Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Организмдин жараатты айыктыруу жөндөмдүүлүгү

Организмдин жараатты айыктыруу жөндөмдүүлүгү

Организмдин жашоосун шарттаган бир канча механизмдерге жараатты айыктыруу жана жабыркаган ткандарды калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгү кирет. Биздин организмибиз ал жөндөмдүүлүгүн жаракат алары менен колдоно баштайт.

Көңүл бурсаңар: Айыгуу процесси клеткалар аткарган бир катар татаал функциялардын аркасында ишке ашат:

  • Тромбоциттер жарааттын тегерегиндеги ткандарга чогулуп, канды уютат да, кан тамырлардын жабыркаган жерин бүтөйт.

  • Организмди инфекциядан коргой турган жана жаракат алган учурда кирген өгөй заттарды чыгарып сала турган сезгенүү процесси жүрөт.

  • Бир нече күн ичинде организм жабыркаган ткандарды, кан тамырларды калыбына келтирип, жараатты бүтөй баштайт.

  • Акыры бириктиргич ткандар жаракат алган жерди жамап, бышыктайт.

Кандын уюшуна таңыркаган окумуштуулар кандайдыр бир зыян келтирилгенде өзүн «айыктыра» турган пластиктерди иштеп чыгаруу аракетинде. Андай материалдарда жанаша жайгашкан экиден кеткен майда түтүкчөлөр болот. Алар ал материал зыянга учураганда агып чыга турган эки химиялык затка толтурулат. Ал эки зат аралашканда, гель пайда болот да, тешиктерге, жарака кеткен же ажырап кеткен жерлерге толуп калат. Анан ката баштайт да, бүлүнгөн материал баштагысындай бүтүн болуп калат. Бир окумуштуу синтетикалык материалдардын өзүн калыбына келтирүү процесси табиятта эбак эле бар болгон процессти эске салып турарын моюнга алган.

Кандай деп ойлойсуңар? Организмибиздин жараатты айыктыруу жөндөмдүүлүгү эволюциянын аркасында пайда болгонбу? Же бизди ушундай кылып Жаратканыбыз долбоорлогонбу?