Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Канткенде ыраазы экениңерди билдире аласыңар?

Канткенде ыраазы экениңерди билдире аласыңар?

КӨЙГӨЙ

Нике бекем болушу үчүн жубайлардын бири-бирине ыраазычылык билдирип турганы зарыл. Бирок көптөр убакыттын өтүшү менен өмүрлүк жарынын жакшы жактарын байкабай, ыраазычылык сөздөрүн айтпай калышат. Үй-бүлөгө байланыштуу бир китепте нике боюнча адистин андан кеңеш сурап кайрылгандардын көбүнүн «бар нерсени көрбөй, жок нерсени каалаарын» байкаганы жазылган. Ошондой эле ага кайрылгандардын «бар нерсени сактап калгандын ордуна, эмнени өзгөрүшүн каалаарын гана айтарын» билдирген. Андан сырткары, «ал жубайлардын катасы бири-бирине ыраазычылык билдирбегенинде экенин» түшүндүргөн («Emotional Infidelity»).

Силер да ушундай ката кетирбешиңер үчүн эмне кылсаңар болот?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Ыраазычылык билдирүү никедеги кыйынчылыкты азайтат. Күйөөсү аялынын, аялы күйөөсүнүн жакшы сапаттарын байкаганга жана баалаганга аракет кылса, алардын мамилеси жакшырат. Экөөнө тең бири-бирин баалаары сезилип турса, атүгүл келишпестик болгондо да мамилесине доо кетпейт.

Зайыптар. Бир китепте: «Көптөгөн зайыптар күйөөлөрүнүн үй-бүлөсүн багыш үчүн кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканына көп деле маани бербейт»,— деп жазылган. Айрым өлкөлөрдө андай кыйынчылыкка жубайлардын экөө тең туш болот («Emotional Infidelity»).

Күйөөлөр. Күйөөлөр көбүнчө аялдарынын тамак-аш табыш үчүн иштеп, балдарды багып-чоңойтуп же үй иштерин кылып үй-бүлөсүнө кам көрүп жатканын баалашпайт. Турмушка чыкканына үч жылдай болуп калган Фиона * мындай дейт: «Баарыбыздын эле туура эмес кылып алган учурларыбыз болот. Бирок андайда мен кечке өзүмдү жей берем. Ошондуктан жолдошум кайсы бир нерсени, мисалы, үй иштерин жакшы кылганымды айтса, анын кемчиликтериме карабай дагы деле мени сүйөрүнө ынанып, мага жөлөк боло турган бирөө бар экенин сезгендиктен жеңилдеп калам».

Жубайлар бири-биринин кылгандарын боло жүргөн нерседей кабыл алса, никеге коркунуч туулат. Валерия: «Жан шеригиңдин сени баалаарын сезбесең, сени баалаган бирөөгө бат эле жакын болуп кетесиң»,— дейт.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Баамчыл болгула. Кийинки жумада жубайыңардын жакшы жактарын байкап, анын үй-бүлөңөрдүн камын ойлоп кылгандарына, балким, силер буга чейин боло жүргөн нерседей көрүп келген иштерине көңүл бургула. Жуманын аягында эки барак алып, бирине өмүрлүк жарыңардын жакшы жактарын, экинчисине үй-бүлөңөрдүн жыргалчылыгы үчүн кылгандарын жазгыла. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 4:8.)

Баамчыл болуу эмне үчүн зарыл? Эрика мындай дейт: «Баш кошкондон бир нече жыл өткөндөн кийин жолдошуңдун кылгандарын кадимки нерседей көрө баштайсың. Ал кылган жакшы нерселерди байкабай, кылбай жаткан нерселерге көңүл топтой бересиң».

«Жубайымдын кылгандарын ал кылышы керек болгон нерседей көрбөймбү?» — деп ойлонуп көргүлө. Маселен, жолдошуңар бир нерсени оңдоп койду дейли. «Бул анын милдети болчу да» — деп, ага рахмат айтпай коёсуңарбы? Эгер күйөө болсоңор, аялыңарды балаңарды багып жатканы үчүн мактайсыңарбы же бала багуу анын милдети деп ойлойсуңарбы? Өмүрлүк жарыңардын үй-бүлөңөрдүн жыргалчылыгы үчүн кылгандарынын баарын — кичинесин да, чоңун да — байкап, ыраазычылык билдирип турууну максат кылып койгула. (Ыйык Китептеги принцип: Римдиктер 12:10.)

Дайыма ыраазычылык билдирип тургула. Ыйык Китептен ыраазы болуп эле койбостон, ыраазы экенибизди көрсөтүп турушубуз керектигин да билебиз (Колосалыктар 3:15). Андыктан жан шеригиңерге рахмат айтып турууну адат кылып алгыла. Жеймс мындай дейт: «Аялым кылгандарыма ыраазычылыгын билдиргенде, милдетимди андан ары да жакшы аткарганга жана экөөбүздүн мамилебизди бекемдегенге түрткү алам». (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 4:6.)

Бири-бирине дайыма ыраазычылык билдирип турган жубайлар ынак болушат. Микаел мындай дейт: «Ажырашып кеткен жубайлардын көбү дайыма бири-биринин жакшы жактарына көңүл топтошсо, никесин сактап калышмак. Анткени кандайдыр бир көйгөй болгондо, өмүрлүк жарынын жакшы жактары эсинде болгондуктан, ажырашууга шашмак эмес».

^ 9-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.