Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баланын төрөлүшү никеге кандай таасир тийгизет?

Баланын төрөлүшү никеге кандай таасир тийгизет?

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Баланын төрөлүшү никеге кандай таасир тийгизет?

Чарлз *: «Мэри экөөбүз кызыбыз жарык дүйнөгө келгенде, аябай толкунданып, сүйүнгөнбүз. Бирок ошондон кийин бир нече ай бою уйкудан калдым. Кызыбызды кантип чоңойторубуз, ага кандай тарбия берерибиз жөнүндө көп пландарыбыз бар болчу, бирок баары биз ойлогондой болгон жок».

Мэри: «Чүрпөбүз төрөлгөндөн кийин жашоом түп-тамыры менен өзгөрүп, өзүмө мурункудай убакыт бөлө албай калдым. Ойлогон оюмдун баары эле баламдын курсагын тойгузуу, жалаягын алмаштыруу, уктатуу болуп калды. Жашообуз такыр башка нукка түштү. Чарлз экөөбүздүн мамилебиз бир нече ай өткөндөн кийин гана мурунку калыбына келди».

ПЕРЗЕНТТҮҮ болуу жашоодогу зор кубаныч тартуулаган эң бактылуу учурлардын бири экенине көптөр кошулат. Ыйык Китепте балдар Кудай берген «сыйлык» катары сүрөттөлөт (Забур 126:3). Ата-энелер, Чарлз менен Мэриге окшоп, баланын төрөлүшү менен күтүлбөгөн өзгөрүүлөрдүн да болорун билишет. Мисалы, эненин ойлогон оюнун баары эле баласында болуп калат жана чүрпөсү кыңкыстаары менен үстүнө үйрүлүп түшө калганына өзү да таң калышы мүмкүн. Ал эми атанын сезимдери жөнүндө сөз кыла турган болсок, аны аялы менен баласынын ортосундагы өзгөчө мамиле таңдантышы мүмкүн, бирок ошол эле учурда өзүнө көңүл бурулбай калгандай сезиши ыктымал.

Тун баланын төрөлүшү жубайлардын ортосундагы мамиледе кыйынчылыктарды пайда кылбай койбойт. Баланы багып-чоңойтууда пайда болгон кыйынчылыктардан улам жубайлар тынчсызданышы жана алардын ортосунда пикир келишпестиктер болушу мүмкүн.

Жаңы төрөлгөн балага ата да, эне да бүт мээримин төгүп, көңүл бурушу керектиги айтпаса да түшүнүктүү. Бирок жубайлар алгачкы айларда пайда болгон кыйынчылыктарды кантип көтөрүп кете алышат? Алар бири-бирине болгон ынактыгын кантип сактап кала алышат? Баланы багууда пайда болгон пикир келишпестиктерди кантип чече алышат? Келгиле, пайда болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарга жана аларды чечүүгө Ыйык Китептеги кеңештер кандайча жардам берерине токтололу.

1-КЫЙЫНЧЫЛЫК. Эң биринчи орунга бала туруп калат.

Эненин ою бүт бойдон баласында болуп, болгон убактысын ага бөлөт. Ал чүрпөсүнө кам көрүүдөн терең канааттануу алат. Ал эми күйөөлөр өздөрүнө такыр көңүл бурулбай калгандай сезиши мүмкүн. Бразилияда жашаган Мануэл мындай дейт: «Аялым бүт көңүлүн уулубузга бургандыктан, буга башында көнө албай жүрдүм. Уулубуз төрөлгөнгө чейин аялым экөөбүздүн мамилебиз абдан ынак эле, ал эми уулубуз төрөлгөндөн баштап баары өзгөрдү. Аялым бала менен эле алек болуп калды». Мындай жагдайда эмне кылса болот?

Ийгиликтин ачкычы: чыдамкай бол. Ыйык Китепте: «Сүйүү чыдамкай, боорукер... өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт»,— делет (1 Корунттуктар 13:4, 5). Жаңыдан балалуу болгон жубайлар бул кеңешти колдонуу үчүн эмне кыла алышат?

Акылдуу күйөө төрөттүн аялына денелик жана эмоциялык жактан кандай таасир этерин түшүнгөнгө аракет кылуу менен ага болгон сүйүүсүн көрсөтө алат. Ушундай кылуу менен ал аялынын маанайы эмне себептен тез өзгөрүп, өйдө-төмөн боло берерин түшүнө алат *. 11 айлык кыздын атасы Францияда жашаган Адам мындай дейт: «Аялымдын маанайынын тез-тезден өзгөрүп турганын кээде түшүнө албай кетем, ошондой учурларда ага чыдамдуулук менен мамиле кылуу кыйынга туруп калат. Бирок анын ушундай мамиле кылганы мага кыжырданганы үчүн эмес экенин эсимден чыгарбаганга аракет кылам. Бул мурун кабылып көрбөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы үчүн болуп жатканын жакшы түшүнөм».

