Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ооруп жаткан досубузга кантип жардам бере алабыз?

Ооруп жаткан досубузга кантип жардам бере алабыз?

Ооруп жаткан досубузга кантип жардам бере алабыз?

КАТУУ ооруга чалдыккан досуңду эмне деп жубатышты билбей калган учуруң болду беле? Эгер ошондой болсо, тынчсызданба. Сен досуңа жардам бере аласың. Кантип? Албетте, буга карата атайын эрежелер жок. Бул маданий айырмачылыктардан, адамдын кулк-мүнөзүнөн көз каранды. Ошондуктан бирөөнө жардам берген нерсе, экинчисине жардам бербеши мүмкүн. Анын үстүнө, ооруган адам бирде өзүн жакшы сезсе, бирде жаман сезиши, жагдай-шарты өзгөрүп турушу ыктымал.

Эң негизгиси, өзүңдү анын ордуна коюп көрүп, анын чынында эмнени каалаарын жана сенден кандай жардамды күтүп жатканын аңдоого аракет кыл. Ан үчүн эмне кылсаң болот? Төмөндө буга байланыштуу Ыйык Китепке негизделген бир нече принцип берилген.

Кунт коюп ук

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕР:

«Ар бир адам укканга даяр болсун, сүйлөгөнгө... шашпасын» (ЖАКЫП 1:19).

«Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» (НАСААТЧЫ 3:1, 7).

▪ Ооруп жаткан досуңдун ал-акыбалын сураганы барганда анын сезимдерин түшүнүүгө аракет кыл жана кунт коюп ук. Кеңеш бергенге шашылба; анын көйгөйүн чечүүгө өзүңдү милдеттүү сезбе. Болбосо, өзүң байкабай анын көңүлүн оорутуп алышың мүмкүн. Досуң сенин кеңеш беришиңе эмес, чын жүрөктөн аны түшүнүү менен көңүл коюп угушуңа муктаж.

Досуң оюн айтып жатканда, сөзүн бөлбө. Аны аягына чейин ук. Анын оорусун кадимки эле нерседей кылып көрсөткөн сөздөрдү айтуудан кач. «Мен менингиттин оор түрү менен ооруп, кийин көзүм көрбөй калды,— дейт Эмилию *.— Көңүлүм чөгүп, кайгырганда досторум: „Мындай оору менен сен эле ооруган жоксуң да, сеникинен да жаман ооруга чалдыккандар бар“,— деп жубатууга аракет кылышат. Алар ушундай сөздөрдү айтуу менен мени жубатып жатам деп ойлошот, бирок жубатпай эле, кайра, ого бетер көңүлүмдү чөгөрүп жатышканын түшүнүшпөйт».

Досуң ички сезимдери менен бөлүшүп жатканда, аны сындаба. Мисалы, коркуп жатканын айтса, «коркпой эле кой» дегендин ордуна, аны түшүнө бил. Рак оорусу менен күрөшүп жүргөн Элиана: «Абалымды ойлогондо, коркуп, ыйлаган учурларым болот, бирок бул менин Кудайга таянбай жатканымды билдирбейт»,— дейт. Досуңдан сенин оюңдагыдай болушун күтпө, аны кандай болсо, ошондой кабыл ал. Анын абалы азыр башка экенин, ал мурда кылып жүргөн нерселерди азыр кыла албай турганын унутпа. Чыдамдуу бол. Айткан нерсесин кайра-кайра айта берсе да, аны кунт коюп ук (1 Падышалар 19:9, 10, 13, 14). Ал сага ичиндеги ой-сезимдерин айткысы келиши мүмкүн.

Боорукер бол, абалын эске ал

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕР:

«Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (РИМДИКТЕР 12:15).

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле жасашын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле жасагыла» (МАТАЙ 7:12).

▪ Өзүңдү досуңдун ордуна коюп көр. Эгер ага операция жасалганы жатса, же ал дарыланып жатса, же анализдин жыйынтыгын күтүп жатса, аябай тынчсызданышы мүмкүн. Анын ушундай учурларда өзүн жаман сезерин, көңүлү чөгөрүн эске алып, ага түшүнүү менен мамиле кыл. Андайда көп суроо берүүнүн, өзгөчө, жеке өзүнө тиешелүү суроолорду берүүнүн зарылдыгы жоктур.

«Бейтаптар оорусу жөнүндө өздөрү сүйлөшкүсү келгенде, алар кандай темпте сүйлөбөсүн, аларды уккула,— дейт Ана Каталифоз аттуу бир психолог.— Алар сүйлөшкүсү келгенде, эмне жөнүндө сүйлөшүүнү каалабасын, алар менен сүйлөшкүлө. Ал эми сүйлөшкүсү келбегенде жөн эле жанында отургула, ошентүү менен эле аларга бир топ колдоо көрсөткөн болосуңар. Балким, алар силерге ыйлап алгысы келип жаткандыр».

