Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | СЕЛИН ГРАНОЛЕРАС

Бөйрөк боюнча адистин маегинен

Бөйрөк боюнча адистин маегинен

Францияда жашаган Селин Гранолерас — бөйрөк оорулары боюнча адис. Ал доктур болгонунан 20 жыл өткөндөн кийин, камкор Жараткан бар деген жыйынтыкка келген. «Ойгонгула!» журналы ага жумушуна жана Кудайга болгон ишенимине байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Бала чагыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

9 жашымда Испаниядан Францияга көчүп барганбыз. Ата-энем католик болчу, бирок мен 16 жашымда Кудайга ишенбей калгам. Диндин жашоого пайдасы тийбейт деп ойлочумун. «Кудай жок болсо, баары кантип жаралган?» — деп сурагандарга, мен: «Окумуштуулар азырынча буга жооп таба элек, бирок жооп таап, түшүндүрүп бере турган күн келет»,— дечүмүн.

Эмне үчүн бөйрөк ооруларын изилдөөнү чечтиңиз?

Мен Франциянын Монпелье шаарындагы медициналык окуу жайда окугам. Ошол окуу жайдагы бир профессор медицинанын бөйрөк ооруларын изилдеген бир тармагында иштөөнү сунуш кылды. Ал ишке изилдөө жүргүзүү, бейтаптарга кам көрүү кирмек. Мен ошондой жумушта иштегим келчү. 1990-жылы сөөктөрдөгү эритроциттердин (кандын кызыл клеткаларынын) бөлүнүп чыгышын жөнгө салыш үчүн жасалма жол менен алынган эритропоэтинди (ЭПО) колдонууга байланыштуу илимий изилдөөгө катыша баштадым. Ошол кезде ал жаңыдан изилдене баштаган.

Эмнеден улам Кудай жөнүндө ойлоно баштадыңыз?

1979-жылы жолдошум Флореал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Динден бала кезимде эле тажап калгандыктан кызыккан жокмун. Жолдошум, уул-кызым,  кийин досторубуздун дээрлик баары Жахабанын Күбөсү болушту. Бир жолу Патрисия деген курдашым: «Тиленип көрбөйсүңбү, асманда эч ким жок болсо, эч нерсең деле коробойт. Бар болсо, эмне болорун көрөсүң да»,— деди. Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин, жашоонун маңызы тууралуу ойлоно баштадым. Патрисиянын айткандарын эстеп, тиленип жүрдүм.

Эмне үчүн жашоонун маңызы жөнүндө ойлоно баштадыңыз?

Нью-Йорктогу Эл аралык соода борборуна террордук чабуул жасалгандан тартып, жамандык көбөйүп баратканы жөнүндө ойлоно баштадым. «Диний эсктремизм келечекке коркунуч туудурууда. Ал эми Жахабанын Күбөлөрү экстремист эмес, алар тынчтыкты сүйүшөт, Ыйык Китепте жазылгандарга карманышат. Мен да Ыйык Китепти окуп көрсөмбү?» — деп ойлондум. Ошентип, аны өз алдымча окуганга кириштим.

Жаратканга ишенүү кыйын болдубу?

Жок. Организмибиздин түзүлүшүнө дайыма суктанчумун. Мисалы, бөйрөктүн эритроциттердин жетиштүү болушун жөнгө салып турганы таңдандырбай койбойт.

Ошол жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.

Ушундай... системаны Кудай гана жаратышы мүмкүн экенин... түшүндүм

Эритроциттердин кычкылтек ташый турганын билет чыгарсыңар. Кан көп кеткенде же бийик жерге чыкканда, организмге кычкылтек жакшы жетпей калат. Бөйрөктө кычкылтек сезгичтер бар. Канда кычкылтек жетишпей калганда, ошол сезгичтер ЭПОнун бөлүнүп чыгышын тездетет. Натыйжада канда ЭПОнун деңгээли миң эсеге көтөрүлөт. ЭПО сөөк чучугунун эритроциттерди көп бөлүп чыгарышына шарт түзөт. Ошонун аркасында организмге көбүрөөк кычкылтек жете баштайт. Муну чынында эле керемет десе болот. Ушундай сонуркаткан системаны Кудай гана жаратышы мүмкүн экенин он жыл изилдөө жүргүзгөндөн кийин гана түшүндүм.

Ыйык Китептен өзгөчө эмне жакты?

Мен тарыхый, адабий китептерди көп окугам. Бирок Ыйык Китепти окуганымда анын кыйла айырмаланарын түшүндүм. Андагы даанышман кеңештердин адамдыкы эмес, баарынан жогору турган бирөөнүкү экенине көзүм жетти. Өзгөчө, Иса Машаяктын сапаттары жүрөгүмдү козгоду. Анын ойдон чыгарылган каарман эмес экенине, чынында эле жашаганына ынандым. Анын да биздикиндей сезими, жакын достору болуптур. Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын изилдегим келбегендиктен, суроолор болгондо, энциклопедияларды, башка китептерди изилдечүмүн.

Эмнелерди изилдедиңиз?

Тарых китептерин изилдеп... Ыйык Китепте айтылгандардын өз убагында аткарылганына... ынандым

Ыйык Китептеги көп нерселерге, анын ичинде Иса Машаяктын чөмүлүшү жөнүндө алдын ала айтылгандарга кызыгып калдым. Анда Персиянын падышасы Артакшаштанын (Артаксеркс) бийлигинин 20-жылынан тартып Исанын Машаяк болгонуна чейин канча убакыт өтүшү керектиги так айтылыптыр *. Изилдөө жүргүзүп көнүп калгандыктан Артакшашта бийлик кылган жана Иса Машаяк кызмат кылган жылдарды такташ үчүн тарых китептерин изилдеп чыктым. Акыры, Ыйык Китепте айтылгандардын өз убагында аткарылганына, аны Кудай жаздырганына ынандым.

^ абз. 19 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 197—199-беттерин карагыла.