Накыл сөздөр 2:1—22
2 Уулум, эгер менин айткандарымды кабыл алсаң+, осуяттарымды сактасаң+,
2 кулагыңды акылмандыкка төшөсөң+, жүрөгүңдү кыраакылыкка бурсаң+,
3 түшүнүк тилесең+, кыраакылык сурасаң+,
4 аларды күмүштү издегендей+, катылган кенчти издегендей издей берсең+,
5 Жахабадан коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң+, Кудай жөнүндөгү билимди табасың+.
6 Анткени акылмандыкты Жахаба берет+, анын оозунан билим менен кыраакылык чыгат+.
7 Ал чынчыл адамдар үчүн акылмандыкты сактайт+. Ал — кынтыксыз жүргөндөр үчүн калкан+,
8 анткени акыйкаттыктын жолдорун байкап турат+, ишенимдүү кызматчыларынын жолун коргойт+.
9 Ошондо адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты — жакшылыктын бүт жолун түшүнөсүң+.
10 Акылмандык жүрөгүңө киргенде+, билим жаныңа жакканда+,
11 сени ой жүгүртүү жөндөмү сактайт+, кыраакылык коргойт+,
12 жаман жолдон+, бузуку сөздөрдү сүйлөгөн кишиден сактайт+.
13 Караңгылыктын жолдорунда жүрүш үчүн чынчылдыктын жолдорун таштагандардан+,
14 жамандык кылганына кубангандардан+, ыпылас нерселер менен жамандыктан ырахат алгандардан+,
15 тетири жолдо жүргөндөрдөн, арамзалык менен жашагандардан+,
16 чоочун аялдан, бал тилге салып сүйлөгөн+ бөтөн жерлик аялдан сактайт+.
17 Ал — жаш кезиндеги жолдошун таштап кеткен+, Кудайынын келишимин унуткан аял+.
18 Анын үйү өлүмгө, жолдору күчсүз өлүктөргө алпарат+.
19 Аны менен байланышкандардын бири да кайтып келбейт, кайрадан тирүүлөрдүн жолдоруна түшпөйт+.
20 Андыктан жакшы кишилердин жолу менен жүр+, адил адамдардын жолдорунан чыкпа+.
21 Анткени жерде чынчыл адамдар жашайт+, айыпсыз кишилер калат+.
22 Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат+, ишенимсиздер тукум курут болушат+.