Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Чырылдактын тиштүү дөңгөлөкчөлөрү

Чырылдактын тиштүү дөңгөлөкчөлөрү

БУГА ЧЕЙИН тиштүү дөңгөлөктөрдөн турган механизмдерди адамдар ойлоп тапкан деп эсептелчү. Бирок жакында эле андай эмес экени, Европанын ар бир бакчасында бар чырылдактын бир түрүнүн (Issus coleoptratus) өсүп-жетиле электеринде да ошондой механизм бар экени аныкталды *.

Чырылдактын өсүп-жетиле элеги бир секундда 3, 9 метрге секирип, денесин тартылуу күчүнүн таасирине демейдегиден 200дөй эсе көбүрөөк дуушар кылат! Ошондуктан ал кирпик ирмегиче эле көздөн кайым болот. Ошентип секириш үчүн чырылдак бүктөлүп турган арткы буттары менен бир убакытта жана бирдей күч менен түртүнүшү керек. Мындай тактыктын сыры эмнеде?

Көңүл бурсаңар: Окумуштуулар чырылдактын арткы эки бутунун түп жагынын ички тарабынын түзүлүшү тиштүү дөңгөлөк сымал экенин жана секиргенде дөңгөлөкчөлөрүнүн тиштери бири-бирине илинерин аныкташкан. Анын эки бутунун бир учурда кыймылга келишин так ушул нерсе шарттайт. Болбосо чырылдак так секире алмак эмес.

Чоңураак жаныбарлардын эки бутунун бир убакытта кыймылга келишин нерв системасы башкарат. Эгер чырылдактын буттарынын кыймылын нерв системасы башкара турган болсо, анын секирген ылдамдыгы үчүн нерв импульстары өтө жай болуп калмак. Ошондуктан анын тиштери бири-бирине илинген дөңгөлөкчөлөрү бар. Грегори Саттон деген окумуштуу: «Биз мурун тиштери бар дөңгөлөктөр адамдар жараткан техникаларда эле бар деп ойлочубуз... Анткени аларды [башка бир да жерден] көрө элек болчубуз»,— деген.

Кандай деп ойлойсуңар? Чырылдактын тиштүү дөңгөлөкчөлөрү эволюция жолу менен пайда болгонбу? Же жаратылганбы?

^ 3-абз. Тиштүү дөңгөлөкчөлөр чырылдактын өсүп-жетилүүсүнүн акыркы баскычында жоголуп кетет.