Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Убакытты туура пайдаланасыңарбы?

Убакытты туура пайдаланасыңарбы?

«Атаганат, убактым бир аз көбүрөөк болгондо...» ушинтип өкүнгөн учурларыңар көп болобу? Сааттын жебеси бардык жерде бирдей айланат. Күчтүүлөрдүн, мансаптуулардын убактысы карапайым, жакыр адамдардыкынан көбүрөөк болбойт. Ошондой эле байы да, кедейи да убакытты топтоп коё албайт. Убакыт — зымырап учкан куш, аны артка кайрый албайсың. Андыктан убакытты туура пайдалануу акылдуулукка жатат. Келгиле эмесе, убакытты өкүнүп калбагыдай кылып жумшаганга жардам берген төрт ыкмага токтололу.

1-ыкма: Жыйнактуу болгула

Маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүргүлө. Ыйык Китепте: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»,— деген кеңеш берилет (Филипиликтер 1:10). Ал үчүн абдан маанилүү же шашылыш болгон, же экөөнө тең кирген иштердин тизмесин жазгыла. Анткени маанилүү нерсе шашылыш болбошу мүмкүн, мисалы, азык-түлүк сатып алуу маанилүү, бирок анчалык деле шашылыш болбошу ыктымал. Ал эми шашылыш болгон нерсе маанилүү болбошу мүмкүн. Алсак, жакшы көргөн телеберүүнү көрүү шашылыш болушу, бирок анча маанилүү болбошу этимал *.

Алдын ала ойлонуштургула. Сулайман пайгамбар: «Мокогон балта курчутулбаса, анда күчкө салууга туура келет. Ал эми акылмандык менен иш кылуу ийгиликке жеткирет»,— деп жазган (Насаатчы 10:10). Мындан эмнени биле алабыз? Убакытты туура пайдалануу үчүн баарын алдын ала ойлонуштурууну балтаны курчутканга салыштырса болот. Убакыт менен күчтү алгандан башка көп деле пайдасы тийбеген маанилүү эмес иштерди кийинкиге калтыруу же таптакыр эле кылбай кою абзел. Кайсы бир ишти өзүңөр белгилеген убакыттан эртерээк бүтсөңөр, кыла турган кийинки ишиңерди баштай бергениңер оң. Баарын алдын ала ойлонуштурсаңар, балтасын курчутуп алып иштеген кишидей болуп, көбүрөөк иш бүтүрөсүңөр.

Жашооңорду оордотпогула. Маанилүү эмес же убакытты алгандан башка пайдасы жок нерселерден алыс болгула. Кыла турган ишиңер, милдетиңер өтө эле көп болсо, стресс болушуңар, көңүл чөгөттүккө кабылышыңар мүмкүн.

 2-ыкма: Убакытты уттура турган нерселерден качкыла

Ананкыга калтыруу жана чечкинсиздик. «Шамалды караган үрөн сеппейт, булутту караган оруп-жыйбайт» (Насаатчы 11:4). Бул сөздөр эмнени билдирет? Жумушту кийинкиге калтыра берсеңер, убакытты уттуруп, көп иш бүтүрө албай каласыңар. Аба ырайына карап отура берген дыйкан эч качан үрөн сеппеши же түшүм жыйнабашы мүмкүн. Анын сыңарындай, баарын алдын ала билбегендиктен чечкинсиз болуп коюшубуз ыктымал. Же чечим чыгарарда баарын майда-чүйдөсүнө чейин билишибиз керек деп ойлошубуз мүмкүн. Албетте, олуттуу чечим чыгарарда баарын таразалап көрүү зарыл. Сулайман пайгамбар: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп айткан (Накыл сөздөр 14:15). Бирок дайыма эле баарын көрө билүү мүмкүн эмес экенин унутпагыла (Насаатчы 11:6).

Чоң талап коюу. Жакып пайгамбар: «Жогорудан [Кудайдан] келген акылмандык... эстүү»,— деп айткан (Жакып 3:17). Ишти эң сонун кылып аткарууну каалоо жакшы, бирок өзүңөрдөн көптү талап кыла берсеңер, көңүл кайт болушуңар, атүгүл максатыңарды ишке ашыра албай калышыңар ыктымал. Мисалы, чет тилди үйрөнүп жаткандар жаңылып сүйлөп аларына даяр болушу жана ошентип отуруп үйрөнөрүн унутпашы керек. Өзүнө чоң талап койгондор туура эмес сүйлөп аларын ойлоп корко бериши мүмкүн, бирок бул тил үйрөнүүгө тоскоол кылышы этимал. Ошондуктан өзүбүздөн көптү талап кылбай, мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экенин унутпаганыбыз оң. Ыйык Китепте: «Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү»,— деп жазылат (Накыл сөздөр 11:2). Жөнөкөй, момун адам өзүнө чоң талап койбойт жана өзүнүн катасына өзү күлө билет.

