Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал көз карашына бек карманган

Ал көз карашына бек карманган

Соң Хи Каң 11 жашында апасы анын омурткасы кыйшык экенин байкаган. Доктур ага сколиоз (омуртка тутумунун бир капталга кыйшайышы) деген диагноз койгон. Омуртканын кыйшайышы, адатта, C же S тамгасына окшош болот. Соң Хинин абалы оорлоп кеткендиктен, хирургиялык операция талап кылынган. Бирок ал кан куйдуруудан баш тарткан. «Ойгонгула!» журналы ага бир нече суроо менен кайрылды.

Сага сколиоз деген диагноз коюлгандан кийин, доктурлар жардам бере алыштыбы?

Мен үч жылча эки доктурга көрүнүп жүрдүм, бирок омурткам барган сайын кыйшая берди. Кийин атүгүл жүрөгүмдү, өпкөмдү кыса баштагандыктан, дем алышым кыйындап, операция жасатуудан башка аргабыз калган жок.

Операцияга макул болдуңбу?

Ооба. Бирок операция оор болорун айтышты. Ошол кезде омурткам 116 градуска кыйшайып кеткен болчу, ошо себептен операция оңой болмок эмес. Бирок башка нерсе кыйынчылык туудурду. Көз карашым Ыйык Китепке негизделгендиктен кан куйдуруудан баш тарттым. *

Операцияны кан куйбай жасай турган хирург таба алдыңарбы?

Биз жашаган Флорида штатынан (АКШ) апам экөөбүз бир хирургга кезиктик. Бирок ага кан куйдурбай турганымды айтканымда, ал мындай оор операцияны эч бир хирург кан куюусуз жасабай турганын жана операция жасатпасам, 20га чыкпай эле өлүп калышым мүмкүн экенин айтты. Мен анда 14 жашта болчумун.

Эмне үчүн кан куйдуруудан баш тартып жатканыңды түшүндүрүп бере алдыңбы?

Ооба. Көз карашымдын Ыйык Китепке негизделерин айтып, Кудайдын алдында адамдын да, жаныбардын да каны * ыйык деп эсептелерин жана байыркы убакта Ысрайылда кан жеген киши өлүм жазасына тартылмактыгын түшүндүрүп бердим. * Ошондой эле Элчилер 15:19, 20-аяттарды көрсөттүм. Ал жерде «канды колдонуудан качуу керектиги» айтылган. Бул канды жегенге да, куйдурганга да болбой турганын билдирет.

Доктур айткандарыңды кандай кабыл алды?

Ал кан куюусуз операция кылбайм деп туруп алды. Таң калыштуусу, мен жаткан оорукана, эгер кан куйдурсам, операцияны акысыз жасап беребиз деп сунуш кылды.

Бекер жасайбыз дештиби?! Анан эмне кылдыңар?

Операцияны кан куйбай жасай турган доктур табылбачудай сезилсе да, көз карашыбызга бек карманууну чечтик. Бирок көйгөй тереңдей берди. Чечим чыгарууга жашым жете элек болгондуктан жана ден соолугум начарлай бергендиктен, ишим сотко өттү. Бактыга жараша, Флорида штатынын прокурору көз карашымды сыйлай турган хирург табууга 30 күн убакыт берди.

Анан ошондой доктур таба алдыңарбы?

Ооба. Жахабанын Күбөлөрүнүн Ооруканалар менен байланышуу комитети Нью-Йорк штатындагы сколиоз боюнча бир адис менен байланышты. Ал кан куюусуз операция кылса болорун айтып, жолугууга макул болду. Ошентип, сот белгилеген мөөнөттүн ичинде ошондой доктур таба алдык. *

Операция кандай болду?

Аябай ийгиликтүү болду. Роберт М. Бернштейн омурткамды түздөш үчүн омурткама болот стержень салды. Ал операцияны эки бөлүп жасады, экөөнүн ортосу эки жумага созулду.

Эмне үчүн эки бөлүп жасады?

Эгер биринчи операцияда кан көп кетип калса, эки жуманын ичинде кийинки операцияга чейин организмимде кандын кызыл клеткалары көбөйүп калмак. Жакшы жери, эки операция тең ийгиликтүү болуп, кан көп кеткен жок. Анткени хирургдар жакшы пландаштырып, иштин баарын кылдаттык, чебердик менен аткарышты. Кан куйдурган бейтаптарга салыштырмалуу операциядан кийин тез эле сакайып кеттим. *

Баары ийгиликтүү болгонуна хирург кандай ойдо болду?

Доктурлар бейтаптардын оюн эске алышы керек

Аябай сүйүндү! Ал: «Медициналык жардам көрсөтүү бейтапка операция жасоону эле билдирбейт»,— деп айтты. Ошондой эле ал доктурлар бейтаптардын оюн эске алып, сезимин, көз карашын сыйлашы керек деген пикирде экенин билдирди. Ага Жахабанын Күбөсү болбогон көптөгөн адамдар да кошулат деп ойлойм.

^ 7-абз. Соң Хинин апасы — Жахабанын Күбөсү. Соң Хи 2012-жылы 16 жашында Жахабанын Күбөсү болгон.

^ 17-абз. Ооруканалар менен байланышуу комитеттери Жахабанын Күбөсү болгон бейтаптарга кан куюусуз, ошол эле учурда сапаттуу медициналык жардам көрсөтө ала турган доктурларды табууга жардам берет.

^ 21-абз. Кан куйдуруунун кооптуу жактары жөнүндөгү бир эмгекте: «Кан тирүү ткань болуп эсептелгендиктен, кан куйдуруу трансплантация кылганга тете. Адатта, органды алмаштырганда, организм аны жат нерсе көрүп, кабыл албайт. Ошондуктан кан куйдуруу залакалуу болору күмөнсүз»,— делет («Clinical Excellence Commission, New South Wales (Australia) Health»).