Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Акча кармаганды билесиңерби?

Акча кармаганды билесиңерби?

КӨЙГӨЙ

Банктагы эсебиңерди карасаңар эле, акчаңар азайып баратыптыр. Баш кошконуңарга аз эле убакыт болсо да, бир топ чыгым болуптурсуңар. Буга өмүрлүк жарыңар күнөөлүүбү? Андай жыйынтык чыгарууга шашпагыла. Андан көрө, чогуу ойлонуп, эмне себептен ушундай абалга туш болгонуңарды талдап көргүлө *.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Жагдайдын өзгөрүшү. Эгер турмуш курганга чейин ата-энеңер менен чогуу жашасаңар, төлөмдөрдү төлөө, акча бөлүштүрүү деген нерселер силер үчүн жаңы нерсе болушу мүмкүн. Анын үстүнө, өмүрлүк жарыңардын акчага карата көз карашы силердикинен айырмаланышы ыктымал. Мисалы, бириңер коротконго жакын болсоңор, экинчиңер чогултканга жакын болушуңар мүмкүн. Ошондуктан жубайларга айрым нерселерди өзгөртүп, акчаны кантип туура пайдаланыш керектигине байланыштуу бир пикирге келип, ошого ылайык иш кылышы үчүн убакыт талап кылынат.

Ойлонбой ала берсеңер, карызыңар отоо чөптөй дүркүрөп өсө берет

Созуп жүрө берүү. Учурда иши жакшы жүрүп жаткан Жим деген ишкер жаңы үйлөнгөн кезинде акчаны кармай албаганынын кесепетин тартканын жашырбай, мындай дейт: «Мен төлөмдөрдү убагында төлөбөй жүрө бергендиктен, жубайым экөөбүз акырында туумга эле миңдеген долларларды төлөгөнбүз. Ошентип, бир тыйыны жок отуруп калганбыз».

Көзгө көрүнбөгөн капкан. Капчыгыңардын жукарып баратканын көрбөсөңөр, акчаны ойлонбой эле корото беришиңер мүмкүн. Мисалы, кредиттик картаны же дебеттик картаны колдонсоңор, же бир нерсени Интернет аркылуу сатып алсаңар, же банк эсебин Интернет аркылуу жүргүзсөңөр, көп акча коротуп коюшуңар ыктымал. Ошондой эле оңой жол менен насыяга алынган акчаны коротуп коюу да оңой.

Көп коромжу болушуңарга эмне себеп болбосун, акча маселеси — нике түйүнүн ыдыраткан олуттуу көйгөй. Нике тууралуу бир китепте көптөгөн жубайлардын ортосундагы көйгөй, акчасы аз болобу, көп болобу, негизинен, акчанын айынан болору айтылган. Ошондой эле анда жаңжалдын баары акчадан чыгары жазылган («Fighting for Your Marriage»).

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Кеңешип иш кылгыла. Бири-бириңерди күнөөлөй бергендин ордуна, биргелешип иш кылгыла. Кеңешип баштаганда эле акча маселесинин экөөңөрдүн мамилеңерди суутуп коюшуна жол бербей турганыңарды чечип алгыла. (Ыйык Китептеги принцип: Эфестиктер 4:32.)

Бюджет түзүп алгыла. Аз болобу, көп болобу, бир айдын ичинде кеткен чыгымдын баарын жазып жүргүлө. Ошентсеңер, акчаңардын каякка кетип жатканын жана зарыл эмес нерселерге канча кеткенин билип турасыңар.

Тамак-аш, кийим-кечек, ижара, ипотека, машине сыяктуу зарыл нерселердин тизмесин түзүп, алардын тушуна кайсы бир убакыттын ичинде, алсак, бир айдын ичинде канча акча кетерин жазып койгула. (Ыйык Китептеги принцип: Лука 14:28.)

«Карыздар — карыз бергендин кулу» (Накыл сөздөр 22:7).

Ай сайын зарыл нерселердин ар бирине (тамакка, ижарага, машиненин майына жана башка ушу сыяктуу нерселерге) акча бөлүп койгула. Айрымдар ал акчаны өз-өзүнчө кылып конверттерге салып коюшат *. Анан конверттердин бириндеги акча түгөнгөндө, ошол конверттеги акча жумшала турган нерсеге башка акча коротушпайт же акчаны башка конверттен алышат.

Көз карашыңарды текшергиле. Адам жаңы чыккан нерселерди сатып алганда эле бактылуу болуп кетпейт. Иса Машаяк: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деген (Лука 12:15). Акчаны кандай пайдаланганыңардан Иса Машаяктын бул сөздөрүнө ишенер-ишенбесиңер көрүнөт. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Тиметей 6:8.)

Көз карашыңарды өзгөрткүлө. Үйлөнгөнүнө эки жыл болгон Арун мындай дейт: «Кабелдик телевидениеге, кафе-ресторандарга жана башка ушу сыяктуу нерселерге башында көп деле акча кетпечүдөй сезилет, бирок, карасаң эле, чөнтөгүң жукарып калган болот. Биз акчабызга карап жашаш үчүн айрым нерселерден баш тартышыбыз керектигин түшүндүк».

^ абз. 4 Бул макала жаңы үйлөнгөндөргө арналса да, мындагы кеңештер үй-бүлө күткөнүнө көп болуп калгандар үчүн да пайдалуу.

^ абз. 14 Төлөмдөрдү электрондук жол менен же кредиттик карта аркылуу төлөсөңөр, конвертке акчанын суммасын жазып, салып койгула.