Накыл сөздөр 6:1—35
6 Уулум, эгер жакыныңа кепил болуп+, чоочун бирөөгө кол берсең+,
2 оозуңан чыккан сөз менен торго түшсөң+, сөзүңдөн кармалсаң,
3 анда, уулум, жакыныңдын колуна түшүп калгандыктан+, кутулушуң үчүн мындай кыл: баргын да, момундук менен жакыныңа жалынып-жалбар+.
4 Көз ирмебе, кирпик какпа+.
5 Мергенчиден качкан жейрендей, аңчыдан качкан куштай кутул+.
6 Жалкоо+, кумурскага барып+, анын жолдорун карап, акылмандыкка ээ бол.
7 Анын башчысы, жетекчиси, башкаруучусу жок болсо да,
8 тамагын жайында камдайт+, азыгын оруу-жыюу маалында чогултат.
9 Жалкоо, качанга чейин жата бересиң?+ Качан ойгоносуң?+
10 Дагы бир аз уктай турсаң, дагы кичине үргүлөй түшсөң, колуңду көкүрөгүңө алып жата турсаң+,
11 жакырлык каракчыдай болуп+, жокчулук куралчан кишидей болуп кирип келет+.
12 Бузуку+ жана арам ойлуу киши жалган сүйлөйт+,
13 көзүн ымдап+, буту менен белги берип, манжалары менен ишарат кылат+.
14 Анын жүрөгү бузулган+. Ал ар убак жамандык ойлойт+, уруш-талаш чыгарат+.
15 Ошондуктан капысынан кырсыкка кабылат+, көз ачып-жумгуча ойрон болот, кайра турбайт+.
16 Жахаба алты нерсени жек көрөт+, атүгүл жети нерсе анын жаны үчүн жийиркеничтүү+:
17 менменсинген көздөр+, жалган тил+, жазыксыз кишинин канын төккөн кол+,
18 кыянаттык ойлогон жүрөк+, жамандык кылууга чуркаган бут+,
19 жалган сүйлөгөн күбө+ жана бир туугандардын ортосуна от жаккан киши+.
20 Уулум, атаң айткан осуятты аткар+, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа+.
21 Аларды жүрөгүңө байлап жүр+, мойнуңа ороп ал+.
22 Алар жолго чыкканыңда жетектейт+, жатканыңда кайтарат+, ойгонгонуңда кам көрөт.
23 Анткени осуят — шам чырак+, мыйзам — жарык+, ашкерелөө менен акыл-насаат — өмүр жолу+.
24 Алар сени бузулган аялдан+, жасакерленип сүйлөгөн бөтөн жерлик аялдын тилинен сактайт+.
25 Анын сулуулугун жүрөгүң каалабасын+, ал сени жалжылдаган көздөрү менен азгырып кетпесин+,
26 анткени адам сойку аялдын айынан бир кесим нанга зар болуп калат+, ал эми башка бирөөнүн аялы кымбат жанды тузакка түшүрөт+.
27 Кийимин күйгүзбөй, ким койнуна чок сала алат?+
28 Бутун күйгүзбөй, ким чоктун үстүнөн баса алат?
29 Жакынынын аялы менен жаткан киши да ошондой болот+, ага жакындаган бир да киши жазасыз калбайт+.
30 Ачка калганда жанын тойгузуш үчүн уурулукка барган кишини жек көрүшпөйт.
31 Бирок ал кармалганда уурдаганын жети эселеп төлөйт, үйүндөгү баалуу нерселеринин баарын берет+.
32 Ал эми бирөөнүн аялы менен ойноштук кылгандын акылы жок*+. Андай ишке барган өз жанын жылас кылат+.
33 Ал балээге кабылат, уятка калат+, маскара болгону унутулбайт+.
34 Анткени кызганычтан күйөөсүнүн каары кайнайт+, ал өч алган күнү аябайт+,
35 эч кандай кун албайт, кандай белек берсең да, каары кайтпайт.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жүрөгү кем».