Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

Жахаба Кудай сага кам көрөбү?

Жахаба Кудай сага кам көрөбү?

«Мен өзүмдү Кудайга жакындаганга татыксызмын деп ойлой берем. Мага баарынан да ушул ойду жеңүү кыйын». Бул сөздөрдү Жахаба Кудайдын ага кам көрөрүнө көп ишене албаган бир аял айткан. Сенде да ушундай сезим болобу? Эгер ошондой болсо: «Жахаба Кудай ага кызмат кылгандардын ар бирине кам көрөбү?» — деп ойлоноттурсуң. Ооба, кам көрөт. Муну Иса пайгамбардын сөздөрү тастыктап турат. (Окугула: Жакан 6:44.)

Жахаба Кудайды жана анын ой-ниетин эң жакшы билген Иса пайгамбар эмне деп айткан? (Лука 10:22). Ал: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деген. Ошондуктан Жахаба Кудай өзү бизди жакындатпаса, биз анын кызматчылары болуп, Иса пайгамбардын жолун жолдой алмак эмеспиз (2 Тесалоникалыктар 2:13). Иса пайгамбардын сөздөрүнүн маанисин түшүнсөк, Кудайдын ар бирибизге кам көрөрүн билебиз.

Жахаба Кудайдын бизди өзүнө жакындатары эмнени билдирет? «Жакындатуу» деп которулган грек сөзү балыктарды торго түшүрүп, тартууга карата да колдонулган (Жакан 21:6, 11). Анда Жахаба Кудай өзүбүз каалабасак да, бизди өзүнө жакындатып, кызмат кылганга мажбурлайбы? Жок. Ал бизге чечим чыгаруу эркиндигин берген, андыктан жүрөгүбүздү күчкө салып «ачпайт» (Мыйзам 30:19, 20). Бир окумуштуу буга байланыштуу мындай деген: «Жүрөгүбүздүн каалгасынын туткасы ичинде. Ал ичинен гана ачылат». Жахаба Кудай ал жөнүндө билгиси келгендерди табыш үчүн ар бир адамдын жүрөгүн изилдейт (1 Жылнаама 28:9). Ошондой адамды тапканда анын жүрөгүн козгойт. Кантип?

Жахаба Кудай жүрөгү таза адамдарды мээримдүүлүк менен өзүнө тартат (Элчилер 13:48). Ал Ыйык Китепте жазылган жакшы кабар жана ыйык руху аркылуу адамдардын жүрөгүн өзүнө бурат. Ыйык Китептеги чындык адамдын жүрөгүнө жакса, Кудай ыйык руху аркылуу ага ал чындыкты терең түшүнгөнгө жана ошого ылайык жашаганга жардам берет (1 Корунттуктар 2:11, 12). Ал жардам бербесе, биз эч качан анын берилген кызматчыларынан болуп, Иса пайгамбардын жолун жолдой алмак эмеспиз.

«Жүрөгүбүздүн каалгасынын туткасы ичинде. Ал ичинен гана ачылат»

Иса пайгамбардын Жакан 6:44тө жазылган сөздөрүнөн Жахаба Кудай жөнүндө эмнени билүүгө болот? Кудай адамдардын жүрөгүнөн жакшы нерсени көргөндүктөн өзүнө жакындатып, алардын ар бирине кам көрөт. Макаланын башында сөз кылынган аял ушуну түшүнгөндө, жан дүйнөсү тынчып, Кудайдын ага кам көрөрүнө ынанган. Ал: «Жахаба Кудайдын кызматчысы болуу — эч нерсеге тең келгис чоң сыймык. Ал мени өзүнүн кызматчысы кылып тандап алгандыктан, ага канчалык ыраазы болушум керек!» — деген. Ал эми сенчи? Жахаба Кудайдын кызматчыларынын ар бирине кам көрөрүн билүү «жүрөгүңдүн эшигин ачканга» түрткү бербейби?!

Майда ыйык китепти окуу:

Лука 22—24Жакан 1—16