 3-ыкма: Тең салмактуу, реалдуу көз карашта болгула

Жумуш менен эс алууну тең салмакташтыргыла. «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык» (Насаатчы 4:6). Жумушка баш оту менен кирип кеткен киши көп учурда «жан үрөп иштегенинин» үзүрүн көрбөйт. Себеби буга убактысы да, күчү да калбай калат. Жалкоо киши болсо, тескерисинче, баалуу убактысынын көбүн эс алганга коротуп коёт. Ыйык Китеп тең салмактуу көз карашта болгонго чакырат: адам жан үрөп иштеши, ошол эле учурда эмгегинин үзүрүн көрүшү керек. «Бул — Кудайдын белеги» (Насаатчы 5:19).

Уйкуңарды кандыргыла. Дөөтү пайгамбар: «Мен тынч жатып, тынч уктайм»,— деген (Забур 4:8). Чоң киши күч топтошу, эмоциялык абалы жакшы болушу жана мээси жакшы иштеши үчүн сегиз сааттай укташы керек. Акыркысына байланыштуу айта турган болсок, уйку бир нерсеге жакшыраак көңүл топтогонго, эс тутумду жакшыртканга өбөлгө түзөт. Ошондуктан уктоо убакытты туура пайдаланууга жатат деп айтса болот. Уйкуга жетиштүү убакыт бөлсөк, үйрөнүү жөндөмүбүз жакшырат. Ал эми уйкубуз канбай калса, бир нерсени жай үйрөнөбүз. Андан сырткары, кырсыкка кабылышыбыз, көп ката кетиришибиз жана кыжырдана беришибиз мүмкүн.

Реалдуу максаттарды койгула. «Жандын каалоолоруна жетеленгенден көрө, көз менен көргөн артык» (Насаатчы 6:9). Бул сөздөрдү кандай түшүнсө болот? Акылдуу адам каалоолоруна, өзгөчө, ишке ашпай турган каалоолоруна жетеленбейт жана куру кыялдарга батпайт. Ал жарнамаларга же оңой жол менен насыя алууну сунуштагандарга алданбайт. Анын ордуна, «көз менен көргөн» нерселерине, тактап айтканда, колунда болгонуна ыраазы болуп жашайт.

 4-ыкма: Чындап баалуу нерселерге көңүл бөлгүлө

Эмнени баалаарыңарды карап чыккыла. Баалаган нерселериңерден эмнени жакшы, маанилүү жана көңүл бурууга арзыйт деп эсептээриңер көрүнөт. Жашоону жебеге, баалаган нерселериңерди бутага салыштырса болот. Эмне чындап баалуу экенин түшүнгөнүңөр жашоодо биринчи орунга маанилүү нерселерди койгонго жана убактыңарды — ар бир күнүңөрдү, ар бир саатыңарды — туура пайдаланганга өбөлгө түзөт. Эмне чындап баалуу экенин кайдан билсе болот? Ал үчүн көптөр Ыйык Китепке кайрылышат (Накыл сөздөр 2:6, 7).

Сүйүү. Сүйүү — «биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колосалыктар 3:14). Сүйүү болбосо, өзгөчө, үй-бүлөдө болбосо, бактылуу болуу, жан дүйнө тынчтыгына ээ болуу мүмкүн эмес. Буга маани бербей, биринчи орунга байлыкты, карьераны койгондор бактысыз болушат. Ошо себептен Ыйык Китепте сүйүү жөнүндө көп жолу айтылып, анын маанилүү экендигине басым жасалат (1 Корунттуктар 13:1—3; 1 Жакан 4:8).

Кудайды таанып-билүү. Сүйгөн жары, эки баласы, жакын достору бар Жеф деген киши медицина тармагында иштечү. Ал адамдардын өлгөнүн, кыйналганын көп көргөндүктөн: «Ушул үчүн жаралдык беле?» — деп ойлоно берчү. Бир күнү ал Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды окуп калып, жүрөгүн өйүгөн суроолоруна канааттандырарлык жооп алган.

Жеф билгендерин жубайына, балдарына айтып бергенде, алар да аябай кызыгып калышкан. Ошентип, баары Ыйык Китепти изилдей башташкан. Окуп-билгендери аларга жашоосун маңыздуу өткөргөнгө, убактысын туура пайдаланганга жардам берип келет. Алар Ыйык Китепте айтылган, убаракерчилик, азап-кайгы болбогон, адамдар түбөлүк жашай турган замандын келерин күтүп жатышат (Аян 21:3, 4).

Жеф жөнүндө жазылгандар Иса Машаяктын: «Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар бактылуу»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин эске салып турат (Матай 5:3, шилтеме). Силер да атайын убакыт бөлүп, Кудайды таанып-билгиңер келеби? Кудайды таанып-билгенде гана ар бир күнү, деги эле, өмүр бою убакытты туура пайдалана аласыңар.

^ абз. 5 «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 2010-жылдын апрелиндеги санына чыккан «Убакыт табуунун 20 ыкмасы» деген макаланы карагыла.

«Бир нерсе сатып алганда, чынында, акча эмес, убактыңарды бересиңер» (Жазуучу жана психолог Чарльз Спецано).