Мазмунун көрсөтүү

Кайсы белги «акыркы күндөрдө» же «акыркы убакта» жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?

Кайсы белги «акыркы күндөрдө» же «акыркы убакта» жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте «бул дүйнө түзүлүшүнүн аягында» кандай окуялар болору, дүйнөдө кандай абал өкүм сүрөрү жана адамдардын кулк-мүнөзү өзгөрөрү айтылган (Матай 24:3). Ыйык Китепте ал мезгил «акыркы күндөр» же «акыркы убак» деп аталат (2 Тиметей 3:1; Даниел 8:19).

Ыйык Китепте «акыркы күндөргө» тиешелүү кандай пайгамбарлыктар айтылган?

 Ыйык Китепте акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды айгинелеген окуялар бир учурда болору айтылган. Ал окуялар акыркы күндөрдүн «белгиси» болмок (Лука 21:7). Анда ошолордун айрымдарына токтололу.

 Дүйнөнү кучагына алган согуштар. Иса «бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөрүн» алдын ала айткан (Матай 24:7). Ошондой эле, Аян 6:4тө айтылгандай, дүйнөгө каймана маанидеги чабандес чыкмак. Согушту билдирген ал чабандеске «жер бетинен тынчтыкты алганга бийлик» берилмек.

 Ачарчылык. Иса «ачарчылык... болорун» күн мурун айткан (Матай 24:7). Аян китебинде дагы бир каймана чабандестин чыгары жазылган. Анын чаап чыкканы төгөрөктүн төрт бурчунда ачарчылык болорун билдирген (Аян 6:5, 6).

 Чоң жер титирөөлөр. Иса «жер-жерлерде... жер титирөө болорун» да айткан (Матай 24:7; Лука 21:11). Дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан мындай чоң жер титирөөлөрдөн көптөр азап чегип, атүгүл өмүрүнөн айрылып жатышат. Тарыхта мындай болуп көргөн эмес.

 Оору-дарттар. Иса «жугуштуу оорулардын», эпидемиялардын болорун да пайгамбарлык кылган (Лука 21:11).

 Кылмыштуулук. Кылмыштуулук тээ атам замандан бери болуп эле келген. Ошентсе да Иса акыркы күндөрдө «мыйзамсыздык күч аларын» айткан (Матай 24:12).

 Жердин кыйратылышы. Аян 11:18де адам баласы «жерди кыйратары» алдын ала айтылган. Алар муну ар кандай жолдор менен кылып жатышат. Мисалы, жерди зордук-зомбулукка толтуруп, ар кандай жаман иштерди эле кылбастан, табиятка да зыян келтирип жатышат.

 Пейилдин кетиши. 2 Тиметей 3:1—4-аяттарда жазылгандай, адамдар «жакшылыкты билбеген, ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер» болушмак. Алар ушунчалык бузулгандыктан, ушул акыркы күндөрдүн «өзгөчө оор мезгил» деп сыпатталганы жөндүү.

 Үй-бүлөдөгү ынтымактын ыдырашы. 2 Тиметей 3:2, 3тө көптөрдүн үй-бүлөсүн, «жакындарын сүйбөй» турганы, ал эми балдардын «ата-энесинин тилин албай» турганы алдын ала айтылган.

 Кудайга болгон сүйүүнүн муздашы. Иса: «Көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат»,— деп айткан (Матай 24:12). Исанын сөздөрү көптөрдө Кудайга болгон сүйүүнүн муздамактыгын билдирет. Ал эми 2 Тиметей 3:4тө болсо акыркы күндөрдө ошондой адамдардын «Кудайдын ордуна ырахатты сүйөрү» жазылган.

 Дин туткандардын эки жүздүүлүгү. 2 Тиметей 3:5те адамдардын Кудайга сыйынабыз деп коюп, чынында, анын мыйзамдарына ылай жашабай турганы алдын ала айтылган.

 Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын маанисин тереңирээк түшүнүү. Даниел пайгамбар жазган китепте «акыркы убакта» көптөрдүн Ыйык Китепте жазылган чындыктарды, анын ичинде пайгамбарлыктарды тереңирээк түшүнүп, так билим алары айтылган (Даниел 12:4).

 Жакшы кабардын дүйнө жүзүнө таратылышы. Иса: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»,— деп айткан (Матай 24:14).

 Көптөрдүн жакшы кабарга кош көңүл карашы жана шылдыңдашы. Иса элдин дүйнөнүн акырына аз калганын көрсөтүп турган далилдерге кош көңүл караарын алдын ала айткан (Матай 24:37—39). Ал эле эмес, 2 Петир 3:3, 4тө айтылгандай, айрымдар: «Кана дүйнөнүн акыры келгени?» — деп шылдыңдап, далилдерди такыр эле четке какмак.

 Бардык пайгамбарлыктардын аткарылышы. Иса акыркы күндөрдө жогоруда айтылган пайгамбарлыктардын бир нечеси же көпчүлүгү эмес, баары бир учурда аткарыларын айткан. Акыркы күндөр ушунусу менен өзгөчө болмок (Матай 24:33).

Биз «акыркы күндөрдө» жашап жатабызбы?

 Ооба. Дүйнөдөгү абалды жана Ыйык Китептеги хронологияны эске алганда, акыркы күндөр 1914-жылы башталган. Ошол жылы Биринчи дүйнөлүк согуш тутанган. Дүйнөдөгү кырдаал чынында эле акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды кандайча далилдеп турарын билиш үчүн бул видеону көргүлө.

 1914-жылы Кудайдын Падышалыгы асманда бийлик жүргүзө баштаган. Чү дегенде эле Шайтан Ибилис жана жин-перилер асмандан жерге куулуп түшүрүлгөн. Иш-аракети чектелген Шайтан жана жин-перилер адамзат коомуна болушунча буза башташкан (Аян 12:7—12). Адамдардын кулк-мүнөзү жаман жакка өзгөргөнү жана төбө чачты тик тургузган иштерди кылып жатканы Шайтандын таасирин айгинелеп турат. Ошон үчүн Ыйык Китепте ушул акыркы күндөр «өзгөчө оор мезгил» деп сыпатталган (2 Тиметей 3:1).

 Көптөр ушул өзгөчө оор мезгилде болуп көрбөгөндөй кыйналып жатышат. Алар элден пейил кетип, бири-бири менен тынчтыкта жашай албай калганына сарсанаа болуп жатышат. Айрымдар атүгүл адам баласы бири-бирин кырып, тукум-курут болуп кетет деп коркушат.

 Башкалар деле дүйнөдөгү абалдан улам кыйналып жатышат. Анткен менен алардын жаркын үмүтү бар. Алар Кудайдын Падышалыгы жакында иш-аракет кылып, дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечерине ишенишет (Даниел 2:44; Аян 21:3, 4). Ошон үчүн Кудайдын убадасы аткарыла турган ошол күндү сабырдуулук менен күтүп жатышат. Исанын: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деген сөздөрү аларды жубатат (Матай 24:13; Микей 7:7).