Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын ой-ниети Падышалык аркылуу ишке ашарына бекем ишен

Кудайдын ой-ниети Падышалык аркылуу ишке ашарына бекем ишен

«Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү» (ЕВР. 11:1).

1, 2. Кудайдын адамзатка байланышкан ой-ниети Падышалык аркылуу ишке ашарына болгон ишенимибизди эмне бекемдейт жана эмне үчүн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

БИЗ Жахабанын Күбөлөрү катары башкаларга адамзаттын бардык көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чече аларын айтып, ал чындыкты Ыйык Жазманын негизинде түшүндүрүп берүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле Падышалык аткара турган иштер тууралуу ой жүгүртүү бизди абдан жубатат. Бирок Падышалыктын чындап эле бар экенине жана анын Кудайдын ой-ниетин ишке ашырарына канчалык бекем ишенебиз? Буга толук ишенүүгө кандай негиз бар? (Евр. 11:1).

2 Машаяк башкарган Падышалыкты адамзатка байланышкан ой-ниетин ишке ашыруу үчүн Кудуреттүү Кудай өзү негиздеген. Падышалык Жахабанын башкарууга болгон укугуна негизделгендиктен, анын пайдубалы бекем. Анын Падышасы, Падышанын кошо башкаруучулары кимдер болору жана аларга канчалык чоң бийлик берилери Жахаба же анын Уулу Иса Машаяк катышкан келишимдер аркылуу мыйзамдуу түрдө бекитилген. Ал келишимдер тууралуу ой жүгүртүү Кудайдын ой-ниетинин кантип аткарыларын тереңирээк түшүнүүгө жана  Падышалыктын пайдубалынын бекем экенине ынанууга жардам берет. (Оку: Эфестиктер 2:12.)

3. Ушул жана кийинки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Ыйык Китепте Машаяк башкарган Падышалыкка байланышы бар алты негизги келишим жөнүндө айтылат. Алар: 1) Ыбрайым менен түзүлгөн келишим, 2) Мыйзам келишими, 3) Дөөтү менен түзүлгөн келишим, 4) Мелкиседек сыяктуу дин кызматчы болуш үчүн түзүлгөн келишим, 5) жаңы келишим, 6) Падышалык келишими. Келгиле, алардын ар биринин Падышалыкка, ошондой эле Кудайдын жерге жана адамзатка карата болгон ой-ниетинин аткарылышына кандай байланышы бар экенин карап чыгалы. ( «Кудай ой-ниетин кантип аткарат?» деген кутучаны кара.)

КУДАЙДЫН ОЙ-НИЕТИ КАНТИП АТКАРЫЛАРЫН КӨРСӨТКӨН УБАДА

4. Башталыш китебинде жазылгандай, Жахаба адамдарга байланыштуу кандай үч чечим чыгарган?

4 Жахаба кереметтүү Жер планетасын адам баласы жашагыдай кылып даярдагандан кийин адамдарга байланыштуу үч чечим чыгарган. Тактап айтканда, ал адамдарды өзүнө окшоштуруп жаратууну, алардын бүт жер бетин бейишке айландырып, аны адил урпактарына толтурушун жана жакшы менен жаманды таанытып-билдире турган дарактын жемишинен жебеши керектигин чечкен (Башт. 1:26, 28; 2:16, 17). Кудайдын ой-ниети аткарылышы үчүн ушулар эле жетиштүү болчу. Анда эмне үчүн Кудай кийин келишимдерди түзгөн?

5, 6. а) Шайтан Кудайдын ой-ниетинин жүзөгө ашышына тоскоолдук кылуу үчүн эмне кылган? б) Жахаба Шайтандын кылган ишине кандай жооп кайтарган?

5 Шайтан Ибилис кара ниеттик менен Кудайдын ой-ниетинин жүзөгө ашышына тоскоолдук кылууну көздөгөн. Ан үчүн жогоруда айтылган үч чечимдин ичинен өзү оңой таасир эте ала турганын тандаган. Ал биринчи аялды, Обо энени, жакшы менен жаманды таанытып-билдире турган дарактын жемишинен жегенге азгырып, аны Кудайдын буйругун бузууга түрткөн (Башт. 3:1—5; Аян 12:9). Муну менен ал Кудайдын өзүнүн жаратууларынын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенин талашка салган. Ал эми кийинчерээк Кудайдын берилген кызматчыларынын ниетинин тазалыгына шек туудурган (Аюп 1:9—11; 2:4, 5).

