Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙГА ЖАКЫНДОО МҮМКҮНБҮ?

Кудайдын айтканын аткарасыңарбы?

Кудайдын айтканын аткарасыңарбы?

«Эмне дебе, баарын кылганга даярмын». Мындай сөздөрдү чоочун бирөөгө же жөн эле тааныш кишиге айтмак эместигиңер бышык. Бирок жакын досуңарга оңой эле айта аласыңар. Себеп дегенде ынак достор бири-биринин өтүнүчүн аткарууга дайыма дилгир болушат.

Ыйык Китептен Жахаба Кудайдын ага сыйынгандарга ыракат тартуулай турган көп нерселерди кыларын билүүгө болот. Алсак, Кудайга жакын болгон Дөөтү пайгамбар: «Оо, Жахаба Кудайым, сен көп иштерди жасадың, сенин кереметтериң, биз жөнүндөгү ойлоруң сан жеткис... Аларга эсебим жетпейт»,— деп жазган (Забур 40:5). Бирок Жахаба жалаң гана өзүнүн кызматчыларына эмес, аны таанып-биле электерге да кам көрөт. Ал аларга да «тамак-ашты мол берип», жүрөктөрүн «кубанычка толтуруп келет» (Элчилер 14:17).

Жакшы көргөн, сыйлаган кишибиз үчүн баарын кылууга даярбыз

Жахаба башкаларга кубаныч тартуулаганды жакшы көргөндүктөн, ага дос болгусу келгендер да анын жүрөгүн кубанта турган иштерди кылууга дилгир болушу абзел (Накыл сөздөр 27:11). Силер аны кантип кубандыра аласыңар? Ыйык Китепте: «Жакшылык кылууну жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат»,— деп айтылат (Еврейлер 13:16). Мындан Жахаба Кудайга жагыш үчүн башкаларга жакшылык кылуу жана колубузда болгон нерселерди бөлүшүү жетиштүү деген жыйынтык чыгарууга болобу?

Ыйык Китепте: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес»,— деп жазылган (Еврейлер 11:6). Баса белгилей кетчү нерсе, Ыбрайым пайгамбар Жахабага ишенгенден кийин гана «Жахабанын досу деп аталып калган» (Жакып 2:23). Кудайдын батасын алыш үчүн ага ишенүү маанилүү экенин Иса Машаяк да баса белгилеген. Ооба, Кудай өзүнө жакындатып жаткан адамдардын ага ишенишин каалайт (Жакан 14:1). Анда канткенде ишенимге ээ боло аласыңар? Ан үчүн адегенде Ыйык Китепти үзгүлтүккө учуратпай изилдешиңер кажет. Ошентсеңер, «анын эркин так таанып-билесиңер» жана «ага бардык жагынан жагыш» үчүн эмне кылыш керектигин түшүнөсүңөр. Ал эми Жахаба жөнүндөгү билимиңер тереңдеп, анын талаптарына ылайык иш кыла баштаганыңарда, ага болгон ишенимиңер бекемделет жана ал силерге жакын боло берет (Колосалыктар 1:9, 10).