Жардам берүүгө аракет кылсаң да, аялың сени туура эмес түшүнүп алган учурлар болду беле? Эгер ошондой болсо, таарынганга шашпа (Насаатчы 7:9). Тескерисинче, ага чыдамдуулук менен мамиле кылып, анын кызыкчылыктарын өзүңдүкүнөн жогору койгонго аракет кыл (Накыл сөздөр 14:29).

Ал эми акылдуу аял күйөөсүнө аталык милдетин жакшы аткарууга жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын кылат. Ага күйөөсүнүн кыймыл-аракети башында олдоксон көрүнсө да, жалаяк алмаштырганды, баланын сүтүн даярдаганды чыдамдуулук менен көрсөтүп берет.

26 жаштагы Элен күйөөсүнө кылган мамилесин өзгөртүшү керектигин түшүнгөн. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Балага өз менчигимдей мамиле кылбаганга үйрөндүм. Ошондой эле күйөөм балага кам көрүүгө байланыштуу берген кеңештеримди колдонуп, чүрпөбүздүн жалаягын алмаштырып, аны киринтип жатканда, катуу талап койбошум керектигин түшүндүм».

КЕҢЕШ: зайыптар, балага кам көрүүдө күйөөңөрдүн кылгандары силердикинен айырмаланып турса да, аны сындагандан же анын жасагандарын кайра башынан кылгандан качкыла. Анын ордуна колунан келгенин кылганы үчүн мактагыла, ошентүү менен ага өзүн ишенимдүү сезүүгө жана зарыл жардам көрсөтүүгө түрткү бере аласыңар. Күйөөлөр, жарыңарга, айрыкча, бала төрөлгөндөн кийинки айларда көбүрөөк жардам берүү үчүн анча маанилүү эмес иштерге убактыңарды коротпогула.

2-КЫЙЫНЧЫЛЫК. Мамилеңер сууй баштайт.

Уйкудан калгандыктан жана күтүлбөгөн ар кандай кыйынчылыктардан улам жубайларга ортодогу ынак мамилени сактоо кыйынга турушу мүмкүн. Эки баланын энеси Францияда жашаган Вивиянна: «Башында бүт көңүлүмдү энелик милдетимди жакшы аткарууга бурам деп, зайып катары аткарган милдеттеримди таптакыр унутуп коюптурмун»,— дейт.

Мындан тышкары, күйөөлөр аялынын боюнда бар кезинде эмоциялык жана денелик жактан чоң өзгөрүүлөргө дуушар болорун түшүнбөшү мүмкүн. Жубайлардын мурун бири-биринин эмоциялык жана жыныстык муктаждыктарын канааттандырууга кеткен убактысы жана күчү эми толугу менен баланы кароого жумшала баштайт. Ата-эненин мээримине муктаж болгон жаңы төрөлгөн бала жубайлардын ортосундагы мамиленин сууп калышына себеп болбошу үчүн кандай иш-аракеттерди кылса болот?

Ийгиликтин ачкычы: бири-бириңерди сүйөрүңөргө ынандыргыла. Нике жөнүндө Ыйык Китепте: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылган * (Башталыш 2:24). Жахаба Кудайдын ниети боюнча, балдар чоңойгондон кийин өз алдынча түтүн булатып кетишет. Күйөө менен аялдан болсо бир дене болуп, өмүр бою бирге жашашын күтөт (Матай 19:3—9). Ушуну билүү жубайларга балага тең салмактуу көз караш менен караганга кандайча жардам берет?

Жогоруда кеп кылынган Вивиянна: «Башталыш 2:24тө жазылгандар жөнүндө ой жүгүртүү мага балам менен эмес, күйөөм менен „бир дене“ экенимди түшүнүүгө жардам берди. Ошондон кийин жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы мамилебизди бекемдешим керектигин түшүндүм»,— деп ой бөлүшөт. Эки жашар кызы бар Тереза: «Күйөөм экөөбүздүн бири-бирибизден алыстап баратканыбызды байкаарым менен ага күн сайын, кичине болсо да, көңүл бөлгөнгө аракет кылам»,— дейт.