6 Жахаба Шайтандын кылган ишине кандай жооп кайтарган? Ал өзүнө каршы чыккандарды ошол замат жок кыла алмак. Бирок анте турган болсо, жер бетин Адам ата менен Обо эненин тил алчаак урпактарына толтурам деген ниети аткарылбай калмак. Ошондуктан даанышман Жаратканыбыз аларды дароо жок кылбай, өзүнүн ар бир сөзү аткарыларына ынандырган пайгамбарлыкты айткан, башкача айтканда, Эйден багында убада берген. (Оку: Башталыш 3:15.)

7. Эйден багында берилген убададан жылан менен анын тукумуна байланыштуу эмнени билебиз?

7 Эйденде берген убадасы аркылуу Жахаба жылан менен анын тукумуна — Шайтан Ибилис менен ага кошулуп, Кудайдын башкарууга укуктуу экенине каршы болгондордун баарына — өлүм өкүмүн чыгарган. Кудай асмандагы аялдын тукумуна Шайтандын башын жанчууга бийлик берген. Ошентип, Эйден багында берилген убададан Шайтан жана анын иштеринин кесепети жок кылынары эле эмес, анын кантип ишке ашары да айкын болгон.

8. Аял менен анын тукуму жөнүндө эмне айтууга болот?

8 Аялдын тукуму ким болмок? Тукум жыландын башын жанчый тургандыктан, тагыраак айтканда, көзгө көрүнбөгөн рухий жаратуу болгон Шайтан Ибилисти «жок кыла» тургандыктан,  ал да рухий жаратуу болууга тийиш эле (Евр. 2:14). Демек, ошол тукумду төрөй турган аял да кадимки аял эмес болчу. Жыландын тукуму жыл өткөн сайын көбөйө берген, ал эми аял менен анын тукуму ким экени, Жахаба Эйден багында убада бергенден кийин, дээрлик 4 000 жыл бою сыр болуп келген. Бирок ошол убакыт аралыгында Жахаба бир нече келишим түзүп, алар аркылуу кызматчыларына тукум жөнүндө көп нерсени ачып берген жана аларды Шайтан келтирген зыяндын баарын ошол тукум аркылуу жоёруна ынандырган.

ТУКУМ ЖӨНҮНДӨ КӨП НЕРСЕНИ АЙКЫН КЫЛГАН КЕЛИШИМ

9. Ыбрайым менен түзүлгөн келишим качан күчүнө кирген?

9 Шайтанга өкүм чыгарылгандан 2 000 жылдай өткөндөн кийин, Жахаба уруу башчысы Ыбрайымга Месопотамиянын Ур шаарындагы үй-жайын калтырып, Канаан жерине барууну буйрук кылган (Элч. 7:2, 3). Жахаба ага мындай деген: «Жериңди, туугандарыңды, атаңдын үйүн калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар. Сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, ысмыңды улуу кылам; башкалар үчүн бата болосуң. Сага бата бергендерге батамды берем, сени каргагандарды каргайм, сен аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алышат» (Башт. 12:1—3). Кудайдын бул убадасы Ыбрайым менен түзүлгөн келишим деп аталат. Ал келишимдин Ыбрайым пайгамбар менен алгачкы жолу качан түзүлгөнүн так айта албайбыз. Анткен менен анын б.з.ч. 1943-жылы Ыбрайым пайгамбар 75 жашында Харан жеринен чыгып, Эфрат дарыясын кечип өткөндө күчүнө киргени айкын.

10. а) Ыбрайым пайгамбар Кудайдын убадаларына бекем ишенерин кантип көрсөткөн? б) Жахаба аялдын тукумуна байланыштуу эмнелерди ачып берген?

10 Жахаба Ыбрайым пайгамбарга берген убадасын бир нече жолу кайталаган жана ар бир жолкусунда  кошумча нерселерди ачып берген (Башт. 13:15—17; 17:1—8, 16). Пайгамбар жалгыз уулун курмандыкка чалууга даяр болуп, Кудайдын убадаларына бекем ишенерин көрсөткөндө, Кудай аны берген убадасынын сөзсүз аткарыларына ынандырып, келишимин дагы бир ирет бышыктаган. (Оку: Башталыш 22:15—18; Еврейлер 11:17, 18.) Ыбрайым менен түзүлгөн келишим күчүнө киргенден тартып, Жахаба аялдын тукумуна байланыштуу маанилүү нерселерди ачып бере баштаган. Бара-бара ал тукумдун Ыбрайым пайгамбардын урпактарынан чыгары, көп санда болору, падышалык кызматты аткарары, бүт душмандарды кыйратары жана көптөргө бата алып келери белгилүү болгон.

