Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акча маселеси

Акча маселеси

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Акча маселеси

Жолдошу: «Менин оюмча, аялым Лаура * акчаны болбогон нерселерге жумшай берет. Чынын айтсам, анын сатып алган нерселери бизге зарыл деле эмес. Ал акчаны жакшы кармай албайт. Ушунун айынан акчабыз тартыш болуп калган учурлар көп болот. Аялымдын колуна акча тийди дегиче эле, баарын коротуп салат».

Жубайы: «Балким, мен чын эле акчаны туура уруна албайттырмын, бирок жолдошум тамак-ашка, үйгө керектүү буюмдарга жана үйгө байланыштуу чыгымдарга канча акча кетерин ойлоп да койбойт. Мен ага караганда үйдө көбүрөөк болом жана үй-тиричилигине эмнелер керек экенин жакшыраак билем. Ошондуктан акчага байланыштуу талаш-тартыштар чыгарын билсем да, керектүү оокаттарды сатып алам».

ЖУБАЙЛАРГА акча тууралуу жайынча отуруп сүйлөшүү оңойго турбашы мүмкүн. Андыктан үй-бүлөдө талаш-тартыштар көбүнесе акчанын айынан келип чыгары таң калыштуу эмес.

Акчага тең салмактуулук менен мамиле кылбаган жубайлар стресске кабылышы мүмкүн жана ыркы кетип, эмоциялык жактан жабыркашат. Атүгүл Кудай менен болгон мамилелери да солгундайт (1 Тиметей 6:9, 10). Акча маселесин өз убагында чечип, акчаны туура колдоно билбеген жубайларга көбүрөөк иштөөгө туура келет. Натыйжада аларда балдарына жана бири-бирине эмоциялык жана рухий жактан жөлөк-таяк болууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Аны көргөн балдары да акчага тең салмактуулук менен мамиле кылууга үйрөнүшпөйт.

«Акча коргойт»,— деп жазылган Ыйык Китепте (Насаатчы 7:12, «ЖД»). Бирок акча сенин үй-бүлөңдү аны туура колдонууну эле эмес, ал жөнүндө жубайың менен талкуулашканды үйрөнгөндө гана коргойт *. Акча тууралуу талашып-тартышпастан, жайынча отуруп талкуулашуу жубайлардын ортосундагы мамилелерди бекемдейт.

Эмне себептен үй-бүлөдө көптөгөн көйгөйлөр акчанын айынан чыгат? Канткенде акча маселесин урушпай-талашпай, жылуу маанайда чечүүгө болот?

Көйгөйдүн тамыры эмнеде?

Көбүнчө акча жаатындагы пикир келишпестиктер акчанын эмнеге короп жатканынан эмес, жубайлардын бири-бирине ишенбегендигинен жана тынчсыздануулардан улам келип чыгат. Мисалы, аялынан ар бир тыйындын эсеп-чотун талап кыла берген күйөө аялынын акчаны туура колдоноруна шектенгендигин көрсөтөт. Ал эми аялынын күйөөсүнө акча кармаганды билбейсиң дегени эртеңки күнү акчадан кыйналып калабыз деп тынчсызданганын билдирет.

Жубайлардын көргөн тарбиясы ар башка болгондуктан да кыйынчылыктар келип чыгат. «Менин аялым акчаны туура колдоно билген үй-бүлөдө чоңойгон,— дейт үй-бүлө курганына сегиз жыл болуп калган Мэтью.— Ал менин акчаны каякка коротуп жатканым тууралуу тынчсыздана бербейт. Ал эми менин атам болсо көп ичер эле, ошондой эле чылым чекмейинче тура алчу эмес. Жумушка орношо албай көп убакытка чейин жумушсуз жүрүп калчу. Үйүбүздө эч нерсе жок болуп кыйналган учурларыбыз көп болгон. Ошондуктан мен карызга батып калбасак экен деп, тынчсыздана берчүмүн. Кээде акча маселесине келгенде азыр да тынчсызданып, аялыма туура эмес мамиле кылып алам». Келишпестиктердин келип чыгышынын себеби кандай болбосун, акча ортоңордогу мамилеңерди бузбай, тескерисинче, бекемдеши үчүн эмне кылсаңар болот?

Ийгиликке төрт кадам

Ыйык Китеп эсеп-кысап көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган китеп эмес. Бирок анда акчанын айынан келип чыга турган көйгөйлөрдөн алыс болууга байланыштуу кеңештер камтылат. Ошол себептен Ыйык Китепке негизделген төмөндөгү кеңештерди талдап көрүүгө эмне үчүн болбосун?

