Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жан

Жан

Жан деген эмне экенине, адам өлгөндө эмне болоруна байланыштуу диндерде кайчы пикирлер көп. Бирок Ыйык Китепте бул нерселер так-айкын түшүндүрүлөт.

Адамдын өлбөс жаны барбы?

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр адамдын жаны өлбөйт деп ишенишет. Айрымдары дене өлгөндө, жан улам башка денеге көчүп, кайра-кайра жарала берет деп ишенишет. Башкалары болсо адам өлгөндө, жаны башка дүйнөгө, мисалы, асманга же тозокко кетет деген ойдо.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте жандын өлбөстүгү эмес, тескерисинче, өлөрү айтылат. Мисалы, Жезекиел деген пайгамбар күнөө кылган жандын өлүм менен жазаланарын жазган. Ыйык Китептин дагы бир жеринде өлүктү сүрөттөш үчүн «өлгөн жан» деген сөз колдонулган (Лебилер 21:11, шилтеме). Ооба, Ыйык Китептин эч жеринде жандын өлбөс экени жазылган эмес.

«Күнөө кылып жүргөн жан өлөт» (Жезекиел 18:20).

Жан менен дене эки бөлөк нерсеби?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Адам тирүү кезинде жан денени жандандырып турат, ал эми өлгөндө андан бөлүнүп кетет дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Башталыш 46:18де: «Зилпанын Жакыпка төрөп берген уул-кыздары... бардыгы биригип он алты жан эле»,— деп жазылган. «Жан» деген еврей сөзү «дем алуучу» деп да которулат. Бул сөз кээде атүгүл жаныбарларга карата колдонулат. Андан тышкары, Ыйык Китепте жанга тамак керек экени айтылат (Ышая 58:10). Эгер жан менен дене эки башка нерсе болсо, жанга дем алуунун жана тамактын зарылдыгы болот беле? Ыйык Китепте «жан» деген сөз көбүнчө бүтүндөй адамга: денесине, ой-сезимдерине жана кулк-мүнөзүнө карата колдонулат.

«[Анын] төрөп берген уул-кыздары... бардыгы биригип он алты жан эле» (Башталыш 46:18).

Адам өлгөндө жан эмне болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Өлгөндө кишинин денеси чирип жок болгондой эле, «көрдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок» (Насаатчы 9:10). Ыйык Китепке ылайык, адам өлгөндө, «анын деми чыгат да, өзү топуракка кайтат, ошол күнү ойлору ойрон болот» (Забур 146:4). Өлгөн жан эч кандай иш-аракет кылбайт, ошондуктан Ыйык Китепте өлгөн адам «уктап жаткан» адамга салыштырылат (Матай 9:24).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Жакшы көргөн адамыбыздан айрылганда: «Ал азыр каякта? Кандай абалда? Кыйналып жаткан жокпу?» — деп ойлонобуз. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн эч нерсе сезбей турганы айтылгандыктан, көзү өтүп кеткен жакындарыбыздын кыйналып жатпаганына шектенбесек болот. Ошондой эле Жахаба Кудайдын келечекте өлгөндөрдү тирилтерин билгенибиз да бизди сооротот (Ышая 26:19).

«Өлгөндөр эч нерсе билбейт» (Насаатчы 9:5).