Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Кечирим суроо кыйынбы?

Кечирим суроо кыйынбы?

КӨЙГӨЙ

Жубайыңар экөөңөр жаңы эле уруша кеттиңер. Силер: «Эмне үчүн мен кечирим сурашым керек?! Өзү баштабадыбы!» — деп ойлойсуңар.

Уруш деле токтоду, анткен менен көкүрөктө бир нерсе калып калгандай сезилет. Жакшы эле кечирим сурайын дейсиңер, бирок «кечирип койчу» деген эки ооз сөздү айтуу кыйынга турат.

СЕБЕБИ

Текебердик. «Кээде кечирип койчу деп айткандан намыстанам»,— дейт Чарлз * деген үй-бүлөлүү киши. Өзүбүз да күнөөлүү экенибизди моюнга алууга текебердигибиз тоскоолдук кылышы мүмкүн.

Туура эмес көз караш. Кээ бирөөлөр кайсы бир көйгөйдүн пайда болушуна өздөрү күнөөлүү болгондо гана кечирим сураш керек деп ойлошот. Жил деген бир келин мындай дейт: «Күнөөнүн баары менде экенин билгенде кечирим сураш оңой. Ал эми экөөбүз тең күнөөлүү болгондо оңой эмес. Андайда: „Экөөбүз тең күнөөлүү болсок, эмне үчүн мен кечирим сурашым керек?“ — деп ойлойсуң».

Ал эми баарына толугу менен жарыңар күнөөлүү деп ойлосоңор, өзүңөрдү кечирим сурабаганга андан бетер акылуу сезишиңер мүмкүн. Жозеф мындай дейт: «Өзүңдү айыбың жок деп эсептесең, ошондой экенин көрсөткүң келгенсип кечирим сурабай жүрө бересиң».

Тарбия. Балким, силер бири-биринен кечирим сурап көнбөгөн үй-бүлөдө чоңойгондурсуңар. Эгер ошондой болсо, анда күнөөңөрдү моюнга алып, кечирим сураганды үйрөнүшүңөр керек болот. Бала кезден үйрөнбөгөндөргө чоңойгондо кечирим суроону адат кылуу кыйынга турат.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Кечирим суроо уруш-талаштын отун өчүрөт

Жарыңарды ойлогула. Бирөөнүн силерден кечирим сураганын жана ошондо өзүңөрдү кандай сезгениңерди эстеп көргүлө. Силер жубайыңардын да ошондой сезимде болушун каалайт болушуңар керек. Өзүңөрдү күнөөлүү эсептебесеңер да, көңүлүн оорутуп алганыңар үчүн же байкабай айтып алган сөзүңөрдүн, кылган ишиңердин кесепети үчүн жубайыңардан кечирим сурасаңар, көңүлүнө даба болот. (Ыйык Китептеги принцип: Лука 6:31.)

Үй-бүлөңөрдү ойлогула. Кечирим суроону өзүңөрдүн жеңилгениңер деп эмес, үй-бүлө ынтымагынын жеңиши деп эсептегиле. Ыйык Китепте таарынычы жазылбаган киши «чептүү шаарга» салыштырылат (Накыл сөздөр 18:19). Жанына жуутпаган андай киши менен мамилени оңдой албайсың же оңдосоң да, аябай кыйынга турат. Ал эми кечирим сурасаңар, таарынычтын ошондой деңгээлге жетип, ортодогу чеп болуп калышына жол бербейсиңер. Эгер кечирим сурай билсеңер, өзүңөрдөн да үй-бүлөңөрдү жогору көрөрүңөрдү көрсөтөсүңөр. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 2:3.)

Кечирим суроого даяр болгула. Толугу менен күнөөлүү болбосоңор, албетте, кечирим суроо оңойго турбайт. Анткен менен жубайыңар мүчүлүштүк кылса эле, силер да кылсаңар болот дегенди билдирбейт. Ошондуктан бара-бара баары унутулуп калат деп, кечирим сурабай койбогула. Эгер биринчи кечирим сурасаңар, жубайыңарга да силерден кечирим суроо оңой болот. Канчалык көп кечирим сурасаңар, кечирим суроо барган сайын ошончолук оңой боло берет. (Ыйык Китептеги принцип: Матай 5:25.)

Чын жүрөктөн сурагыла. Эмне үчүн тигиндей же мындай кылганыңарды түшүндүрүү кечирим суроо эмес. Ошондой эле «ушуга ушунча таарынып калсаң, кечирип кой анда» деген сыяктуу какшык сөздөр кечирим суроого жатпайт. Андыктан, жубайыңардын таарынганына себеп бар деп ойлойсуңарбы, же жокпу, өз катаңарды жана аны капа кылып алганыңарды моюнга ала билгиле.

Калыс болгула. Өзүңөр да жаңыларыңарды унутпагыла. Ошондой эле атүгүл кайсы бир жагдайда күнөөңөр жоктой сезилсе да, жагдайдын чоо-жайын толук билбешиңер мүмкүн экенин эске алгыла. Ыйык Китепте: «Сот ишин ким биринчи баштаса, ошонуку туура. Бирок атаандашы келет да, чын-төгүнүн текшерет»,— делген (Накыл сөздөр 18:17). Эгер калыс болуп, өз кемчилигиңерди билсеңер, кечирим суроо оңоюраак болот.

^ 7-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.