1. Акча жөнүндө сүйлөшкөндө жумшак болууга үйрөн. «Кеңешкендерде акыл бар» (Накыл сөздөр 13:10). Көргөн тарбияңа байланыштуу башкалар менен, өзгөчө, жарың менен акча тууралуу сүйлөшүү ыңгайсыз болушу мүмкүн. Бирок ошентсе да мындай маанилүү нерсе тууралуу талкуулаша билүүнү үйрөнүп алганың акылдуулукка жатат. Мисалы, жарыңа ата-энеңдин акчага болгон көз карашы сага кандай таасир эткенин айтып берсең болот. Ошондой эле жарыңдын кандай тарбия көргөнүн эске алууга аракет кыл.

Акчага байланыштуу маселени көйгөй пайда болмоюнча талкуулашпай күтүп жүрө бербе. Ыйык Китепти жазууга катышкан бир пайгамбар: «Эки адам өз ара макулдашпай туруп жолго чыгабы?» — деген (Амос 3:3). Бул принципти кандайча колдонууга болот? Эгер жарың экөөң акча маселесине байланыштуу сүйлөшөрүңөрдү алдын ала макулдашып алсаңар, ар кандай түшүнбөстүктөрдөн келип чыга турган чыр-чатактан алысыраак болосуңар.

КЕҢЕШ: үй-бүлөнүн киреше-чыгашасы тууралуу такай сүйлөшүп туруу үчүн атайын бир күндү белгилеп кой. Ал тууралуу ар бир айдын же жуманын биринчи күнүндө сүйлөшсөңөр болот. Ага ашып кетсе 15 мүнөт же андан аз убакыт бөлөттүрсүңөр. Сүйлөшүүгө жубайың экөөңдүн тең маанайыңар жакшы болуп турган убакты танда. Акча жөнүндө тамак ичип жатканда же балдар менен эс алып жаткан учурда сүйлөшпөөнү жубайың менен макулдашып ал.

2. Кирешеге кандай караарыңарды чечип алгыла. «Урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла» (Римдиктер 12:10). Эгер үйдө жалгыз сен иштеп, акчаны сен тапсаң, тапкан акчаны жеке өзүңдүкү эмес, жалпы үй-бүлөнүкү катары кароо менен жарыңа урмат көрсөтө аласың (1 Тиметей 5:8).

Эгер үйдө экөөңөр тең иштесеңер, канча тапканыңарды жана кандай чыгымдар болгонун ачык айтуу менен бири-бириңерди сыйлаарыңарды көрсөтө аласыңар. Ал эми ачык айтпай жашыруу ишенбестикке алып келип, ортоңордогу мамилеге жик салат. Бул ар бир тыйынды каякка короторуңду жарың менен сөзсүз эле кеңешишиң керек экенин билдирбейт. Бирок чоңураак суммадагы акча коротордо жарың менен кеңешкениң анын көз карашын баалаарыңды айгинелейт.

КЕҢЕШ: бири-бириңер менен кеңешпей туруп эле канча суммага чейин — 20 сомбу, 200 сомбу же андан да көппү — короторуңарды алдын ала макулдашып алгыла. Эгер чечишип алган суммадан көбүрөөк акча корото турган болсоңор, анда сөзсүз бири-бириңер менен кеңешкиле.

3. Планыңды кагазга жазып ал. «Аракетчил кишинин ойлору молчулукка умтулат» (Накыл сөздөр 21:5). Келечек жөнүндө ойлонуп, эмгегибизди талаага кетирбөөнүн бир жолу — үй-бүлөнүн киреше-чыгашаларын эсептөө. Турмушка чыкканына беш жыл болгон Нина мындай дейт: «Канча акча түшүп, канча акча сарпталып жатканын кагазга жазсаң, жыйынтыгын көрүп, көргөн көзүңө ишенбей таң каласың. Аларды кагазга түшүрүү акчанын каякка кетип, кандай сарпталып жатканын көрүүгө жардам берет».

Үй-бүлөнүн киреше-чыгашасын эсептөөнүн жөнөкөй болгону жакшы. Никеге турганына 26 жыл болгон эки баланын атасы Дарен мындай дейт: «Башында акчабызды конверттерге салып жүрдүк. Бир жумага жете турган акчаны өз өзүнчө конверттерге салып койчубуз. Мисалы, акчаларды тамак-ашка, көңүл ачууга жана чачтарачка деп өз өзүнчө конверттерге бөлүштүрчүбүз. Эгер кайсы бир нерсеге акчабыз жетпей калса, башка нерсеге деп бөлүштүрүп койгон конверттеги акчадан „карызга“ убактылуу ала турчубуз. Бирок мүмкүнчүлүк болору менен акчаны кайсы конверттен алсак, ошол конвертке салууга, башкача айтканда, „карызды“ кайрып берүүгө аракет кылчубуз». Акчаны каякка жумшоону алдын ала пландаштыруу жана анын каякка сарпталып жатканын эсептеп туруу абдан маанилүү.

