Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Геродот

Геродот

МИҢДЕГЕН жылдар мурун жашоо кандай болгон? Адамдар кандай каада-салттарга карманышкан? Археология бир аз маалымат берсе да, бардык суроолорго жооп бере албайт. Байыркы элдердин ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө ошол учурда жашаган тарыхчынын жазгандары жардам берет. Мындан 2 400 жылдай мурун, б.з.ч. 5-кылымда, Геродот деген грек тарыхчысы жашаган. Ал «Тарых» деп аталган чыгармасын жараткан.

Геродот гректер жүргүзгөн согуштар, өзгөчө, б.з.ч. 490-жылдары жана анын бала кезинде, 480-жылдары, болгон гректер менен перстердин ортосунда чыккан согуштун эмнеден улам тутанганын жазган. Бирок ошол жөнүндө эле эмес, перстер басып алган элдердин жашоосу тууралуу да баяндаган.

ТАРЫХТАН СЫРТКАРКЫ МААЛЫМАТТАР

Геродот мыкты баяндоочу катары белгилүү. Окуя толук болушу үчүн, ал зарыл деп эсептеген маалыматтардын баарын кошуп, тарыхты майда-чүйдөсүнө чейин баяндап жазган. Анын күндөрүндө мамлекеттин архивинде сакталуучу маалыматтар дээрлик жок болгондуктан, ал эмгегин андай документтерге негиздей алган эмес. Ошо себептен Геродоттун эмгеги зор деп айтууга болот.

Эрдиктер даңазаланган монументтердеги жазууларды эске албаганда, ал учурда тарыхты жазууга кызыккандар саналуу эле болгон. Геродотко тарыхты өзүнүн байкагандарына, эл оозунда айтылган аңгемелерге жана окуяга өз көзү менен күбө болгондордун айтып бергендерине таянып жазууга туура келген. Ал маалымат чогултуу үчүн дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырган. Геродот Галикарнастагы (азыр Бодрум, Түркиянын түштүгү) грек колониясында чоңоюп-өскөн. Ал Грециянын көп жерине саякаттаган.

Ал маалымат чогултуш үчүн дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырган

Геродот түндүккө карай Кара деңизге жана Скифияга (азыркы Украинанын аймагы) чейин, түштүккө карай Жогорку Египетке жана Палестинага чейин барган. Ал эми чыгышка карай, кыязы, Бабылга чейин жеткен. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн, калыбы, батышта, грек колониясында (азыркы Италиянын түштүгү), өткөргөн. Кайсы жерге барбасын, байкоо жүргүзүп, иликтеп, ишеничтүү көрүнгөн адамдардан маалымат чогулткан.

ГЕРОДОТТУН ТАКТЫГЫ

Папируска жазылган «Тарых» чыгармасынан үзүндү

Геродоттун жазгандары канчалык так болгон? Анын өзү барган өлкөлөр жана өз көзү менен көргөндөрү жөнүндө жазгандарын так маалымат деп айтууга болот. Гректерге тааныш болбогон жөрөлгөлөр, мисалы, скифтердин падыша тукумунан болгондорду жерге берүү каадасы жана мисирликтердин мумификациялоо (өлүктү бальзамдап катыруу) ыкмалары тууралуу баяндагандары археологиялык ачылыштарга шайкеш келет. Көптөр белгилегендей, анын Мисир жөнүндө жазгандарына «ошол убакта жазылган маалыматтардын эч бири тең келбейт».

Бирок Геродоттун окуяны көп учурда тууралыгы анык эмес маалыматтарга негиздеп жазуудан башка аргасы болгон эмес. Андан тышкары, анын доорунда бутпарас элдер кудайлар адамдардын жашоосуна кийлигишет дегенге бекем ишенишчү. Ошондуктан анын жазгандарынын баары эле бүгүнкү күндөгү тарыхчылардын стандартына төп келе бербейт. Бирок Геродот фактыларды уламыштан ажырата билген. Ал ага айтылгандардын баарына эле ишене бербей турганын ачык эле билдирген. Геродот маалыматтарды кылдат карап, салыштырып чыккандан кийин гана бир тыянакка келчү.

Геродот, калыбы, «Тарых» деп белгилүү болгон эмгегин жазууга бүт өмүрүн арнаган. Анын окуяны ошол учурдагы кайсы булактарга негиздеп жазганын эске алганда, ал эмгекти жаратуу чоң жетишкендик болгон.