Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Достугуңар ынактыкка айланып баратса...

Достугуңар ынактыкка айланып баратса...

КӨЙГӨЙ

Силердин өзүңөрдү жакшы түшүнгөн карама-каршы жыныстагы досуңар бар. Экөөңөр, эмне тууралуу болбосун, чер жазыша сүйлөшө аласыңар. Балким: «Биз жөн эле доспуз» — деп ойлойттурсуңар, бирок өмүрлөшүңөр аны менен ошондой мамиледе экениңерди билсе, башкача ойлошу мүмкүн.

Балким, силердин достугуңар ынактыкка айланып кеткендир. Ошондой болсо буга олуттуу маани берүү зарыл. Бирок адегенде, келгиле, экөөңөрдүн көңүлүңөр жакын болуп кетишине эмне себеп болушу мүмкүн экенин карап көрөлү.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Муктаждыктардын канааттандырылышы. Баарыбызга эле башка жыныстагы адамдын көңүл бурганы жагымдуу болот. Андайда алардын бизди жактырарына, баалап-барктаарына сүйүнүп калабыз. Үй-бүлө кургандан бир канча убакыт өткөндөн кийин, ушундай мамилени карама-каршы жыныстагы досуңардан күтүп калышыңар ыктымал. Бирок мындай муктаждыкты жарыңар эмес, башка бирөөнүн канааттандырганы кесепеттүү болору эсиңерде болсун. Башка бирөөгө карата сезимиңер өрчүп кетсе, никеңерге доо кетет. Жан шеригиңерге гана арнашыңар керек болгон арзуу сезимден аны куру калтырган болосуңар.

• «Бул достугумдун аркасында никеде канааттандырылышы керек болгон кайсы муктаждыктарым канааттандырылып жатат?» — деп ойлонуп көргүлө.

Алсыз болуп турган кез. Ыйык Китепте турмуш кургандардын «кыйынчылыктарга» кабылары айтылат (1 Корунттуктар 7:28). Мисалы, кээде жубайыңар көңүл бурбагандай же барктабагандай сезилиши мүмкүн. Же чечилбей калган көйгөйдөн улам ичтен сызып жүрүшүңөр ыктымал. Балким, жубайыңар ушундай нерселер тууралуу сүйлөшкөндөн кача бергендиктен, ага капа болуп, таарынышыңар этимал. Анын ушундай мамилесинен улам башка бирөөгө ынак болуп кетишиңерге шарт түзүлүп калышы мүмкүн. Айрым адистер оор маселелерди талкуулоодон качуу жубайлардын бактысыз болушуна, атүгүл ажырашып кетишине алып келерин айтышат.

• «Жарым экөөбүздүн ортобузда башка бирөө менен ынак болуп кетишиме түртүп коё турган нерсе жокпу?» — деп ойлонуп көргүлө.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Коркунучту аңдай билгиле. Ыйык Китепте: «Кийимин күйгүзбөй, ким койнуна чок сала алат?» — делет (Накыл сөздөр 6:27). Ооба, өмүрлүк жарыңар бар туруп башка бирөөгө махабат сезимин өрчүтүп алганыңардын жакшылыкка алып барбасы анык (Жакып 1:14, 15). Силер мунун арты кандай болорун эле эмес, буга чейин эмне болгонун да ойлонуп көрүшүңөр керек. Башка бирөөгө көөнүңөр бурулуп жатса, жарыңарды силерден алышы керек болгон нерседен өксүткөн болосуңар.

Куру кыялга жетеленбегиле. Кимдир бирөө менен ынак болуп кетсеңер: «Аны менен турмуш курсам, жашоом алда канча жакшы болмок»,— деген ойлор келе башташы мүмкүн. Балким, досуңардын жакшы жактарына, ал эми жубайыңардын кемчиликтерине эле көңүл бура береттирсиңер. Бирок мындай кылганыңар адилетсиздикке жатат. Андан тышкары, досуңарды ойлогондо балкыткан сезим башында жарыңарга туюп жүргөн сезимге эле окшош экенин унутпагыла. (Ыйык Китептеги принцип: Жеремия 17:9.)

Чек коюп алгыла. Уурулардан сактаныш үчүн көптөр үйүнө же унаасына сигнализация орнотушат. Никеңерди коргош үчүн силер да ушул сыяктуу иш-аракет кылышыңар керек. Ыйык Китепте: «Жүрөгүңдү сакта»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 4:23). Ал үчүн эмне кылсаңар болот? Төмөнкү кеңештерди колдонуп көргүлө:

  • Башыңар байлануу экенинен белги берген нерселерди, мисалы, жарыңардын сүрөтүн иштеген жериңерге коюп койгула. (Ыйык Китептеги принцип: Башталыш 2:24.)

  • Карама-каршы жыныстагы адам менен мамилелешкенде эмнеге жол берериңерди, эмнеге жол бербей турганыңарды чечип алгыла. Алсак, андай досуңарга түгөйүңөр экөөңөрдүн ортоңордогу кыйынчылыктар жөнүндө айтканыңар же карама-каршы жыныстагы кесиптешиңер менен бир жакка барып, тамактанганыңар орунсуз болуп калат.

  • Бирөөгө өтө эле жакын болуп баратсаңар, мамилеңерди токтоткула. Эгер бул кыйынга туруп жатса, эмне үчүн экенин ойлонуп көргүлө. Аны менен болгон мамилеңерди коргогондун ордуна, жарыңар тарапты ээлеп, никеңерди сактап калганга умтулгула. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 5:18, 19.)