Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адеп-ахлак нормаларын балдарыңардын жүрөгүнө сиңиргиле

Адеп-ахлак нормаларын балдарыңардын жүрөгүнө сиңиргиле

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Адеп-ахлак нормаларын балдарыңардын жүрөгүнө сиңиргиле

Мексикалык Лоида * деген эне мындай дейт: «Мектепте презерватив таратылат, ошондуктан өспүрүмдөр жыныстык мамиленин, ал „коопсуз“ болсо, эч жаман жери жок деп ойлошот».

Нобуко, Японияда жашаган эне, мындай дейт: «Уулуман эгер сүйлөшкөн кызы менен жалгыз калып калса, эмне кыларын сурасам: „Билбейм“,— деп жооп берди».

УУЛУҢАР же кызыңар жаңыдан баса баштаганда, үйүңөрдүн алар үчүн коопсуз болушуна кам көрдүңөр беле? Балким, электр розеткаларын жаап, учтуу, курч буюм-тайымдарды катып, тепкичтерди тосуп, айтор, балаңар коопсуз болушу үчүн, бардык аракеттерди көргөндүрсүңөр.

Атаганат, өспүрүм баланы коргоо ошондой эле оңой болсочу! Азыр силер мурункудан көбүрөөк кабатыр болуп, өзүңөргө «Уулум порнография көрүп жүрөбү?», «Кызым өзүнүн адепсиз сүрөттөрүн уюлдук телефон аркылуу башкаларга жиберип жүргөн жокпу?», «Балам жыныстык мамиледе болуп жүрөбү?» деген сыяктуу жүрөк титиреткен суроолорду беришиңер мүмкүн.

Көзөмөлдөө жетиштүүбү?

Айрым ата-энелер өспүрүм балдарынан көз айрыбай, ар бир кадамын эсептеп, 24 саат бою көзөмөлдөөгө аракет кылышат. Бирок кийин алардын көбү өспүрүм баланы минтип чарк айланып көзөмөлдөө ага кылып жаткан иштерин алардан жаап-жашырууга түрткү берерин байкашат. Андай балдар так ошо ата-энеси тыюу салган иштерди кылганын жашырууга маш болуп калышат.

Ооба, мындан айкын көрүнүп тургандай, көзөмөлдөө жетишсиз. Атүгүл Жахаба Кудай жаратууларын тил алдыруу үчүн ал ыкманы колдонбойт. Ата-энелер, силер да колдонбошуңар керек (Мыйзам 30:19). Анда өспүрүм балдарыңарга акылдуу, адептүүлүккө жаткан чечимдерди чыгарууга кантип жардам бере аласыңар? (Накыл сөздөр 27:11).

Эң негизгиси, балдарыңар менен жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшүп турушуңар керек жана муну кичинекей чагынан эле баштаганыңар дурус * (Накыл сөздөр 22:6). Алар бой жеткенде да сүйлөшө бергиле. Ата-эне катары силер өспүрүм балдарыңар үчүн так маалыматтын негизги булагы болушуңар кажет. Британиялык Алисия аттуу бир кыз мындай деп ой бөлүшөт: «Көптөр бизди жыныстык мамиле жөнүндө көбүнчө достору менен сүйлөшкүсү келет деп ойлошот, бирок чынында андай эмес. Биз андай маалыматты ата-энебизден алгыбыз келет, анткени аларга көбүрөөк ишенебиз».

Адеп-ахлак нормаларынын маанилүүлүгү

Балдар чоңойгон сайын жыныстык мамиле жөнүндө баланын кантип жараларынан да көбүрөөк маалымат билүүгө муктаж. Мындан тышкары, «алардын түшүнүү жөндөмү иш жүзүндө колдонуунун аркасында жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө үйрөтүлүшү» керек (Эврейлер 5:14). Кыскасы, балдардын адеп-ахлактык принциптери, тактап айтканда, жыныстык мамилеге байланыштуу өздөрү бекем ишенген адеп нормалары болушу керек жана алар ал нормаларга ылайык жашашы кажет. Анда канткенде адеп нормаларын өспүрүм балдарыңардын жүрөгүнө сиңире аласыңар?

Алгач өзүңөр карманган нормаларды талкуулоодон баштагыла. Маселен, силер бузуктуктун — никеде турбаган адамдардын ортосундагы жыныстык мамиленин — туура эмес экенине толук ишенесиңер (1 Тесалоникалыктар 4:3). Балким, балдарыңар буга байланыштуу көз карашыңарды жакшы билиши, атүгүл ишенимиңер негизделген ыйык китептик аяттарды айта алышы мүмкүн. Суроо берилгенде, алар дароо эле никеге чейинки жыныстык катнаштын туура эмес экенин айтышы ыктымал.

