

  •   Кылган ишинин кесепети болорун түшүнүүгө жардам бергиле. Өспүрүм балаңар туура эмес иш кылганда, кылган ишине жараша жазалагыла. Мисалы, ал телефонду өтө көп колдонуп, сабагын жазбай же маанилүү үй иштерин кылбай, ишеничиңерден чыгып калса, кайсы бир убакытка чейин телефон колдонууга чек коюп коёттурсуңар.

     Ыйык Китептеги принцип: «Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7).

  •   Кайрадан ишеничиңерге кире аларына көңүл топтогула. Албетте, балаңар ишеничиңерге кириши үчүн, убакыт талап кылынат. Кандай болбосун, ал убакыттын өтүшү менен силердин ага кайрадан ишеним арта баштай турганыңарды билиши керек. Мындайча айтканда, үмүтү үзүлүп калбагыдай болушу зарыл. Эгер өспүрүм балаңар ата-энемдин ишеничине эч качан кире албайм деп ойлосо, такыр аракет кылбай, багынып калышы мүмкүн.

     Ыйык Китептеги принцип: «Балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Колосалыктар 3:21).

a «Силер жана өспүрүм балаңар» («You and Your Adolescent») деген китептен алынды.

b Бул макалада эркек балдар жөнүндө сөз жүрсө да, талкууланган кеңештерди өспүрүм кыздарга карата да колдонууга болот.