Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңар калп айтса...

Балаңар калп айтса...

КӨЙГӨЙ

Беш жашар балаңар башка бөлмөдө ойноп жаткан. Бир убакта «тарс» деген үн чыгат. Чуркап барып карасаңар — ваза талкаланып жатат. Аны балаңар сындырганы айтпаса да түшүнүктүү.

Анан дароо эле: «Сен сындырдыңбы?!» — деп ачуулана сурайсыңар.

Ал шак эле: «Жок, мен эмес!» — деп танат.

Балаңар ушинтип биринчи жолу эле калп айтып жаткан жок. Буга тынчсызданышыңар керекпи?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Калптын бардык түрү жаман. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын «жалган тилди» жек көрөрү айтылган (Накыл сөздөр 6:16, 17). Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамына ылайык, кимдир бирөөнү алдагандар оор жазага тартылчу (Лебилер 19:11, 12).

Калптын баары бирдей болбойт. Айрымдар кимдир бирөөгө зыян келтириш үчүн атайлап калп айтышат. Башкалар жагдай кыстагандыктан, балким, уят болгусу келбегендиктен же коркуп кеткендиктен калп айтышы мүмкүн (Башталыш 18:12—15). Негизи, кандай себептен болбосун, калп айтуу туура эмес. Бирок ошол эле учурда калптын кээси олуттуу болсо, кээси анча олуттуу болбойт. Андыктан эгер балаңар калп айтса, анын жашын эске алгыла жана себебин түшүнүүгө аракет кылгыла.

Чындыкты айтууну кичинесинен үйрөткүлө. Балдардын психологиясы боюнча мыкты адис Дейвид Уолш: «Ата-энелер чынчыл болсо, өзгөчө, кыйын болуп жатса да чындыкты айтса, балдарын чынчылдыкка эң сонун үйрөтө алышат»,— деп жазган. Ошондой эле ал «адамдардын ортосундагы мамиле бири-бирине болгон ишенимге негизделерин, ал эми калп ишенимге доо кетирерин» айткан («No: Why Kids—of All Ages—Need to Hear It and Ways Parents Can Say It»).

Өтө эле тынчсызданбагыла. Балаңардын калп айтканы анын сөзсүз эле жаман болуп, бузулуп баратканын билдирбейт. Ыйык Китепте: «Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:15). Кээ бир балдар «ошентип айтсам, жазаланбай калам» деген ойдо калп айтып, акылсыздык кылышат. Андайда кандай кылуу туура болорун билгениңер абдан маанилүү.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Балаңардын эмне үчүн калп айтып жатканын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Ал жазадан корккондуктан калп айтып жаткан жокпу? Же силерди капа кылгысы келбегендиктен калп айтып жатабы? Балаңар жашоодогу нерселер менен кыялындагы нерселерди айырмалай албай турган куракта болгондуктан эле досторун таң калтырып ар кайсыны оюнан чыгарып айтып жаткан жокпу? Эгер балаңардын эмне үчүн калп айтып жатканын түшүнсөңөр, аны оңдоп-түзөш да оңоюраак болот. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 13:11.)

Айрым учурда суроо бербей эле койгон оң. Макаланын башындагы мисалда энеси вазаны баласы сындырганын билип эле турса да: «Сен сындырдыңбы?!» — деп ачуулана сураган. Ошондо баласы коркуп кетип калп айтып жиберген. Эгер апасы суроо бербей эле: «Ай! Вазаны сындырып салган турбайсыңбы!» — десе, баласынын калп айтышына шарт түзмөк эмес жана ага чынчыл болууга жардам бере алмак. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 3:9.)

Чынчылдыкты баалаарыңарды көрсөткүлө. Балдар адатта ата-энесине жаккысы келет. Ошондуктан балаңар чынчылдыкты абдан баалаарыңарды жана анын чынчыл болушун каалаарыңарды билишсин. (Ыйык Китептеги принцип: Еврейлер 13:18.)

Эгер калп айта турган болсо, ишеничтен чыгып каларын, ошондой эле кайрадан ишеничке ээ болушу үчүн көп убакыт талап кылынарын түшүндүргүлө. Андан сырткары, чындыкты айткан сайын, мактап тургула. Мисалы: «Сенин дайыма чынын айтканың мага жагат»,— деп айтсаңар болот.

Үлгү болгула. Эгер, мисалы, бирөө телефон чалып калса, сүйлөшкүңөр келбегендиктен эле: «Мени үйдө жок деп койчу» — десеңер, же эс алгыңар келип тургандыктан эле: «Бүгүн ооруп калыптырмын» — деп, өзүңөр калп айтсаңар, балаңарды чынчылдыкка үйрөтө албайсыңар. (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 3:17.)

Ыйык Китепти колдонгула. Анда жазылган окуялар жана принциптер адамга чынчыл болууга түрткү берет. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китеп балдарыңарга Ыйык Китептеги принциптерди жүрөгүнө жеткире түшүндүрүүгө жардам берет. Ал китептин 22-бөлүмүндө «Эмне үчүн калп айтпаш керек?» деген суроо талкууланат (Ал китептен үзүндүнү  «Балаңарга жардам бере турган китеп» деген кутучадан карагыла).