Бирок мындан да көп нерсе талап кылынат. Жыныстык мамиле жөнүндөгү бир китепте кээ бир жаштардын ата-энелеринин жыныстык мамилеге карата көз карашына сыртынан эле кошулуп коюшу мүмкүн экени айтылат. Анда мындай делет: «Өспүрүмдөрдүн өздөрүн ишенимсиз сезгени аларга жеке өздөрүнүн көз карашын калыптоого тоскоолдук кылат. Анан күтүүсүз жагдайга туш болуп, эмне туура, эмне туура эмес экенин чечиши керек болгондо жарга такалып, эмне кыларын билбей кыйналышат» («Sex Smart»). Мына ошо себептен алардын өздөрүнүн адеп нормаларынын болгону абдан маанилүү. Анда өспүрүм балаңарга адеп нормаларын жүрөгүнө түйүп алууга кантип жардам берсеңер болот?

Адеп нормаларыңарды айкын түшүндүргүлө. Жыныстык мамиле жубайлардын ортосунда эле болушу керек деп эсептейсиңерби? Анда муну балаңарга так-айкын жана кайра-кайра айтып тургула. Бир китепте белгиленгендей, изилдөөлөр «ата-энелер балдарына өспүрүмдөрдүн жыныстык катнашта болгонун туура эмес деп эсептээрин билдирип турушса, балдарынын андай нерсеге барбай турганынын ыктымалдыгы көбүрөөк болорун» көрсөткөн («Beyond the Big Talk»).

Албетте, жогоруда айтылгандай, нормаларыңарды айтып эле коюу уулуңардын же кызыңардын аларга ылайык жашап кетерине кепилдик бербейт. Анткен менен үй-бүлөдө бекем адеп нормаларынын болгону балдарга өздөрүнүн нормаларын курууга пайдубал болуп берет. Изилдөөлөрдүн аркасында көптөгөн жаштардын ата-энесинин нормаларын, өспүрүм кезинде кабыл албагандай сезилсе да, акыры сиңирип алары айкын болгон.

КЕҢЕШ: сөз баштап, балдарыңар менен нормаларыңар жөнүндө сүйлөшүү үчүн жаңылыктарды колдонгула. Мисалы, жыныстык кылмыш жөнүндөгү жаңылыкты уккандан кийин: «Айрым эркектердин аялдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгону үрөйдү учурат. Алар эмне себептен ошентет деп ойлойсуң?» — деп сурап көрсөңөр болот.

Жыныстык мамиле жөнүндө туура маалымат бергиле. Албетте, балдарга эскертүү берүү маанилүү (1 Корунттуктар 6:18; Жакып 1:14, 15). Анткен менен Ыйык Китепте жыныстык мамиленин Шайтандын тузагы катары эмес, Кудайдын белеги катары сүрөттөлөрүн унутпоо керек (Накыл сөздөр 5:18, 19; Ырдын ыры 1:2). Балаңарга жыныстык катнаштын кооптуу жактарын гана айта берсеңер, алар ага карата Ыйык Китепке карама-каршы келген, бурмаланган көз карашта болуп калышы мүмкүн. Коринэ аттуу француз кыз: «Ата-энем жыныстык адеп-ахлаксыздыкка эле басым жасай берчү, ошон үчүн жыныстык мамилеге карата терс көз карашта болуп калгам»,— дейт.

Балдарыңарга жыныстык мамиле жөнүндө так маалымат бергиле. Мексикадагы Надиа деген бир эне мындай дейт: «Мен дайыма өспүрүм балдарыма жыныстык мамиленин жакшы жана табигый экенин, Жахаба Кудай аны адамдарга ырахат алсын деп бергенин, бирок андай мамиле никеде гана болушу керектигин, ошондой эле ал белектин, кандай колдонгонубузга жараша, же бакыт тартуулаарын же азапка саларын түшүндүрүүгө аракет кылам».

КЕҢЕШ: эмкиде балдарыңар менен жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшкөнүңөрдө сөзүңөрдү оң маанайда бүтүргүлө. Андай мамиленин Кудайдын кереметтүү белеги экенин жана алар кийин үй-бүлө курганда андан кубаныч ала аларын айтуудан коркпогула. Балдарыңарды ал убак келгенге чейин Кудайдын нормалары боюнча жашай аларына ынандыргыла.

Балаңарга кесепеттерин ойлоого жардам бергиле. Жашоонун ар бир тармагында туура чечим чыгаруу үчүн өспүрүмдөр чечимдердин ар кандай варианттарын аныктаганды жана алардын жаман-жакшы жактарын таразалаганды билиши зарыл. Алардын эмне туура, эмне туура эмес экенин билгени эле жетиштүү деп ойлобогула. «Жаш кезимде кетирген каталарым жөнүндө ой жүгүртүп, Кудайдын нормаларын билгениң эле аларды туура деп эсептээриңди билдирбейт деп айта алам. Ал нормаларга кармануу канчалык пайдалуу, ал эми аларды бузуу канчалык кесепеттүү болорун түшүнүшүң керек»,— дейт Австралияда жашаган Эмма.

