Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: КЕРЕГИ БАРЫН ДЕЛЕ, КЕРЕГИ ЖОГУН ДЕЛЕ АЛЫП ЖАТКАН ЖОКПУЗБУ?

Эмне үчүн сатып алабыз?

Эмне үчүн сатып алабыз?

2012-жылы дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын жарымы кереги жок нерселерди деле сатып ала беришерин айтышкан. Ал эми үчтөн эки бөлүгү адамдардын аябай көп нерсе сатып алып жатканы тынчсыздандырарын билдиришкен. Бул бекеринен эмес. Анткени адамдардын көбү бир нерсе сатып алыш үчүн карызга белчесинен батууда. Изилдөөчүлөр көптөгөн нерселерге ээ болгусу келгендердин эч качан канааттанбай турганын, тескерисинче, стресске кабыларын, өздөрүн бактысыз сезерин айтышат. Анда эмне үчүн аябай көп нерсе сатып алабыз?

КАРДАРЛАР жарнамаларды жамгырдай жаадырган соода-сатык тармагындагылардын таасирине алдырып коюшат. Соода-сатык тармагындагылар эмнени көздөшөт? Алар адам каалаган нерсени зарыл нерседей кылып көрсөтүүнү көздөшөт. Соода-сатык тармагындагылар кардарлардын көбүнчө сезимге жетеленип иш кыларын жакшы билишет. Ошондуктан жарнамаларды бүйүрдү кызыта тургандай кылып даярдашат, ошондой эле сатылып жаткан нерсени сезимди ойгото тургандай кылып көрсөтүүгө аракет кылышат.

«Адамдар эмне үчүн кереги жок нерселерди деле сатып ала беришет?» деген китепте: «Киши бир нерсе сатып алууну ойлонуштуруп жатканда ошол нерсени издеп-таап, сатып алганын элестетип-кыялданат»,— делет. Айрым адистердин айтымында, дүкөндөрдү кыдырып жүргөндө, адреналин гормону бөлүнүп чыккандыктан, адам толкунданат. Соода-сатык боюнча адис Жим Пулер мындай дейт: «Сатуучу адамдын сезимге алдырып иш кыла тургандай болуп турганын байкаса, ошондон пайдаланып, товарын өткөрүүнү көздөшү мүмкүн» («Why People Buy Things They Don’t Need»).

Амалкөйлүк менен иш кылган соода-сатык тармагындагыларга алданбаш үчүн эмне кылса болот? Сезимге алдырбай, алардын айткандарынын чын-төгүнүн текшерип көрүү маанилүү.

 ЖАРНАМА: «Жашооңду жакшырт».

Жашоо-шартты жакшыртууну каалаганыбыз — табигый эле нерсе. Кайсы бир нерсени жарнамалагандар самаган нерселерибизге жетиш үчүн, алсак, чың ден соолукта болуш үчүн, коопсуз жашаш үчүн, стресстен арылыш үчүн, башкалар менен жакшы мамиледе болуш үчүн ошол нерсени сатып алуу керектигин айтышат.

ЧЫНЫНДА КАНДАЙ?

Дүнүйө-мүлкүбүз көбөйгөндө, жашоо-шартыбыз жакшырмак турсун, түйшүгүбүз көбөйөт. Мүлкүбүз канчалык көп болсо, аларга ошончолук көп убактыбыз, акча-каражатыбыз жумшалат. Андан тышкары, карызга батып, сары санаа болобуз, үй-бүлөбүзгө, досторубузга убакыт бөлө албай калабыз.

Дүнүйө-мүлкүбүз көбөйгөндө, жашоо-шартыбыз жакшырмак турсун, түйшүгүбүз көбөйөт

Принцип: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт» (Лука 12:15).

ЖАРНАМА: «Баркыңды көтөр».

Бир нерселерди башкаларды таасирлентиш үчүн эле сатып аларын моюнга алгандар аз. Жим Пулер: «Адамдар кайсы бир нерсени көбүнчө досторуна, кошуналарына, чогуу иштешкендерине же туугандарына атаандашкандыктан сатып алышат»,— дейт. Ошол себептен жарнамаларда ал буюмдарды ийгиликке жеткен, колунда бар адамдардын колдонуп жатканы көрсөтүлөт. Андай жарнамаларда: «Сен да бай болуп, ийгиликке жетесиң!» — дегендей ой камтылат.

ЧЫНЫНДА КАНДАЙ?

Өзүн башкаларга салыштырып кадыр-баркын көтөргөн кишинин каалоосу эч качан канааттандырылбайт. Алар көздөгөнүнө жеткенде кайра эле башка нерсени сатып алууну самай башташат.

Принцип: «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт» (Насаатчы 5:10).

ЖАРНАМА: «Кандай экениңди айгинеле».

Бир китепте: «Кандай буюм-тайымдарды колдонгонуңан жана эмнелерге ээ болгонуңан ким экениң (же ким болгуң келери) көрүнөт деген көз караш кеңири тараган»,— делет («Shiny Objects»). Соода-сатык тармагындагылар ушуну билгендиктен кайсы бир фирманын соода маркасын, өзгөчө, кымбат марканы кандайдыр бир жашоо мүнөзү жана баалуулуктар менен байланыштырышат.

Өзүңөрдү кандай адам катары эсептейсиңер жана башкалардын силерди кандай адам катары эсептешин каалайсыңар? Акыркы мода боюнча кийинген адам катарыбы? Спорт менен машыккан адам катарыбы? Соода-сатык тармагындагылар кыялыңдагыдай адам болушуң үчүн соода маркасын туура тандашың керек деп айтышат.

ЧЫНЫНДА КАНДАЙ?

Сатып алган нерсе бизди өзгөртүп жибербейт же чынчылдык, ишенимдүүлүк сыяктуу сапаттарды өрчүткөнгө жардам бербейт.

Принцип: «Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер: ... алтын жасалгалар же кымбат кийимдер эмес, жүрөктүн түпкүрүндө катылган... жасалга... болсун» (1 Петир 3:3, 4).