Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Үйү жоктордун үмүтү барбы?

Үйү жоктордун үмүтү барбы?

АКШнын согуш ардагери Жо өзү жана үй-бүлөсү менен болгон каргашалуу окуялардын айынан үйсүз калып, 18 жылдай көчөдө жашаган. Ошол жылдардын биринде Жо китепканага бара баштап, китепканачы менен кобурашып калчу экен. Ошонун аркасында анын жашоосу толук өзгөргөн.

Аргентиналык Мартин көп жыл бою Кудай жөнүндөгү билимге суусап жүргөн. Жашоо ага маңызсыздай сезилчү. Ал жашоонун маңызын табам деп үйүнөн кетип, акыры көл жээкте жашаганга аргасыз болуп калган жана жашоонун маңызын таппай эле, биротоло ындыны өчүп калган. Бир жолу ал Кудайга: «Эгер бар болсоң, өзүңдү тапканга жардам берчи!» — деп ыйлап жалбарган. Кудай анын үнүн укту беле?

АДАМДЫН үй-жайсыз калышына ар кандай нерселер себеп болушу мүмкүн. Айрымдар Жонукундай кыйынчылыктардын айынан үйүнөн ажырап калса, башкалар, Мартиндей болуп, эл катары жашоону маңызсыз деп эсептеп, андан качкандыктан ошондой абалга туш болушат. Дагы бирөөлөрдүн үйсүз калышына жакырчылык, табигый кырсык, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, психикалык оору, баңгизат, ичкилик, турак жайдын өтө кымбат болушу же жумушсуздук себеп болот.

Бир учурда үйсүз калгандар согуштан, каржы каатчылыгынан жапа чеккен же өнүгүп келаткан өлкөлөрдө көп болот деп эсептелсе, азыр болсо бул, психология боюнча профессор Пол Торо айткандай, «өнүккөн өлкөлөрдө да коомдук чоң көйгөйгө айланды» *. Бул көйгөйдүн ырбашына өкмөттөрдүн жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү саясатынын начардыгы жана бай-кедейлердин ортосундагы айырманын барган сайын чоңоюп баратышы себеп болушу мүмкүн.

Ошондуктан көптөр келечегин ойлоп тынчсызданышат. Анткен менен Ыйык Китепте келечек жөнүндө жазылгандарды — ушул макалада кыскача сөз кылына турган нерселерди — билген соң анча тынчсызданбай калгандар да бар. Бирок Ыйык Китепте келечек жөнүндө эле айтылбайт. Жо менен Мартиндин мисалынан көрүнүп тургандай, ал китепте бизге азыр деле экономикалык да, эмоциялык да абалыбызды жакшыртууга жардам бере турган принциптер бар.

ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУП, ЖАШООСУН ӨЗГӨРТКӨН КИШИ

Жону китепканадан көп көргөн Синди деген китепканачы: «Жо мага сылык-сыпаа, момун, акылдуу кишидей сезилчү»,— дейт. Синди Жахабанын Күбөсү болгондуктан Жого «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарын берип, аны Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына чакырган. Ал жактан Жону жылуу тосуп алышкандыктан, Жо жыйналыштарга үзгүлтүксүз бара баштаган. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган.

Ыйык Китеп Жого өзүн сыйлаганга жардам берген

Ыйык Китептен билгендери аны аябай жубаткандыктан, Жо анда жазылгандарды, ал үчүн аябай кыйын болсо да, жашоосунда колдоно баштаган. Ал өмүр Кудайдын белеги экенин, аны баалашыбыз керектигин, ал эми тамеки организмди булгай турганын түшүнгөн (Забур 36:9). Ошондуктан 2 Корунттуктар 7:1деги «денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы» деген принципке ылайык, тамекини таштоону чечкен. Ошентип, анын аркасында ден соолугу эле жакшырбастан, акчасы да үнөм болгон.

Ошондой эле Жо жумуш караштыра баштаган. Анткени Ыйык Китепте киши өзүн камсыз кылыш үчүн эмгектениши керектиги жазылган (1 Тесалоникалыктар 4:11, 12) *. Маселен, Насаатчы 2:24тө: «Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок»,— деп айтылат. Ооба, күжүрмөн эмгектенсек, эмгек кишинин кадырын көтөргөндүктөн, жүрөгүбүз кубанычка толот. Ошондой эле башкаларга жардам бергенге да мүмкүнчүлүгүбүз болот (Эфестиктер 4:28).

Синдинин айтканы боюнча, жыйналыштагылар Жонун чын жүрөктөн өзгөргүсү келип жатканын көрүп «ага жылуу мамиле кылышкан», ал эми «айрымдары турак жай жана башка нерселерге байланыштуу маселесин чечип беришин суранып, бийликтегилерге кайрылууга жардамдашкан». Жо жашоосун, жүрүм-турумун өзгөртүп, убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөсү болгон. Азыр ал башкаларды Кудайдын Ыйык Китепте жазылган акыл-насаатына кулак кагууга үндөгөндө, анын канчалык пайдалуу экенине өз тажрыйбасынан ынанганын ишенимдүү түрдө айта алат (Накыл сөздөр 3:13, 14).

ЖАШООНУН МАҢЫЗЫН ТАПКАН КИШИ

Мартин жашоонун маңызы жөнүндө 20 жаштарында ойлоно баштаган. «Көкүрөгүмдөгү боштукту толтуруш үчүн ар кандай диндерди, философияны изилдедим, баңгизат да колдонуп көрдүм»,— дейт ал. Ал Калифорния штатында жашачу, кийин болсо Гавайиге кетип калган. «Мен бейишти таптым деп ойлогом»,— деп эскерет Мартин. Бирок ажайып кооз табият анын көкүрөгүндөгү боштукту толтура алган эмес. Ал: «Көңүлүм ушунчалык чөккөндүктөн, өмүрүм менен кош айтышууну ойлоно баштагам»,— дейт. Ошондо Мартин Кудайга: «Эгер бар болсоң, өзүңдү тапканга жардам берчи!» — деп ыйлап жалбарган экен.