Досуңдун башкалар билишин каалабаган айрым нерселери болорун эсиңен чыгарба. Рак менен эки жолу ооруган Розан Калик аттуу жазуучу мындай дейт: «Ооруп жаткан адамдын силерге айткан нерселери силердин эле ичиңерде калганы жакшы. Эгер силерден үй-бүлөнүн өкүлү болушуңарды суранбаса, эч кимге эч кандай маалымат бербегиле. Андан айткысы келбеген нерсени сурабагыла». Рак болуп ооруган Эдсон болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Бир досум мени рак болуп ооруп жатыптыр, жакында өлөт экен деп баарына жайып жибериптир. Өзүм жаңы эле операция болгом. Мен рак экенимди билчүмүн, бирок анализимдин жыйынтыгы чыга элек болчу. Метастаз да жок болчу. Бирок досумдун туура эмес маалыматты жайылтып жибергенинин айынан жубайым аябай жаман болгон. Ага башкалар ар кандай сөздөрдү айтып, ар кандай суроолорду беришиптир».

Досуң кантип дарыланууну ойлонуп жатса, анын ордунда сен болсоң, эмне кылмактыгыңды айтууга шашпа. Мурун рак менен ооруган Лори Хоуп деген жазуучу мындай деп айткан: «Рак менен мурун ооруган же азыр ооруп жаткан кишиге ооруга байланыштуу кандайдыр бир макаланы же маалыматты жиберерден мурда, биринчи андан андай маалыматты алгысы келер-келбесин сурагыла. Болбосо, ниетиңер таза болгон күндө да, өзүңөр байкабай, досуңардын көңүлүн оорутуп алышыңар мүмкүн». Анткени дарылоо ыкмасынын ар кандай түрлөрү жөнүндө маалымат алууну баары эле каалай бербейт.

Жакын досу болсоң да, анын жанында көпкө калба. Досуңдун жанында болгонуң жакшы, бирок ал жалгыз болгусу келиши мүмкүн экенин унутпа. Ооруп тургандыктан ал сени менен көпкө чейин сүйлөшүүгө же сени угууга дарманы жок болушу ыктымал. Ошол эле учурда шашып жаткандай да болбо. Досуң сенин ага чын жүрөктөн кам көрүп жатканыңды сезгендей болушу керек.

Ооруп жаткан адамдын абалын эске алуу тең салмактуу жана акыл-эстүү болууну билдирет. Маселен, ооруп жаткан досуңа тамак жасап барардан же гүл алып барардан мурун анын кандайдыр бир нерселерге аллергиясы барбы, же жокпу, ойлонуп көр. Эгер тумоолоп калсаң, айыкканга чейин, досуңа барбай турганың анын камын ойлоп жатканыңды көрсөтөт.

Бекемде

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕР:

«Акылдуу адамдардын тили сакайтат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 12:18).

«Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун» (КОЛОСАЛЫКТАР 4:6).

▪ Досуңа карата туура көз карашта болгонуң сүйлөгөн сөзүңөн, жасаган мамилеңен айкын көрүнөт. Ага мурун кандай мамиле кылсаң, дагы деле ошондой мамиле кыл жана мурда кандай жакшы сапаттарга ээ болсо, азыр деле ошол сапаттарга ээ адам катары кара. Досуңа оорусуна карап мамиле кылба. Эгер сен ага алсыз адамга мамиле кылгандай мамиле кылсаң, ал өзүн ошондой сезиши мүмкүн. Чанда кезигүүчү тукум кууп өткөн сөөк оорусу менен ооруган Роберта мындай дейт: «Мага кадимки адамга мамиле кылгандай эле мамиле кылгылачы. Ооба, мен көп нерсени жасай албайм, бирок менин деле башкалар сыяктуу жеке оюм, каалоолорум бар. Мени жалооруп карабагылачы. Мага кем акыл кишиге сүйлөгөндөй сүйлөбөгүлөчү».

Кандай сөздөрдү сүйлөгөнүң эле эмес, аларды кантип айтканың да маанилүү экенин унутпа. Атүгүл үнүңдүн тону да чоң роль ойнойт. Рак деп диагноз коюлгандан көп өтпөй Эрнестого башка өлкөдө жашаган досу чалып: «Койчу, сен рак болуп ооруп калдыңбы?!» — деген. Эрнесто: «Досумдун „сен“, „рак“ деген сөздөрдү аябай баса белгилеп айтканы мага катуу тийди»,— деп эскерет.

Жазуучу Лори Хоуп мындай деп кошумчалайт: «„Ал-акыбалың кандай?“ — деген сөздү ар ким ар кандай кабыл алат. Берген сурооңду ооруп жаткан кишинин кандай кабыл алары үнүңдүн тонунан, мимикаңан, бейтапка кылган мамилеңен, аны менен болгон ынактыгыңан жана суроону кайсы учурда бергениңен көз каранды. Булар бейтаптын көңүлүн көтөрүшү же оорутушу мүмкүн, же анын коркунучун ойготушу мүмкүн».

