Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: КУДАЙ ТАШ БООРБУ?

Адамдар эмне үчүн Кудайды таш боор деп ойлошот?

Адамдар эмне үчүн Кудайды таш боор деп ойлошот?

МУКАБАДАГЫ суроону окуганда: «Кудай кантип таш боор болсун?» — деген чыгарсыңар. Айрымдар да ушундай ойдо. Бирок көптөр: «Кудай чын эле таш боорбу?» — деп ойлонушат. Же: «Кудай таш боор»,— дешет. Эмне үчүн?

Табигый кырсыктан аман калгандардын айрымдарын: «Кудай буларга эмне үчүн жол берет? Анын адамдар менен иши жокпу? Ал таш боорбу?» — деген суроолор түйшөлтөт.

Кээ бирөөлөрдө мындай суроолор Ыйык Китепти окуп жатканда пайда болот. Алар Нух пайгамбардын убагында болгон Топон суу жөнүндө окуганда: «Мээримдүү Кудай эмне үчүн адамдарды кырып салган? Ал эмне таш боорбу?» — деши мүмкүн.

Кээде силерде да ошондой суроолор туулабы? Же кимдир бирөө ушундай суроолорду бергенде, эмне дешти билбей калган учурларыңар болду беле? Кандай болбосун, жооп алганга жардам бере турган суроону карап чыгалы.

БИЗ ТАШ БООРДУКТУ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕК КӨРӨБҮЗ?

Бизде туура менен туура эмести ажырата билүү жөндөмү бар. Бул жагынан макулуктардан кыйла айырмаланабыз. Жараткан Кудай бизди «өзүнө окшош кылып жараткан» (Башталыш 1:27). Бул Кудайдын бизди анын сапаттарын, адеп-ахлак нормаларына болгон көз карашын чагылдыра алгыдай жана туура менен туура эмести айырмалай алгыдай кылып жаратканын билдирет. Туураны туура эместен айырмалай билүү жөндөмүн Кудай бергени жана таш боордукту жек көргөнүбүз Кудайдын да таш боордукту жек көрөрүн далилдейт.

Чынында эле ушундай экенин Ыйык Китептеги: «Менин жолум силердин жолуңардан, менин оюм силердин оюңардан ошончолук бийик»,— деген сөздөр баса белгилеп турат (Ышая 55:9). Эгер Кудайды таш боор дей турган болсок, өзүбүздүн жолубузду аныкынан бийик койгон болуп калабыз. Кудайды таш боор деп айтардан мурун фактыларды карап чыгуу акылдуулукка жатат. Балким: «Кудай таш боор болбосо, анда эмне үчүн анын кээ бир иштери таш боордукка жаткандай көрүнөт?» — деп ойлоноттурсуңар. Муну түшүнүш үчүн «таш боордук» деген эмнени билдирерине токтололу.

Кимдир бирөөнү таш боор дегенде анын ниети жаман деген жыйынтык чыгарган болобуз. Таш боор адам башкалардын кыйналганын көргөндөн ыракат алат же кыйналганына кайдыгер карайт. Мисалы, баласынын кыйналганынан ыракат алыш үчүн жазалаган кишини таш боор, ал эми баласын тарбиялаш үчүн же жаман нерседен коргош үчүн жазалаган кишини боорукер деп айтууга болот. Адамдардын эмне үчүн тигиндей же мындай кылганын дайыма эле түшүнө бербегендиктен алардын ниетине карата туура эмес жыйынтык чыгарып алышыбыз мүмкүн. Силерди да башкалар туура эмес түшүнүп алган учурлар болсо, муну жакшы билет чыгарсыңар.

Келгиле анда, көптөр табигый кырсыктардан жана Кудайдын жаман адамдарды жок кылганы жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүүлөрдөн улам Кудайды эмне үчүн таш боор деп эсептешерин карап чыгалы. Фактылар Кудайдын чынында эле таш боор экенин көрсөтүп турабы?