Күйөөлөр, никеңерди бекемдеш үчүн кандай иш-аракет кылсаңар болот? Аялыңарга аны сүйөрүңөрдү айткыла. Сүйүүңөрдү назик мамилеңер менен көрсөткүлө. Аны ар кандай тынчсыздануулардан коргош үчүн максаттуу түрдө аракет кылгыла. 30 жаштагы Сара мындай дейт: «Аялдардын чырайы, келбети боюнда болгонго чейинкидей болбой калса да, алар үчүн күйөөсүнүн аны мурункудай эле сүйөрүнө, баалаарына ынандырып турушу абдан маанилүү». Германияда жашаган эки балалуу Алан аялына эмоциялык жактан колдоо көрсөтүп туруунун маанилүүлүгүн жакшы түшүнөт. Ал: «Аялыма көңүлү чөгүп турган учурларда жөлөк болгонго аракет кылып келем»,— дейт.

Баланын төрөлүшү жубайлардын жыныстык мамилесине да таасирин тийгизбей койбойт. Андыктан күйөөсү менен аялы жыныстык муктаждыктары жөнүндө бири-бири менен ачык эле сүйлөшүшү керек. Ыйык Китепте жыныстык мамилеге байланыштуу маселелер «өз ара макулдашуу» менен чечилиши керектиги айтылат (1 Корунттуктар 7:1—5). Албетте, бул пикир алмашуусуз мүмкүн эмес. Көргөн тарбияңдан же маданиятыңдан улам жубайың менен бул жөнүндө сүйлөшүүдөн тартынышың мүмкүн. Бирок бала төрөлгөндөн кийинки жагдайга ылайыкташыш үчүн ачык сүйлөшүп, талкуулашуу маанилүү. Жубайыңды түшүнө билип, чыдамдуу жана чынчыл бол (1 Корунттукытар 10:24). Ушундай кылуу менен түшүнбөстүктөрдөн кача аласыңар жана бири-бириңерге болгон сүйүүңөр барган сайын күч ала берет (1 Петир 3:7, 8).

Мындан тышкары, бири-бирине ыраазычылык билдирип туруу жубайларга ортодогу ысык мамилени сактоого жардам берет. Акылдуу күйөө, аялы көп иш кылып жатса да, алардын баары көзгө көрүнө бербей турганын түшүнүшү керек. Вивиянна: «Бир күн кечке баланы карап, аны-муну кылсаң да, кеч киргенде бир күн бою эч нерсе кылбагандай көрүнөт»,— дейт. Эртеден кечке жаны тынбай оокат кылса да, акылдуу аял күйөөсүнүн үй-бүлөсүн багыш үчүн кылган эмгегин баркка албай койбойт (Накыл сөздөр 17:17).

КЕҢЕШ: энелер, эгер мүмкүн болсо, балаңар уктап жатканда, силер да уктап, эс алып алгыла. Ушундай кылуу менен күйөөңөргө көбүрөөк көңүл бөлгөнгө күч-кубатыңар болот. Аталар, аялыңар уктап алышы үчүн, мүмкүн болсо, түнкүсүн туруп, балаңарга сүт жылытып бергиле же жалаягын алмаштырып койгула. Жубайыңарды сүйөрүңөргө ынандырып туруш үчүн кичинекей кат жазып калтырып же SMS жөнөтүп коюп тургула, ошондой эле телефон чалып турсаңар да болот. Бири-бириңер менен сүйлөшкөнгө убакыт тапкыла. Балаңар жөнүндө эле эмес, бири-бириңер жөнүндө сүйлөшкүлө. Жубайыңар менен болгон ынак мамилеңерди бекем сактагыла, ошондо баланы тарбиялоодо пайда болгон кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе аласыңар.

3-КЫЙЫНЧЫЛЫК. Бала багууга байланыштуу пикир келишпестиктер пайда болот.

Эки башка үй-бүлөдө, эки башка тарбия көрүп чоңойгондуктан жубайлардын ортосунда бала тарбиялоого байланыштуу келишпестиктер болушу мүмкүн. Жапонияда жашаган Асами менен күйөөсү Катсуро так ушундай көйгөйгө кабылышкан. Асами: «Мага күйөөмдүн кызыбызга өтө эле жумшак мамиле кылып, анын ою менен боло бергендей көрүнсө, Катсурого болсо кызыбызды өтө эле катуу кармаганымдай сезилет»,— дейт. Ушундай келишпестиктерден канткенде кача аласыңар?