КЕҢЕШ: жалпы жонунан канча акча чыгым кыларыңды кагазга жаз. Кирешеңдин канчасын сактап коюшуң керек экенин чечип ал. Андан соң тамак-ашка, электр жарыгына, телефонго жана башкага кете турган чыгымдарды тизмеге түшүр. Анан бир нече ай бою аталган нерселерге чынында канча акча кетип жатканын эсептей жүр. Эгер зарыл болсо, карызга батпаш үчүн, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жаса.

4. Ким эмнеге жооп берерин чечишип алгыла. «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат» (Насаатчы 4:9, 10). Айрым үй-бүлөлөрдө акчаны күйөсү кармайт. Ал эми кээ бир үй-бүлөлөрдө акчаны аялы жакшы кармашы мүмкүн (Накыл сөздөр 31:10—28). Бирок көптөгөн жубайлар акчага аялы же күйөөсү эле эмес, экөө тең жооптуу болууну чечип алышат. Үйлөнгөнүнө 21 жыл болгон Марио мындай дейт: «Аялым электр жарыгына, телефонго жана башка майда-чүйдө нерселерге кетчү чыгымдарга жооп берет. Ал эми салыктарды, контракттарды жана квартиранын акчасын төлөө менин мойнумда. Акчанын каякка кетип жатканын бири-бирибизден жашырбай ачык айтып, эриш-аркак оокат кылабыз». Кандай ыкманы колдонбо, «меники сеники» дебей бир кишидей иш алпаруу эң сонун натыйжа берет.

КЕҢЕШ: бири-бириңердин күчтүү жана алсыз жактарыңарды эске алып, ким эмнеге жооп берерин макулдашып алгыла. Бир-эки ай өткөндөн кийин милдеттерди кандай бөлүштүрүү керектигин кайрадан талкуулагыла. Эгер зарыл болсо, өзгөрүү жасоого даяр болгула. Жарыңдын электр жарыгына, телефонго жана башка нерселерге акча төгүүгө, үйгө керектүү майда-чүйдө буюмдарды сатып алууга жумшаган эмгегин баалаш үчүн, анда-санда милдеттериңерди алмашып тургула.

Акча маселесин талкуулап жатканда эмнеге көңүл буруу керек?

Акча жөнүндө талкуулашууңар ортоңордогу сүйүүнүн сууп калышына алып келбеши керек. Баш кошконуна беш жыл болуп калган Лея мунун маанилүү экенин төмөндөгү сөздөр менен баса белгилейт. Ал: «Жолдошум экөөбүз акча жөнүндө сүйлөшкөндө бири-бирибизден эч нерсе жашырбайбыз. Ошонун аркасында эки жаат болбой, биримдикте болуп, бири-бирибизге болгон сүйүү уламдан улам артып келет»,— деп бөлүшөт.

Жубайлар акчаны каякка жумшаарын талкуулашып жатканда, каалаган жана кыялданган нерселери тууралуу бөлүшүп, бири-бирине болгон берилгендигин көрсөтө алышат. Алардын чоң буюм сатып алардын алдында өз ара кеңешкени бири-биринин көз карашын жана сезимдерин сыйлаарын көрсөтөт. Ошондой эле кайсы бир өлчөмдөгү акчаны кеңешпей туруп эле сарптоону макулдашып алганы бири-бирине ишенерин айгинелейт. Мындай иш-аракеттердин аркасында ортодогу мамилелер чыңалат. Ортодогу ысык мамиле акчадан алда канча артык! Анда анын айынан талашып-тартышуунун зарылдыгы барбы?

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 7-абз. Ыйык Китепте «күйөө — аялынын башчысы» делет. Андыктан күйөө үй-бүлөнүн акчасын туура колдонууга эле эмес, аялына сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылууга да милдеттүү (Эфестиктер 5:23, 25).

ОЙЛОНУП КӨР:

▪ Жарым экөөбүз акча жөнүндө талашып-тартышпай, жайынча отуруп акыркы жолу качан сүйлөштүк эле?

▪ Өмүрлүк жарымдын үй-бүлөнү багуу үчүн кылып жаткан иш-аракеттерине ыраазы экенимди кандай сөздөр же иштер менен билдирсем болот?

[28-беттеги сүрөт]

Сен үчүн акча маанилүүбү же жарыңбы?