Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү дарыланууга кандай карайт?

Жахабанын Күбөлөрү дарыланууга кандай карайт?

 Жахабанын Күбөлөрү медициналык жардамдан баш тартышпайт. Анткени ден соолугуна кам көргөнү менен, башкалар сыяктуу эле, кээде «дарыгердин» жардамына муктаж болушат (Лука 5:31). Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында, биринчи кылымда жашаган Кудайдын кызматчысы Лукага окшоп, дарыгер болуп иштегендер да бар (Колосалыктар 4:14).

 Бирок дарылануу ыкмаларынын бардыгы эле Кудайдын Ыйык Китепке жаздырып койгон принциптерине дал келе бербейт. Ошондуктан биз алардын айрымдарынан баш тартабыз. Мисалы, кан куйдурбайбыз. Анткени Кудай канды колдонууга тыюу салган (Элчилер 15:20). Ошондой эле, Кудайга жакпагандыктан, спиритизм (жиндер менен байланышуу) менен байланышкан дарылоо ыкмаларын колдонбойбуз (Галатиялыктар 5:19—21).

 Анткен менен дарылануу ыкмаларынын көпчүлүгү Кудайдын принциптерине каршы келбейт. Ошондуктан андай учурда кандай ыкма менен дарыланарын Жахабанын Күбөлөрүнүн ар кими өзү чечет (Галатиялыктар 6:5).