Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Дүйнөнүн шайын оодарган аптап. Ыйык Китепте эмне делет?

Дүйнөнүн шайын оодарган аптап. Ыйык Китепте эмне делет?

 2022-жылдын июль айында дүйнө жүзү боюнча температуранын жогорку чектен ашканы катталды.

  •   «Ушул айда Кытай өкмөтү 70тей шаарда жашаган тургундарды күн адаттан тыш ысык болорун экинчи ирет эскертти» («Си-эн-эн Вайр Сервис», 2022-жыл, 25-июль).

  •   «Европадагы адаттан тыш ысык токойлордо өрттүн тутанышына себеп болууда» («Гардиан», 2022-жыл, 17-июль).

  •   «Ушул жекшемби күнү АКШынын чыгыш жээктериндеги, түштүк штаттарындагы жана батышындагы бир катар шаарларда температуранын жогорку чекке жеткени катталды» («Нью-Йорк таймс», 2022-жыл, 24-июль).

 Ушунун баары эмнеге алып баратат? Ушинтип отурса, Жер планетасы тиричиликке жараксыз болуп калбайбы? Ыйык Китепте бул туурасында эмне делет?

Күндүн катуу ысышы жөнүндө Ыйык Китепте алдын ала айтылды беле?

 Ооба. Ыйык Китепте биз жашап жаткан учурда дүйнөдө кандай окуялар болору алдын ала айтылган. Аларга күндүн өзгөчө катуу ысып жатканы да кирет. Мисалы, Иса пайгамбар «коркунучтуу көрүнүштөр», башкача айтканда, адаттан тыш нерселер болорун айткан (Лука 21:11). Температуранын дүйнө жүзү боюнча кескин түрдө жогорулап жатканы көптөрдүн үрөйүн учуруп жатат. Алар ушинтип отуруп Жер планетасы жашоого жараксыз болуп калабы деп тынчсызданышууда.

Жерде жашоо мүмкүн болбой калабы?

 Жок. Жараткан Кудайыбыз жердин адам баласынын түбөлүктүү үйү болушун ниет кылган (Забур 115:16; Насаатчы 1:4). Ошол себептен адамдарга жерди кыйратып салышына жол бербейт. Ал «жерди кыйраткандарды кыйратарын» убада кылган (Аян 11:18).

 Кудайдын Жер планетабызга байланыштуу дагы кандай эки убада бергенин карап көрөлү.

  •   «Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1). Ооба, Кудай жердин какыраган чөлгө айланып калышына эч качан жол бербейт. Ал адамдар жараксыз кылып салган аймактарды гүлдөтөт.

  •   «Молчулук бериш үчүн жерге көңүлүңдү бурасың, аны абдан байытасың» (Забур 65:9). Кудай батасын бергендиктен, жер бети бейишке айланат.

 Климаттын кескин өзгөрүшү Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын кандайча көрсөтүп турарын билиш үчүн «Климаттын өзгөрүшү жана келечегибиз. Ыйык Китепте эмне делет?» деген макаланы карагыла.

 Кудайдын айлана-чөйрөнү калыбына келтирем деген убадасы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Жерди ким сактап кала алат?» деген макаланы окуп көргүлө.