Ийгиликтин ачкычы: жубайыңар менен пикир алышып, бири-бириңерди кубаттап-колдоп тургула. Даанышман Сулайман пайгамбар: «Менменсинүүдөн чыр чыгат, ал эми кеңешкендерде акыл бар»,— деп жазган (Накыл сөздөр 13:10). Жубайыңдын бала тарбиялоого карата кандай көз карашта экенин канчалык жакшы билесиң? Бала тарбиялоого байланыштуу нерселерди талкуулашпай, бала төрөлгөнгө чейин чоюп жүрө берсеңер, балалуу болгондон кийин убактыңардын, күчүңөрдүн баары эле кыйынчылыктарды чечкенге эмес, бири-бириңер менен талашып-тартышканга кетип калат.

Мисалы, төмөндөгү суроолордо оюңар бири-бириңердикине төп келер-келбесин текшерип көргүлө: «Баланы убагы менен тамактанууга жана өз убагында уктоого кантип үйрөтө алабыз? Бала ойгонуп кетип, ыйлаган сайын эле аны көтөрүшүбүз керекпи? Балага чычып-сийгенди үйрөтүүдө болгон кыйынчылыктарга кандай карашыбыз керек?» Албетте, силердин чечимиңер башка жубайлардыкынан айырмаланышы мүмкүн. Эки баланын атасы Этан: «Бир пикирге келиш үчүн баарын ортого салып, талкуулаш керек. Ошондо балаңарга жакшы кам көрө аласыңар»,— дейт.

КЕҢЕШ: ата-энеңердин силерди чоңойтууда колдонгон ыкмалары жөнүндө ойлонуп көргүлө. Алардын кайсынысын колдонууну каалаарыңарды, ошондой эле алардын кетирген катасын кайталабаш үчүн, кайсынысын колдонбой турганыңарды чечип алгыла. Буга байланыштуу кандай тыянакка келгениңерди бири-бириңер менен талкуулагыла.

Баланын төрөлүшү никеге жакшы таасир тийгизет

Муз үстүндө бийлеген тажрыйбасыз бийчилерге тең салмактуулукту сактап, жакшы бийлегенге үйрөнүш үчүн көп убакыт жана чыдамкайлык талап кылынгандай эле, силерге да жаңы милдеттериңерди эриш-аркак аткара алышыңар үчүн убакыт жана чыдамкайлык керек. Акыр-аягы, ийгиликке жетериңерге шектенбесеңер болот.

Бала төрөлгөндө никеңердин канчалык бекем экени сындан өтөт жана андан кийин бири-бириңер менен болгон мамилеңер биротоло өзгөрөт. Бирок ошол эле учурда эң сонун сапаттарды өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер Ыйык Китепте жазылган кеңештерди иш жүзүндө колдонсоңор, Кеннеттин сезимдерине ортоктош боло аласыңар. Ал: «Балдарды чоңойтуп-тарбиялоо мага да, аялыма да жакшы таасир этти. Биз өзүмчүл болбогонго, көбүрөөк сүйүү көрсөткөнгө жана түшүнүү менен мамиле кылганга үйрөндүк»,— дейт. Мындай өзгөрүүлөр, албетте, никеге жакшы таасир тийгизет.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 11-абз. Төрөттөн кийин көптөгөн аялдар кыска убакытка созулган депрессияга дуушар болушат. Айрымдары мындай оорунун «төрөттөн кийинки депрессия» деп аталган олуттуу формасы менен оорушат. Ал ооруну кантип аныктаса жана аны менен кантип күрөшсө болору жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 2002-жылдын 22-июлундагы санына чыккан «Төрөттөн кийинки депрессия менен күрөшүү» деген макаланы жана 2003-жылдын 8-июнундагы санына чыккан «Төрөттөн кийинки депрессия» деген макаланы карагыла, ор. Аталган макалаларды www.watchtower.org веб-сайтынан да табууга болот.

^ 19-абз. Бир эмгекке ылайык, Башталыш 2:24төгү «биригет» деп которулган еврей сөзү кимдир бирөөгө «назик сезимдерди жана берилгендикти көрсөтүү» деген маанини туюнтат.

ОЙЛОНУП КӨР:

▪ Үй-бүлөбүзгө кам көргөнү үчүн жубайыма өткөн жумада ыраазычылыгымды билдирдимби?

▪ Жубайым экөөбүз балабыз жөнүндө эмес, бири-бирибиз жөнүндө чер жазыша акыркы жолу качан сүйлөштүк?