11, 12. Ыйык Китептен Ыбрайым менен түзүлгөн келишимдин каймана мааниде да аткарылары кандайча көрүнүп турат жана мунун бизге кандай тиешеси бар?

11 Ыбрайым пайгамбардын урпактары Кудай убада кылган жерди ээлегенде, аны менен түзүлгөн келишим түзмө-түз аткарылган. Бирок, Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык, ал каймана мааниде да аткарылышы керек болчу (Гал. 4:22—25). Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен түшүндүргөндөй, Ыбрайым пайгамбардын тукумунун негизги бөлүгүн Машаяк, ал эми экинчи даражадагы бөлүгүн анын 144 000 майланган жолдоочусу түзөт (Гал. 3:16, 29; Аян 5:9, 10; 14:1, 4). Ал тукумду «төрөй турган» аял «жогорку Иерусалимди» — Кудайдын уюмунун ишенимдүү периштелерден турган асмандагы бөлүгүн — билдирет (Гал. 4:26, 31). Ыбрайым менен түзүлгөн келишимде убада кылынгандай, аялдын тукуму бүт адамзатка бата алып келет.

Ыбрайым пайгамбар Кудайдын убадаларына бекем ишенерин көрсөткөн (10-абзацты кара)

12 Ал келишим Кудайдын Падышалыгынын мыйзамдуу экенине кепилдик берип, Падыша менен анын кошо башкаруучуларына Падышалыкты мурастоого жол ачкан (Евр. 6:13—18). Ыбрайым менен түзүлгөн келишим кайсы убакка чейин күчүндө болмок? Башталыш 17:7де анын «түбөлүккө түзүлгөнү» айтылат. Ал келишим Машаяк башкарган Падышалык Кудайдын душмандарынын баарын кыйратып, жер бетиндеги бардык адамдар бата алганга чейин күчүндө болот (1 Кор. 15:23—26). Бирок ал аркылуу адамзатка тийген бата түбөлүккө созулат. Ыбрайым менен түзүлгөн келишимден Жахабанын жер бетин адил адамдарга толтурууга байланышкан убадасын сөзсүз аткарарын көрүүгө болот (Башт. 1:28).

ПАДЫШАЛЫКТЫН ТҮБӨЛҮККӨ БИЙЛИК КЫЛАРЫНА КЕПИЛДИК БЕРГЕН КЕЛИШИМ

13, 14. Дөөтү менен түзүлгөн келишим Машаяктын бийлигине байланыштуу эмнеге кепилдик берет?

13 Эйден багындагы убада жана Ыбрайым менен түзүлгөн келишим Жахабанын Машаяк башкарган Падышалык аркылуу жүргүзгөн бийлиги толугу менен анын адил нормаларына негизделерин көрсөтүп турат (Заб. 89:14). Ал Падышалык качандыр бир убакта бузулуп, аны алмаштырууга туура келиши мүмкүнбү? Андай болушу мүмкүн эмес экенине дагы бир келишим кепилдик берет.

14 Жахаба байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтүгө да убада берген. Ал Дөөтү менен түзүлгөн келишим деп аталат. (Оку: 2 Шемуел 7:12, 16.) Жахаба ал келишимди Дөөтү падыша Иерусалимде бийлик кылып турганда түзүп, Машаяктын анын урпагы болорун убада кылган (Лк. 1:30—33). Ошентип, Жахаба тукумдун кимден чыгарын мурдагыдан да айкыныраак кылган жана анын падышалык такка отурууга «укугу бар» экенин айткан (Жез. 21:25—27). Иса Машаяк аркылуу Дөөтүнүн падышалыгы «түбөлүккө орнотулат». Чынында эле, Дөөтүнүн «тукуму түбөлүктүү болуп», анын тактысы да «күнгө окшоп» түбөлүккө турат (Заб.  89:34—37). Ырас, Машаяктын бийлиги эч качан бузулбайт жана ал аткарган иштер түбөлүккө пайда алып келет.