Ыйык Китеп бул жагынан жакшы жардам бере алат, себеби анда Кудайдын осуяттары эле айтылбастан, жосунсуз иштердин кесепеттери да көрсөтүлөт. Алсак, Накыл сөздөр 5:8, 9да («ЖД») жигиттер «кадыр-баркын» «башкаларга алдырбашы» үчүн бузуктуктан качууга чакырылат. Бул аяттар көрсөтүп тургандай, никеге чейинки жыныстык катнашта болгондор өзү карманып келген адеп-ыйман нормаларын, актыгын жана өзүн өзү сыйлоо сезимин курмандыкка чалат. Ошондой эле алар болочок жубайы болушу мүмкүн болгон жана мындай жакшы сапаттарга ээ болгон адамдарды өздөрүнөн качырат. Кудайдын мыйзамдарын барк албоо кадимки, эмоциялык жана рухий ден соолукка залакасын тийгизери тууралуу ой жүгүртүү балдарыңарга ал мыйзамдарга ылайык жашоого ого бетер чечкиндүү болууга жардам берет *.

КЕҢЕШ: Кудайдын нормаларына ылайык иш кылуу акылдуулукка жатарын көрсөтүү үчүн мисалдарды колдонгула. Маселен, минтсеңер болот: «Очоктогу от жакшы, бирок токойдогу өрт жаман. Булардын ортосунда кандай айырма бар? Жообуңдун жыныстык мамилеге карата Кудай бекиткен чек менен кандай байланышы бар?» Балаңарга бузуктуктун залалдуу кесепетин түшүнүүгө жардам берүү үчүн Накыл сөздөр 5:3—14-аяттарды колдонсоңор болот.

Жапонияда турган 18 жашар Такао: «Туура нерсени кылышым керектигин жакшы билсем да, дененин каалоолору менен дайыма күрөшүп келем»,— деген. Мындай сезимде болуп жаткан жаштар жалгыз эмес. Атүгүл Исанын ишенимдүү жолдоочусу элчи Пабыл: «Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат»,— деп мойнуна алган (Римдиктер 7:21).

Өспүрүмдөр андай күрөштүн дайыма эле жаман эмес экенин түшүнүшү абзел. Бул аларга кандай адам болгусу келери жөнүндө ойлонууга түрткү бериши мүмкүн. Мисалы, алар: «Жашоомду акылдуулук менен өткөрүп, актыгын сактаган, адептүү, ыймандуу киши катары белгилүү болгум келеби же каалоолоруна оңой эле алдырган алсыз, жетеленме киши катарыбы?» — деп ойлонушу ыктымал. Балдарыңар бийик адеп-ахлактык нормаларга карманышса, бул суроого акылдуулук менен жооп бере алышат.

[20-беттеги кутуча]

Ыйык Китеп убакыт сынагынан өткөн

Бир китепте мындай делет: «Жыныстык мамилеге байланыштуу Ыйык Китептеги көрсөтмөлөр убакыт сынагынан өткөн. Эрте жыныстык мамиледе болгондуктан эмоциялык кыйынчылыктарга, никеден тышкаркы боюна бүтүүгө, ЖИКС жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга дуушар болгон өспүрүмдөрдүн саны өсүп жаткан учурда никеде гана жыныстык мамиледе болууга байланыштуу Ыйык Жазмадагы кеңеш... аябагандай маанилүү, натыйжалуу жана ага кармануу — „коопсуз жыныстык мамиледе“ болуунун жалгыз жолу» («Parenting Teens With Love and Logic»).

ОЙЛОНУП КӨР:

▪ Өспүрүм баламдын адеп-ахлак нормаларына бекем карманары эмнеден көрүнүп турат?

▪ Өспүрүм балам менен жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшкөндө аны Кудайдын белеги катары көрсөтөмбү же Шайтандын тузагы катарыбы?

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 10-абз. Балдар менен жыныстык мамиле жөнүндө кантип сөз баштаса жана жашына жараша кандай маалымат берсе болоруна байланыштуу кеңештерди «Күзөт мунарасынын» (ор.) 2010-жылдын 1-ноябрындагы санынын 12—14-беттеринен табууга болот.

^ 22-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 2010-жылдын апрель—июнундагы санына чыккан «Жаштардын суроолору. Жыныстык катнаш мамилебизди жакшыртабы?» деген макаланы карагыла.