Ооруп жаткан киши жакын адамдарынын ага кам көрүшүн, аны түшүнүшүн жана кадыр-баркын сыйлашын каалайт. Андыктан ооруп жаткан досуңду анын сен үчүн абдан кымбат экенине жана сен ага ар дайым жардам көрсөтүүгө даяр экениңе ынандыр. «Досторумдун мени жакшы көрөрүн жана кандай жагдай болбосун, мага жардам берүүгө даяр экенин айтышканы мени абдан кубаттандырчу»,— дейт мээнин шишигинен жабыр тарткан Розмари (Накыл сөздөр 15:23; 25:11).

Жардам берүүгө даяр бол

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП:

«Бири-бирибизди сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү» (1 ЖАКАН 3:18).

▪ Досуң кандайдыр бир олуттуу ооруга чалдыкканда ар кандай жардамга муктаж болушу мүмкүн. «Эгер бир нерсе керек болсо, чалып кой» деп эле айтып койгондун ордуна, жардамды иш жүзүндө көрсөт. Балким, тамак жасоо, үй жыйноо, кир жуу, үтүктөө, кандайдыр бир суранычын орундатуу, бир нерсе сатып келип берүү, ооруканага алып барып, кайра алып келүү жана башка ушу сыяктуу күнүмдүк иштерди кылып береттирсиң. Досуңдун өтүнүчтөрүн кечиктирбей өз убагында аткар. Берген убадаларыңды орундатууга аракет кыл (Матай 5:37).

«Ооруп жаткан досубуз үчүн кандай иш кылбайлы, мейли чоң болобу, же кичине болобу, кылган жардамыбыз ага өзүн мурдагыдай жакшы сезүүгө жардам берет»,— дейт Розанна Калик. Эки жолу рак менен ооруган Силвия дал ушундай ойду айткан. Ал мындай дейт: «Досторум башка шаарга дарыланууга мени алып барып, алып келгенде көңүлүм көтөрүлүп, кадимкидей сергип калчумун. Жолдо бара жатканда биз ар кайсы темада сүйлөшчүбүз, кайра келе жатканда кафеге токтоп, кофе иччүбүз. Ушундай нерселер мага өзүмдү мурункудай жакшы сезүүгө жардам берген».

Досуң чынында эмнеге муктаж болуп жатканын толук билбей турганыңды эске ал. «Сурагыла, сурагыла, сурагыла»,— деп кеңеш берет Калик. Ошондой эле ал мындай деп кошумчалайт: «Жардам берүүдө өтө эле аша чаап кетпегиле. Бул тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Эгер башкалар мага эч нерсе жасатпай эле баарын өздөрү жасай беришсе, өзүмдү керексиз сезип калмакмын. Мен өзүмдү керектүү сезгим келет. Башкалардын мени өтө эле аяй беришин каалабайм. Мага өзүм кыла ала турган нерселерди кылганга мүмкүнчүлүк беришин каалайм».

Досуң ооруса да, өзүн бир нерсеге жарактуу сезгиси келет. СПИД (ЖИКС) менен ооруган Адилсон: «Ооруп жаткан киши эч нерсе колунан келбеген же ишке такыр эле жараксыз киши катары четке кагылып калгысы келбейт. Кичине болсо да, кандайдыр бир иштерди кылгың келет. Өзүңдү дагы деле болсо бир нерсе кылууга жарактуу сезүү абдан жагымдуу. Мунун аркасында көңүлүң көтөрүлүп, жашагың келип калат. Мен башкалардын мага чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк беришин жана чыгарган чечимдеримди сыйлашын каалайм. Адам ооруса эле бул анын аталык, энелик жана башка милдеттерин аткара албай калат дегенди билдирбейт».

Досуңду таштап койбо

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП:

«Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:17).

▪ Алыс жашагандыктан же башка жагдай-шарттардан улам досуңа бара албай жатсаң, телефон чалсаң болот, Интернет аркылуу байланышсаң болот же кат жазсаң болот. Эмне жөнүндө жазсаң болот? Күйүт тарткандарга кеңеш берүүчү Алан Вулфелт мындай дейт: «Мурда чогуу жүргөндө болгон күлкүлүү окуяларды жазсаңар болот. Дагы кат жазып турарыңарды айткыла, анан сөзүңөргө туруп, дайыма кат жазып тургула».

Көңүлүн ооруткан сөздөрдү айтып алам же туура эмес бир нерселерди кылып алам деп коркуп, досуңарга барбай койбогула. Чынында, ооруп жаткан адам үчүн досторунун келгенинин өзү эле абдан маанилүү. Лори Хоуп өзүнүн китебинде: «Баарыбыз эле көп жаңылабыз, кээде туура эмес сүйлөп алабыз же башкалардын көңүлүн ооруткан иштерди кылып алабыз. Бирок туура эмес иштерди кылып алам деп коркуп, жардамга муктаж бирөөгө барбай коюунун өзү чоң жаңылыштык».

Олуттуу ооруга чалдыккан досуң азыр мурдагыдан да көбүрөөк жардамга муктаж. Андыктан чыныгы дос экениңди далилде. Албетте, ооруп жаткан досуңа жардам бергениңен ал сакайып кетпейт, бирок сенин жардамың ага ооруну жеңилирээк көтөрүүгө көмөк кылат.

[Шилтеме]

^ 9-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.