ДИН КЫЗМАТЧЫЛЫК ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМ

15—17. Мелкиседек сыяктуу дин кызматчы болуш үчүн түзүлгөн келишимге ылайык, аялдын тукуму дагы кандай кызматты аткармак жана эмне үчүн?

15 Ыбрайым жана Дөөтү менен түзүлгөн келишимдерден көрүнгөндөй, аялдын тукуму падышалык кызматты аткарат. Бирок бүт элдер бата алышы үчүн бул жетишсиз. Анткени адамзат чындап бактылуу болушу үчүн күнөөдөн толугу менен арылып, Жахабанын ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнө кошулушу керек. Ан үчүн тукум дин кызматчылык милдетти да аткарууга тийиш. Ошондуктан акылман Жаратканыбыз дагы бир келишим түзгөн. Ал Мелкиседек сыяктуу дин кызматчы болуш үчүн түзүлгөн келишим деп аталат.

16 Дөөтү падыша аркылуу Кудай Иса Машаяк менен келишим түзөрүн ачып берген. Ал келишим эки нерсени камтыган. Биринчиден, Иса Машаяк, Кудай душмандарын бут алдына жыгып бергенче, анын «оң жагында» отурмак. Экинчиден, «Мелкиседек сыяктуу дин кызматчы» болмок. (Оку: Забур 110:1, 2, 4.) Эмне үчүн «Мелкиседек сыяктуу» деп айтылган? Ыбрайым пайгамбардын урпактары Кудай убада кылган жерди мурастаардан бир топ убакыт мурун, Салимдин падышасы Мелкиседек «Эң Жогорку Кудайдын дин кызматчысы» болгон (Евр. 7:1—3). Аны ал кызматка Жахаба өзү дайындаган. Еврей Жазмаларында Мелкиседектин гана бир эле учурда падыша да, дин кызматчы да болгону айтылат. Андан тышкары, аныкындай кызматты ага чейин же андан кийин кимдир бирөөнүн аткарганы жөнүндө эч нерсе айтылбагандыктан, аны «түбөлүккө дин кызматчы» деп айтууга болот.

17 Анын сыңарындай, Иса Машаяк да дин кызматчылыкка Жахаба түзгөн келишим аркылуу дайындалган. Андыктан ал «түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу дин кызматчы» бойдон кала берет (Евр. 5:4—6). Ошентип, Жахаба жерге жана адамзатка байланышкан ой-ниетин Машаяк башкарган Падышалык аркылуу ишке ашырарына кепилдик берген.

КЕЛИШИМДЕР — ПАДЫШАЛЫКТЫН МЫЙЗАМДУУ ЭКЕНИНИН ДАЛИЛИ

18, 19. а) Биз карап чыккан келишимдерден Падышалыкка байланыштуу эмнелер айкын болгон? б) Дагы кайсы суроого жооп алабыз?

18 Мына ошентип, бул макалада келишимдердин айрымдарын карап чыгып, алардын Машаяк башкарган Падышалыкка кандай байланышы бар экенин жана Падышалыктын толугу менен мыйзамдуу экенин көрдүк. Эйденде берген убадасы аркылуу Жахаба жер бетине жана адамзатка байланыштуу ой-ниетин ишке ашыруу үчүн аялдын тукумун колдонорун көрсөткөн. Ыбрайым менен түзүлгөн келишимден тукумдун өзү жана аткара турган кызматы тууралуу көп нерселер айкын болгон.

19 Дөөтү менен түзүлгөн келишимден болсо тукумдун негизги бөлүгү кимден чыгары баштагыдан да айкыныраак болгон. Ал келишим Падышалык аткара турган иштер түбөлүккө пайда алып келиши үчүн тукумга жер үстүнөн башкарууга укук берген. Ал эми Мелкиседек сыяктуу дин кызматчы болуш үчүн түзүлгөн келишим тукумдун дин кызматчылык милдетти аткарарына кепилдик болгон. Бирок адамзатка жеткилеңдикке жетүүгө жалгыз эле Иса Машаяк көмөк кылбайт. Аны менен бирге падыша жана дин кызматчы болууга башкалар да дайындалган. Алар кимдердин арасынан тандалмак? Бул суроого кийинки макалада жооп берилет.