Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Коркутуп сүйлөбөй коюу туурабы?

Коркутуп сүйлөбөй коюу туурабы?

КӨЙГӨЙ

Бир-бирине: «Сени дайыма сүйүп, кадырлап-сыйлайм»,— деп убада берген жубайлар кантип бир нече саат, ал тургай бир нече күн бири-бирин коркутуп сүйлөшпөй коюшат? Алар: «Иши кылып урушпасак болду да»,— деп ойлошу мүмкүн. Бирок ошентсе эле алардын көйгөйү чечилбейт, тескерисинче, экөө тең ичинен жаман болуп, бушайман боло беришет.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Өч алууну каалоо. Айрым жубайлар жарынан өч алгысы келгендиктен ага сүйлөбөй коюшат. Мисалы, күйөөсү аялы менен кеңешпей эле досторун үйүнө чакырып койду дейли. Аялы муну укканда күйөөсүнө ачуусу менен бир тиет. Күйөөсү да аялына ороңдоп жиберет. Аялы ого бетер кыжырдангандыктан: «Сен мага кандай кылсаң, мен да сага ошондой кылам»,— дегенсип күйөөсүнө сүйлөбөй коёт.

Көздөгөнүнө жетүүнү каалоо. Айрымдар көздөгөнүнө жетиш үчүн да жарына сүйлөбөй жүрө беришет. Бир мисал алып көрөлү. Күйөөсү менен аялы досторунукуна конокко баруу жөнүндө сүйлөшүшөт. Бирок аялы ошол күнү ата-энесиникине баргысы келерин айтат. Күйөөсү: «Ата-энеңдикине барбайбыз, бая күнү эле барбадык беле!» — деп каршы болот. Анан аялы анын айтканына макул болмоюнча, коркутуп сүйлөбөй жүрө берет.

Албетте, уруш күчөп баратса, ачуусу тараганча, жубайлардын унчукпай калганы жакшы. Ушундай жагдайда унчукпай калуу туура. Сулайман пайгамбар: «Унчукпай турган убак бар»,— деп айткан (Насаатчы 3:7). Бирок жубайлардын өч алыш үчүн же көздөгөнүнө жетиш үчүн бири-бирине сүйлөбөй койгону көйгөйдү ого бетер ырбаткандан тышкары, ортодогу сый-урматты кетирет. Анда көйгөйдү кантип чечсе болот?

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Биринчи кезекте сүйлөбөй койсоңор эле көйгөй чечилип калбай турганын түшүнүшүңөр керек. Ырас, сүйлөбөй коюп, жубайыңардан өч алышыңар же көздөгөнүңөргө жетишиңер мүмкүн. Бирок өмүр бою сүйөм деп убада берген жарыңарга ушундай мамиле кылгыңар келет беле? Төмөндө эң сонун кеңештер берилет.

Түшүнө билүү. Ыйык Китепте: «Сүйүү... кыжырданбайт»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 13:4, 5). Жубайыңар «Менин сөзүмдү эч качан укпайсың!» же «Качан болбосун кечигип басып жүрөсүң!» деген сыяктуу сөздөрдү айтканда, ачууга алдырбагыла. Анын эмне үчүн ошентип айтканын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Мисал үчүн, жубайыңар: «Менин сөзүмдү эч качан укпайсың!» — деп айтканда, чынында: «Сен үчүн менин оюм анча деле маанилүү эмес окшойт»,— деп айткысы келип жаткандыр. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 14:29.)

Жубайыңарды атаандашыңардай эмес, шеригиңердей көргүлө

Акырын сүйлөгүлө. Талашып-тартыша берсе, чоң жаңжал чыгып кетиши ыктымал. Анда уруш күчөп кетпеши үчүн эмне кылса болот? Нике жөнүндө жазылган бир китепте мындай делет: «Урушту күчөтпөй, токтотуунун эң жакшы жолу — акырыныраак сүйлөп, жарыңардын айтайын дегенин түшүнгөнгө аракет кылуу. Көбүнчө ушул эле жетиштүү болот» («Fighting for Your Marriage»). (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 26:20.)

Өзүңөрдү эле ойлобогула. Ыйык Китепте: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— деген жакшы кеңеш айтылат (1 Корунттуктар 10:24). Эгер жубайыңарды атаандашыңардай эмес, шеригиңердей көрсөңөр, көп таарынбайсыңар, талашып-тартышпайсыңар жана коркутуп сүйлөбөй жүрө бербейсиңер. (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 7:9.)

Жубайлардын бири-бирине таарынып, сүйлөбөй жүрө бергени Ыйык Китептеги: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— деген кеңешке ылайык иш кылбагандыкка жатат (Эфестиктер 5:33). Жубайыңар менен: «Кандай жагдай болбосун, бири-бирибизди коркутуп жүрө бербейбиз»,— деп макулдашып алсаңар болот.