Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши деген эмне?

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши деген эмне?

 Жетектөөчү Кеңеш — Жахабанын Күбөлөрүнө дүйнө жүзү боюнча жетекчилик кылган, Иса Машаяктын жолдоочуларынан турган чакан топ. Алар кандай иш аткарат?

  •   Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары, жыйналыштары жана мектептери аркылуу берилген, Ыйык Китепке негизделген окутуу программасынын даярдалышын көзөмөлдөйт (Лука 12:42).

  •   Кабар айтуу ишине, тартуу кылынган материалдык каражаттардын бөлүштүрүлүшүнө көзөмөл кылып, Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан ишин жетектейт.

 Жетектөөчү Кеңеш жыйналыштардын жыргалчылыгы үчүн маанилүү чечимдерди чыгарган 1-кылымдагы «Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдардын» үлгүсүнө карманат (Элчилер 15:2). Ошол ишенимдүү кишилер сыяктуу эле, Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү да биздин уюмдун чоңдору болуп эсептелбейт. Алар Жахаба Кудайдын жыйналыштын башчысы кылып Иса Машаякты дайындаганын түшүнүшөт жана Ыйык Китептен жетекчилик издешет (1 Корунттуктар 11:3; Эфестиктер 5:23).

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү кимдер?

 Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү: Кеннет Кук, Гэйж Флигл, Сэмюэл Хёрд, Жеффри Жэксон, Стивен Летт, Геррит Лёш, Марк Сандерсон, Дэйвид Сплэйн жана Жэффри Уиндер. Алар Уориктеги (Нью-Йорк, АКШ) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгыбызда кызмат кылышат.

Жетектөөчү Кеңеш кандайча уюшулган?

 Жетектөөчү Кеңеш жүргүзүп жаткан ишибиздин ар кайсы тармактарын жетектеш үчүн алты комитетти уюштурган. Анын ар бир мүчөсү ошол комитеттердин биринде же бир нечесинде кызмат кылат.

  •   Координаторлор комитети. Юридикалык маселелерди жана табигый кырсыкка, куугунтукка же өзгөчө кырдаалдарга кабылган Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү маселелерди чечет.

  •   Кадрлар комитети. Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө байланыштуу иштерди көзөмөлдөйт.

  •   Басма комитети. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды басып чыгарууга, жөнөтүүгө жана жолугушуулар өтө турган жайларды, котормо кеңселерин, филиалдардын имараттарын куруу ишин жетектейт.

  •   Кызмат комитети. «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» таратуу ишин көзөмөлдөйт (Матай 24:14).

  •   Окутуу комитети. Жыйналыштар, теократиялык мектептер аркылуу берилген, Ыйык Китепке негизделген программанын, аудио, видео материалдардын даярдалышын көзөмөлдөйт.

  •   Жазуу комитети. Басма түрүндө жана сайтыбызга чыга турган, Ыйык Китепке негизделген маалыматтардын даярдалышына кам көрөт жана которуу ишине көзөмөл кылат.

 Ушул комитеттерде кызмат кылгандан тышкары, Жетектөөчү Кеңеш уюмдун муктаждыктарына байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн жума сайын кеңешме өткөрөт. Андай жолугушууларда алар Ыйык Китепте жазылгандарды талкуулашат жана ыйык рухтун жетегине баш ийип, бир добуштан чечим чыгарууга аракет кылышат (Элчилер 15:25).

Жетектөөчү Кеңештин жардамчылары кимдер?

 Алар — Иса Машаяктын Жетектөөчү Кеңешке көмөк көрсөткөн ишенимдүү жолдоочулары (1 Корунттуктар 4:2). Ал кишилер өздөрү дайындалган комитеттин иштерин көзөмөлдөөгө жөндөмдүү жана ошол тармак боюнча тажрыйбага ээ. Ошондой эле алар кайсы комитетте кызмат кылса, ошол комитеттин жума сайынкы кеңешмесине катышышат. Чечим чыгарууга жооптуу болбосо да, баалуу кеп-кеңештерин беришет, зарыл маалыматтар менен камсыз кылышат. Андан тышкары, комитеттин кандайдыр бир чечим чыгарышына зор салым кошушат жана ошол чечимдердин жыйынтыгы кандай болуп жатканына, анын аркасында кандай жетишкендиктер болуп жатканына көз салышат. Жетектөөчү Кеңеш алардын айрымдарын башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерибизди бекемдөө үчүн ошол жерлерге жөнөтүшү же жылдык жолугушуу, Гилат мектебинин бүтүрүү аземи сыяктуу чоң жолугушууларда баяндама айтууга да дайындашы мүмкүн.

ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШТИН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ

Комитет

Аты-жөнү

Координаторлор комитети

  • Жон Экранн

  • Пол Гиллис

  • Трой Снайдер

Кадрлар комитети

  • Жеральд Гризел

  • Лафранка Патрик

  • Дэниел Молчан

  • Ральф Уоллс

Басма комитети

  • Роберт Батлер

  • Харолд Коркерн

  • Гаюс Глоккентин

  • Дональд Гордон

  • Роберт Лусиони

  • Алекс Райнмюллер

  • Дейвид Синклер

Кызмат комитети

  • Гэри Бро

  • Жоел Делиңгер

  • Жоржез Бетти

  • Энтони Гриффин

  • Сет Хайатт

  • Жэдли Жоди

  • Кристофер Мейвар

  • Балтасар Перла

  • Жонатан Смит

  • Уильям Тёрнер

  • Леон Уивер

Окутуу комитети

  • Роналд Карсэн

  • Кеннет Флодин

  • Уильям Маленфант

  • Марк Нумар

  • Дейвид Шейфер

Жазуу комитети

  • Николас Аладис

  • Пэр Кристенсен

  • Роберт Сиранко

  • Кеннет Гадбёрн

  • Жеймс Манц

  • Исак Марей

  • Мартин Клив

  • Леонард Майерс

  • Жин Смолли

  • Херманус ван Селм