Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү эмдөөдөн өткөнгө каршыбы?

Жахабанын Күбөлөрү эмдөөдөн өткөнгө каршыбы?

 Жок. Жахабанын Күбөлөрү эмделгенге каршы эмес. Бул ар биринин жекече чечими. Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү вакцина сайдырып, эмдөөдөн өтүшкөн.

 Биз дайыма мыкты медициналык жардам алганга аракет кылабыз. Ошондой эле медицина тармагында катуу оорулар менен күрөшүш үчүн жасалып жаткан жетишкендиктерге ыраазыбыз. Саламаттык сактоо жаатында иштегендердин, өзгөчө пандемия кулачын жайып турган азыркыдай оор учурдагы эмгегин жогору баалайбыз.

 Жахабанын Күбөлөрү саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлер менен кызматташып турат. Алсак, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн сайтына жергиликтүү сактык чараларына карманганга үндөгөн маалыматтарды жүздөгөн тилдерде тынымсыз жарыялап келет. Андай сактык чараларына аралыкты сактоо, коомдук иш-чараларды өткөрүү жол-жоболоруна кармануу, карантинде болуу, колдуу жуу, бет кап тагынуу жана башка ушул сыяктуу бийлик талап кылган же карманганга үндөгөн нерселер кирет (Римдиктер 13:1, 2).

 Ондогон жылдардан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарында төмөнкү принциптер баса белгиленип келет:

  •   Кантип дарыланышты ар бир адам жеке өзү чечет (Галатиялыктар 6:5).

     «[Бул журнал] кайсы бир дары-дармектерди же дарылануунун кайсы бир ыкмасын сунуштабайт. Ошондой эле журналда медициналык кеп-кеңештер берилбейт. Журналдын максаты — окурмандарга тек гана фактыларды көрсөтүп, кандайдыр бир тыянакка келгенге жана өз алдынча чечим чыгарганга жардам берүү» («Ойгонгула!» журналы, 1987-жыл, 8-февраль (англ.)).

     «Өзүңөргө, балдарыңарга вакцина сайдырар-сайдырбасыңарды өзүңөр чечишиңер керек» («Ойгонгула!» журналы, 1965-жыл, 22-август (англ.)).

  •   Биз өмүрдү баалагандыктан медициналык жардам алабыз (Элчилер 17:28).

     «Ооруп калганда медициналык жардам алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү доктурлар көрсөткөн кызматтардан пайдаланып турушат. Алар өмүрдү баалашат. Ошондуктан аны сактап калыш үчүн акылга-сыярлык жана Ыйык Китепке каршы келбеген нерселердин баарын кылышат» («Күзөт мунарасы» журналы, 1975-жыл, 1-июль, (англ.)).

     «Жахабанын Күбөлөрү зарыл учурда дары-дармек ичишет, тийиштүү медициналык жардам алышат. Алар ден соолугуна колдон келишинче кам көрүп, мүмкүн болушунча узак жашаганга аракет кылышат. Биринчи кылымдагы Лука деген Исанын жолдоочусундай эле бүгүнкү күндө да Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары доктур болуп иштешет... Жахабанын Күбөлөрү саламаттык сактоо жаатындагы кызматкерлердин күжүрмөн эмгегин, жан аябастыгын аябай баалайт. Ошондой эле оору менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамына терең ыраазы» («Күзөт мунарасы» журналы, 2011-жыл, 1-февраль, (ор.)).