Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДИЛ МАЕК | ГИН ХВАНГ

Математик менен курулган маек

Математик менен курулган маек

1950-жылы Тайвандын Тайнянь шаарында төрөлгөн Гин Хванг учурда Ченг Чанг атындагы Тайван улуттук университетинде математика илиминин профессору наамына ээ. Ошондой эле ал — АКШдагы Корнелл университетинин эмгек сиңирген профессору. Ал жакта ал статистика жана ыктымалдык теориясы боюнча сабак берип, изилдөөлөрдү жүргүзчү. Андан сырткары, ал — макалалары бир нече жыл бою жалпыга эң көп таанымал болгон статистика боюнча адистердин бири. Азыр да статистика жаатында эмгектенет. Жаш кезинде тиричилик эволюция процессинин натыйжасында пайда болгон дегенге ишенчү. Бирок кийинчерээк көз карашы өзгөргөн. «Ойгонгула!» журналы ага жумушуна жана диний көз карашына байланышкан бир нече суроо менен кайрылды.

Мектептен эмне деп окутушчу эле?

Мектептен эволюция теориясын окутушчу, бирок жашоо кантип пайда болгонун түшүндүрүшчү эмес. Ата-энем даосизм динин тута баштаганда, мен алардын устаттарынын айткандарын угуп жүрдүм жана көп суроо бергем. Бирок жоопторунун көбү мени канааттандырган эмес.

Эмне себептен математик болууну чечтиңиз?

Математикага башталгыч класска барганымда эле аябай кызыгып калгам. Ошентип, университетке тапшырдым. Ал жактан математиканы жана ыктымалдуулук теориясын изилдөө аябай жакчу. Мен үчүн математикалык так далилдер ары суктандырарлык, ары жөнөкөй.

Ыйык Китепке эмне болуп кызыгып калдыңыз эле?

1978-жылы жубайым Жинхуей Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Алардын талкуусуна кээде-кээде кошулуп калчумун. Анда биз Кошмо Штаттарда жашачубуз. Жинхуей жаңы эле физика илиминин доктору болгон болчу, мен болсо Индиана штатындагы Пердью университетинде статистиканы изилдечүмүн.

Ыйык Китепке карата оюңуз кандай эле?

Мага Ыйык Китептеги Жер планетасынын тиричиликке кантип даярдалганы жөнүндө жазылгандар таасир эткен. Башталыш китебинде тиричилик жаратылган алты убакыт аралыгында эмнелер болгону, жөнөкөй тил менен баяндалса да, байыркы уламыштардан айырмаланып, фактыларга дал келгендей сезилди *. Анткен менен көптөгөн жылдарга чейин Жараткандын бар экенине ишене албай жүрдүм.

Эмне үчүн бул сизге кыйын болду?

Мен үчүн Жараткан бар дегенге ишенүү бала кезимден бери тутуп келаткан динимден баш тартууну билдирмек

Анткени мен үчүн Жараткан бар дегенге ишенүү бала кезимден бери тутуп келаткан динимден баш тартууну билдирген. Себеби даосизм дининде тирүү Кудай, же Жараткан, бар деп окутпайт.

Эмнеден улам оюңуз өзгөрдү?

Тиричиликтин башталышы жөнүндө канчалык көп ойлонгон сайын, эң биринчи тирүү клетка аябагандай татаал болушу керек деген ойдо боло баштадым. Мисалы, ал көбөйө тургандай болушу керек болчу. Ал эми көбөйүш үчүн генетикалык маалымат жана ал маалыматтын так көчүрмөсүн жасай ала турган механизм керек болчу. Андан тышкары, жадагалса эң жөнөкөй тирүү клетканын деле жаңы клетканын бардык бөлүгүн курууга керектүү молекулалык машиналары, ошондой эле энергияны башкарып, аны туура жакка багыттай турган каражаттары болушу талап болчу. Ошондой татаал механизмдер жансыз материядан кантип эле кокусунан куралып калмак эле? Математик катары мен андай жоромолго ишене албайм. Андай процесстер ишке ашышы үчүн, кокустуктар аябай көп жолу болушу керек болмок.

Жахабанын Күбөлөрүнүн окуулары менен жакыныраак таанышууга эмне түрткү берди?

Мен алар менен Ыйык Китепти анда-санда изилдеп калчумун. Бир жолу 1995-жылы Тайванга барганымда ооруп калдым. Ошондо жубайым Кошмо Штаттардан Тайвандагы Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, мага барып коюшун сураныптыр. Алар мен жаткан ооруканага келгенде, бош керебет жок болгондуктан, алым кетип сыртта отургам. Алардын бири мени мейманканага алып кетип, ошол жакка келип турду. Кийинчерээк болсо ооруканага алып барды.

Алардын мамилеси мага аябай таасир этти. Ойлоп көрсөм, Жахабанын Күбөлөрү биздин үй-бүлөгө көп эле жолу жакшылык кылыптыр. Ошондо кептин баары алардын дининде экенин түшүндүм. Анан алар менен Ыйык Китепти кайрадан изилдей баштадым. Бир жылдан кийин Жахабанын Күбөсү болууну чечтим.

Диний көз карашыңыз илимий изилдөөлөрүңүзгө кайчы келген жокпу?

Жок, таптакыр. Жакынкы жылдары эле генетиканы изилдеген окумуштууларга математикалык жабдуу жагынан жардам бердим. Генетиканы изилдөө тирүү организмдердеги механизмдерди тереңирээк түшүнүүгө шарт түзөт. Андай түшүнүк Жаратканыбыздын акылмандыгына суктандырып, жүрөгүмдү кастарлоо сезимине толтурат.

Буга кандай мисал келтирет элеңиз?

Мисалы, көбөйүү процессин алалы. Айрым организмдер, алсак, амёбалар жыныссыз болот. Бир клеткалуу ал микробдор өздөрүндөгү генетикалык маалыматтын көчүрмөсүн жасап, улам экиге бөлүнүп, көбөйө беришет. Бул процесс жыныссыз көбөйүү деп аталат. Бирок жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көбү жыныстык жол менен көбөйүшөт. Андай процессте эркеги менен ургаачысынын клеткасындагы генетикалык маалымат бириктирилет. Мындай жол менен көбөйүүнүн эмне үчүн мисал кылганымды түшүндүрүп берейин.

Канча убакыттан бери калыбынан жазбай иштеп келаткан көбөйүү системасынын — бир организм экиге бөлүнгөн системанын — эки организм биригип, бир жаңы организмди пайда кылган көбөйүү системасына өрчүшүнүн кандай зарылдыгы бар эле? Генетикалык маалыматтын жарымын эркегинен, жарымын ургаачысынан алып, аларды бириктирүү үчүн талап кылынган механизмдер укмуштуудай татаал болгондуктан, бул биолог-эволюционисттер үчүн баш катырган маселе болуп келүүдө. Менимче, жыныстык көбөйүү процесси Кудайдын акылмандыгын айкын далилдеп турат.

^ 11-абз. Жаратуу мезгили жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепчени карагыла. Китепче www.mr1310.com/ky сайтында да бар.