Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлөгө кам көрүү

Үй-бүлөгө кам көрүү

Исанын алгачкы жолдоочуларынын жашоосу

Үй-бүлөгө кам көрүү

«Жолдон Иса бир айылга кирди. Ал жерден аны Марта аттуу бир аял үйүнө конокко чакырды. Анын Мариям деген сиңдиси бар болчу. Ал Исанын бут жагында анын сөздөрүн угуп отурган эле. Марта болсо конок камын көрүп, түйшүктөнүп жаткан. Ал Исага келип: „Мырзам, Мариямдын бардык ишти мага таштап койгону сага баары бирби? Айтып койчу, мага жардам берсин“,— деди. Иса ага: „Марта, Марта, сен көп нерсеге убара болуп, жаныңды кыйнап жатасың. Негизи, аз эле же бир эле нерсе керек. Мариям болсо жакшысын тандап алды, бул андан эч качан тартылып алынбайт“,— деди» (ЛУКА 10:38—42).

СЫЯГЫ, Марта эмгекчил, үй оокатына тың аял болгон. Аны башкалар урматтап-сыйлаганы шексиз. Анткени биринчи кылымда жүйүт элинде үй иштерине тың, үй-бүлөсүнө жакшы кам көргөн аял жогору бааланчу.

Исанын жолун жолдогон биринчи кылымдагы аялдар да «үйүнө кам көрүүгө» үндөлчү (Тит 2:5). Андан тышкары, алар кабар айтуу жана шакирт даярдоо тапшырмасын аткаруу сыймыгына ээ болушкан (Матай 28:19, 20; Элчилер 2:18). Биринчи кылымдагы жүйүт аялдары кандай үй иштери менен алек болушкан? Исанын Мариямга айткан сөздөрүнөн биз эмнеге үйрөнө алабыз?

«Түйшүктөнүп жаткан». Калыбы, жүйүт аялдары таң ата электе эле туруп, үй иштерине киришишчү (Накыл сөздөр 31:15). Алар сулу акшагынан ботко жасап, үйүндөгүлөрүнүн курсагын тойгузгандан кийин, уулдарын синагога мектебине жөнөтүшчү. Кыздары болсо мектепке барчу эмес, алар үй иштерин жасоого үйрөнүшчү.

Адатта, энеси менен кыздары күндө эртең менен туруп, төмөнкү иштерди кылышчу: чырактарга май куюшчу (1), эшиктин астын шыпырышчу (2), эчки саашчу (3). Андан соң нан жасоого камынышчу. Ан үчүн кыздары адегенде буудайды элешчү (4), анан тазаланган буудайды жаргылчакка салып, ун кылышчу (5). Апасы даяр унга ачыткы кошуп камыр жууручу (6). Камырды жууруп коюп, камыр ачыгыча, башка иштерин жасай берчү. Кыздары болсо ал ортодо жаңы саалган эчкинин сүтүнөн сыр жасашчу (7).

Түшкө жуук аялдар кыздары менен базарды көздөй жөнөшчү. Базарга киргенде эле тамакка кошулуучу ар кандай татымалдардын жыттары мурунга бур дей эле түшсө, малдын маараганы, мөөрөгөнү, соодалашкан адамдардын үндөрү кулактын кужурун алчу. Соода кылганы келген аялдар ал жактан жашылча-жемиштерди, кургатылган балык жана башка керектүү азык-түлүктөрдү сатып алышчу (8). Эгер алар Исанын жолдоочулары болсо, башкаларга мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ишеними тууралуу айтып беришчү (Элчилер 17:17).

Акылдуу эне базарга баратканда же келатканда мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, балдарына Жазмадагы принциптерди айтып берип, Кудайдын мыйзамдарын баалаганга үйрөтчү (Мыйзам 6:6, 7). Ошондой эле кыздарын бир нерсе сатып алууда акчаны үнөмдүү сарптоого да үйрөтсө керек (Накыл сөздөр 31:14, 18).

Аялдар башка иштерди кылгандан тышкары, күнүгө кудукка барып суу алып келишчү (9). Сыягы, алар суу алып жатканда, кудукка барган башка аялдар менен кобурашчу. Үйгө кайтып келгенде, кыздары менен нан бышырууга киришчү. Эң алды, алар тактайга камырды жайып, даярдап алышчу. Анан камырды мешке салып, бышырышчу (10), адатта, мештер сыртта боло турган. Быша баштаган нандын буркураган жытын искеп, энеси менен кыздары мештин жанында сүйлөшүп отурушчу.

Анан жакын жердеги арыктын боюна барып, кирлерин жуушчу (11). Ал убакта аялдар кирлерин шакар (натрий карбонаты же өсүмдүктөрдүн күлүнөн жасалган самын) менен жуушчу. Кирлерин чайкагандан кийин бадалдарга же таштарга жайып коюшчу.

Кургаган кирлерди үйгө алып келип, орду-ордуна салыштырардан мурун, аларды үйдүн үстүнө чыгып, жамап-жаскашчу (12). Кирлерди салыштырып бүткөн соң, энелер кыздарына токуганды, сайма сайганды үйрөтүшчү (13). Ошентип, кечки тамактын камын көрүүгө убакыт келип жетчү (14). Жүйүт эли негизинен меймандос келген. Андыктан үйүнө келген конокторго үйүндө болгон тамак-ашын — нанын, жашылча-жемишин, быштагын, кургатылган балыгын, же жок эле дегенде, муздак суусун берип — меймандостук көрсөтүшчү.

Түн кирип, жатар маалы келгенде энеси балдарынын сыйрытып-тыттырып келген тизелерин май менен майлачу. Анан бүлбүлдөгөн чырактын жарыгына ата-энелер балдарына Жазмадагы окуялардан айтып берип, чогуу тиленишип, аларды жаткырышчу. Жүйүт аялдарынын күнү ушинтип өтчү. Чынында эле, ушундай аял күйөөсүнүн: «Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору»,— деп мактаганына татыктуу болгон (Накыл сөздөр 31:10).

«Жакшысын тандоо». Ооба, биринчи кылымдагы жүйүт аялдарынын үй «түйшүктөрү» көп болчу (Лука 10:40). Бүгүнкү күндөгү аялдардын да, өзгөчө, энелердин күнүмдүк иштери түгөнбөйт. Ырас, заманбап техникалар аялдардын айрым жумуштарын жеңилдетти. Бирок көптөгөн энелер үйүндөгү жумуштарын жасагандан тышкары, башка жерде иштөөгө да аргасыз болушууда.

Ар кандай кыйынчылыктарга карабай, Исанын жолун жолдогон бүгүнкү күндөгү көптөгөн аялдар макаланын башында айтылган Мариямдан үлгү алышат. Алар рухийликти алдыңкы орунга коюуга умтулушат (Матай 5:3). Ал аялдар Ыйык Жазмада айтылгандарга баш ийип, үй-бүлөсүнө жакшы кам көрүшөт (Накыл сөздөр 31:11—31). Ошол эле учурда Исанын Мартага айткан сөздөрүндө камтылган принципти унутушпайт. Рухийликти баалагандыктан алар ал принципти жүрөгүнө бекем сакташат. Исаны жолдогон аялдар үйдөгү иштерине Кудай жөнүндө билүүгө (15) же ишеними тууралуу башкаларга айтууга тоскоол болушуна жол беришпейт (Матай 24:14; Эврейлер 10:24, 25). Ошентүү менен алар «жакшысын тандашат» (Лука 10:42). Андай аялдарды Кудай да, Машаяк да, үй-бүлөсү да жогору баалайт (Накыл сөздөр 18:22).