Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ФЕҢ ЛИҢ ЯҢ

Микробиолог менен курулган маек

Микробиолог менен курулган маек

Фең Лиң Яң — Тайбэй шаарындагы (Тайвань) борбордук илимий академиянын илимий изилдөөчүсү. Анын эмгектери илимий журналдарга чыгып турат. Ал эволюция теориясына ишенип келген. Бирок кийинчерээк көз карашын түп-тамыры менен өзгөрткөн. «Ойгонгула!» журналы анын илимий изилдөөлөрүнө, Кудайга болгон ишенимине байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Өзүңүз жөнүндө айтсаңыз.

Биз аябай жакыр турчубуз. Апам кат-сабаты жок киши болчу. Үй-бүлөбүз менен Тайбэйдин чет жакасындагы сел көп каптаган аймакта жер айдап, чочко бакчубуз. Ата-энем мени эмгекти сүйгөн, башкаларга жардам бергенге даяр адам кылып тарбиялашкан.

Үй-бүлөңүз динчил беле?

Биз даосизм динин тутчубуз. «Асман кудайына» арнап курмандык чалып турганыбыз менен, ал жөнүндө эч нерсе деле билчү эмеспиз. Мен: «Адамзат эмне үчүн азап тартып келет? Адамдар эмне үчүн өзүмчүл?» — деп көп ойлонор элем. Даосизм, буддизм жана чыгыштын, батыштын тарыхы жөнүндөгү китептерди окуп чыктым. Атүгүл эки чиркөөгө барып көрдүм. Бирок суроолорума купулга толорлук жооп тапкан жокмун.

Эмне үчүн илимий тармакты тандадыңыз?

Математиканы жакшы көрчүмүн, ошондой эле физикалык, химиялык мыйзамдар заттардын түзүлүшүн кантип жөнгө саларына кызыга берчүмүн. Бардык нерселер — көз көрө алгыс микробдор да, учу-кыйыры жок кең аалам да — мыйзам-ченемдүүлүккө баш иет. Мен ошону изилдегим келчү.

Эволюцияга эмне себептен ишенчү элеңиз?

Мектептен да, жогорку окуу жайдан да тиричилик эволюция жолу менен пайда болгон дегенди гана угуп келгем. Андан тышкары, тиричиликти изилдеген окумуштуу болгондуктан эволюцияга ишенишим керек болчу.

Тиричиликти изилдеген окумуштуу болгондуктан эволюцияга ишенишим керек болчу

Эмнеден улам Ыйык Китепти окуп калдыңыз?

Аспирантурага тапшырыш үчүн 1996-жылы Германияга бардым. Бир жылдан кийин Симона деген аял менен таанышып калдым. Ал Жахабанын Күбөсү экен. Симона суроолорумдун  жообун Ыйык Китептен таба аларымды айтты. Анда жашоонун маңызы эмнеде экени жазылганын айтканда, аябай кызыгып калдым. Ошон үчүн күн сайын таңкы төрт жарымда туруп алып, Ыйык Китепти окуй баштадым. Бир саат окугандан кийин ой жүгүртүш үчүн сейилдеп келчүмүн. Ошентип, Ыйык Жазманы бир жылдын ичинде толугу менен окуп бүттүм. Анда алдын ала айтылгандардын так аткарылганына таң берип, аны Кудай жаздырганына акырындап ишене баштадым.

Тиричиликтин пайда болгонуна карата кандай көз карашта элеңиз?

Бул туурасында 1990-жылдардын аяк ченинде көп ойлоно баштагам. Ошол маалда молекулярдык биологдор тирүү организмдердеги химиялык процесстер мурун ойлоп келгендегиден алда канча татаал экенин түшүнө башташкан. Албетте, ага чейин эле окумуштуулар тирүү клеткалардагы белоктордун тиричиликтеги эң татаал бирикмелер экенин жакшы билишчү. Бирок 1990-жылдардын аягында алар клетканын укмуштуудай шайкештикте иштеген белоктордун бирикмесинен турарын ачышкан. Клетка 50дөн ашык белоктон куралат. Атүгүл эң жөнөкөй клетканын курамында да ар кандай милдетти аткарган, мисалы, энергия бөлүп чыгарган, маалыматты көчүргөн, мембрана аркылуу зат алмашууну жөндөгөн белоктор бар.

Анан кандай жыйынтыкка келдиңиз?

«Белокторду ушунчалык тактык менен ким жөнгө салган?» — деп ойлоно берчүмүн. Клеткалардагы химиялык процесстердин татаалдыгына мен эле эмес, башка окумуштуулар да баш катыра баштаган эле. Ошол маалда Кошмо Штаттардагы биохимия илиминин бир профессору тирүү клеткалардагы молекулалардын түзүлүшү, байланышы аябай татаал болгондуктан, кокустан эле пайда болуп калышы такыр мүмкүн эмес экени жөнүндө китеп чыгарган. Мен ага толугу менен кошулдум, анткени тиричиликтин өзүнөн өзү пайда болушу акылга сыярлык эмес болчу.

«Белокторду ушунчалык тактык менен ким жөнгө салган?» — деп ойлоно берчүмүн

Эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечтиңиз?

Симонанын ден соолугу начар болгонуна карабай, мени менен Ыйык Китепти изилдеш үчүн жума сайын 56 чакырымдай жол жүрүп келгени жүрөгүмдү козгоду. Германияда нацисттик режим учурунда Жахабанын Күбөлөрүнүн саясатка кийлигишпегени үчүн концлагерлерге камалганын да билдим. Алардын кайраттуу, эр жүрөк болгонуна аябай суктандым. Ушунун баарын көрүп, мен да Кудайды бүт жүрөгү менен жакшы көргөн Жахабанын Күбөлөрүндөй болгум келди.

Кудайга ишенгениңиз жашооңузга кандай таасир этүүдө?

Кесиптештерим жүзүңөн нур жанып, дайыма кубанып жүрөсүң деп калышат. Карапайым үй-бүлөдөн болгонума дайыма басына берчүмүн. Ошон үчүн каякта чоңойгонум, ата-энем жөнүндө эч качан кеп козгочу эмесмин. Бирок Жахабанын адамдын коомдогу абалына карабай, баарына бирдей мамиле кыларын билдим. Атүгүл Иса Машаяк да, кыязы, меникиндей кедей үй-бүлөдө чоңойгон. Азыр ата-энеме каралашып турам, досторумду алар менен тааныштырганды жакшы көрөм.