Азыр Мартиндин жашоого болгон көз карашы өзгөргөн

Анан Мартин «Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залы» деген жазуусу бар имаратты көргөнүн эстеп кетип, ал жакка барып көрүүнү чечкен. Мартин: «Ал учурда чачым, сакал-мурутум саксайып өскөн, бир кийимди бир нече ай бою жонуман түшүрбөй кийип жүргөн кезим болчу. Ошого карабай алар мени жылуу тосуп алышты»,— деп эскерет. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү ага Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштаганда, ал макул болуп, Ыйык Китепти жээктеги «үйүнөн» шаардагы аянтка барып изилдеп турчу экен.

Бара-бара Мартин суроолоруна канааттандырарлык жооп алган. Ошонун аркасында көңүлү көтөрүлүп, Иса пайгамбар: «Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар бактылуу» — деп айткандай, өзүн бактылуу сезген (Матай 5:3, шилтеме).

«Мени... билгендер өзгөргөнүмдү көрүп аябай таң калышат»

Көп өтпөй эле Мартиндин жашоого болгон көз карашы өзгөргөн. Анткени ал, Жого окшоп, Ыйык Китептеги принциптерди колдоно баштаган. Ал өзүн карай баштаган жана Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен жумуш, баш калкалай турган жай тапкан. Мартин өзү жөнүндө: «Мени көчөдө тентип жүргөн селсаяк катары билгендер өзгөргөнүмдү көрүп аябай таң калышат»,— дейт.

Кийинчерээк Мартин Аргентинага кайтып барып, ошол жактан Жахабанын Күбөсү болгон. Азыр ал Кудай жөнүндөгү билимди эңсегендерге жашоодогу маанилүү суроолоруна жооп алууга жардам берип жатканына аябай сыймыктанат.

ҮЙ-ЖАЙЫ ЖОКТОР, ЖАКЫРЛАР БОЛБОЙ ТУРГАН ЗАМАН

Байыркы учурда жашаган Жеремия пайгамбар башынан кыйын кезеңди өткөргөн. Душмандар анын мекенине кол салып, элдин көбүн туткундап кеткен (Жеремиянын ыйы 1:3). Ал душмандын колуна түшпөсө да, бардык мүлкүнөн кол жууп калган эле. Ошондо ал Кудайга: «Азап тартканымды, үй-жайсыз калганымды... эстей көр»,— деп кайрылган (Жеремиянын ыйы 3:19).

Ушундай оор жагдайга тушуккан Жеремия пайгамбар көңүлүн чөгөргөн эмес. Себеби Жахаба Кудайдын аны таштабай турганына күмөн санаган эмес (Жеремия 1:8). Ошондой эле ал өзү окуп-изилдеген Ыйык Жазмада жакырчылык, азап-кайгы болбой турган жана тынчтык өкүм сүрө турган заман келери жазылганын билген (Забур 37:10, 11).

Андай заманды орнотуу адамзаттын колунан келбейт, аны Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, Кудайдын өкмөтү орнотот (Даниел 7:13, 14). Ал Падышалыкты адам катары жерде жүргөндө жакырларга чындап боору ооруган Иса Машаяк башкарат (Лука 7:22; 14:13). Ошондо «адил адам гүлдөйт... тынчтык мол болот. Ал жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат. Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:7, 12, 14).

«Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат» (Ышая 65:21).

Иса Машаяк элге көбүнчө Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтчу (Лука 4:43). Ал аларды Кудайдан: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Кудайдын Падышалыгы толук башкара баштаганда жердеги жашоо кандай болот? Ыйык Китеп ал заманды элестеткенге жардам берет. Мисалы, анда ал өкмөттүн жарандары жөнүндө мындай деп айтылат:

  • «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт... Менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт» (Ышая 65:21, 22).

  • «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт, анткени муну асман аскерлеринин Кудайы Жахаба айтты» (Микей 4:4).

Үмүт байлаткан бул сөздөр бизге жашоодогу кыйынчылыктарды көтөргөнгө күч берет. Андан сырткары, Ыйык Китептеги принциптер, Жого, Мартинге жана башка көптөгөн адамдарга жардам бергендей эле, биздин да жашообузду маңызга толтуруп, азыртадан эле бактылуу болууга жардам берет. Анын үстүнө, Жараткан Кудайыбыз Жахаба: «Мени уккандар жамандыктан коркпой, коопсуз жашашат»,— деп убада берген (Накыл сөздөр 1:33). Биз силердин ушул убаданын аткарылышын өз көзүңөр менен көрүшүңөрдү чын жүрөктөн каалайбыз!

^ абз. 6 Миллиондогондор жаңжалдардан, зордук-зомбулуктан же куугунтуктан улам үй-жайын таштап, башка өлкөгө качкын болуп барууга же өз өлкөсүнүн башка жерине көчүүгө мажбур болушат. Ал тууралуу «Ойгонгула!» журналынын 2002-жылдын 22-январындагы санында (ор.) жазылган.

^ абз. 11 Айрымдар иштегиси келсе да, майып болгондуктан, оорудан же карылыктан улам иштей алышпайт. Ал эми иштегенге жарактуу болуп туруп «иштегиси келбегендер» Кудайга жакпайт (2 Тесалоникалыктар 3:10).