Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир майрамдарды эмне үчүн белгилешпейт?

Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир майрамдарды эмне үчүн белгилешпейт?

 Жахабанын Күбөлөрү кайсы майрамды белгилесе болор-болбосун кантип аныкташат?

 Жахабанын Күбөлөрү кайсы майрамды белгилесе болор-болбосун Ыйык Китептин негизинде аныкташат. Айрым майрамдар Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келери айдан ачык. Жахабанын Күбөлөрү андай майрамдарды белгилешпейт. Ал эми Ыйык Китепке каршы келбеген майрамдардын кайсынысын белгилөөнү чечүүдө алар «Кудайдын да, адамдардын да алдында» абийирин таза сактаганга умтулушат (Элчилер 24:16).

 Төмөндө Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир майрамды белгилесе болор-болбосун чечерде ой жүгүрткөн суроолордун айрымдары келтирилди a.

  •   Бул майрам Ыйык Китепке каршы келген окууга негизделеби?

     Ыйык Китептеги принцип: «Алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө,— дейт Жахаба,— мындан ары арам нерсеге жолобогула» (2 Корунттуктар 6:15—17).

     Жахабанын Күбөлөрү арам деп эсептелген, тактап айтканда, Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келген окуулардан алыс болуш үчүн айрым майрамдарды белгилешпейт. Андай майрамдар өз ичине төмөнкү нерселерди камтыйт.

     Башка кудайларга ишенүүгө же сыйынууга негизделген майрамдар. Иса пайгамбар: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деп айткан (Матай 4:10). Жахабанын Күбөлөрү анын айткандарына ылайык иш кылып, Рождествону, Пасханы жана Май күнү деген майрамдарды белгилешпейт. Анткени бул майрамдар Жахаба Кудайга эмес, башка кудайларга сыйынууга негизделген. Мындан тышкары, алар төмөндөгүдөй майрамдарды да белгилешпейт:

    •  Кванзаа. «Кванзаа» деген ат «суахили тилиндеги „матунда я кванза“ деген сөздөрдөн келип чыккан жана „алгачкы түшүм“ дегенди билдирет. [Бул] ал майрамдын Африканын тарыхында „алгачкы түшүм майрамдары“деп белгилүү болгон майрамдардан тамыр алганын көрсөтүп турат» («Encyclopedia of Black Studies»). Айрымдар Кванзаа майрамын диний майрам деп эсептебесе да, африкалыктардын дини тууралуу жазылган бир энциклопедияда ал майрам африкалыктардын «кудайлар менен ата-бабаларын ыраазы кылыш үчүн» алгачкы түшүмдү тартуу кылган майрамдарына салыштырылган. Ошондой эле анда анын «берген баталары үчүн ата-бабаларына ыраазычылык билдирген афроамерикалыктардын Кванзаа деген майрамына окшош экени жазылган» («Encyclopedia of African Religion»).

      Кванзаа

    •  Күз майрамы. Бул — «ай кудайларына урмат көрсөтүүгө арналган майрам» («Holidays, Festivals, and Celebrations of the World Dictionary»). Ал өз ичине «үйдөгү аялдардын баарынын кудайлардын алдында жүгүнүп, жүз төмөндөп жыгылганы (кытайча „коутоу“) менен коштолгон» кааданы камтыйт («Religions of the World —A Comprehensive Encyclopedia of Beliefs and Practices»).

    •  Нооруз (Науруз). «Бул майрам зороастризмден тамыр алган жана байыркы зороастризм календарында эң ыйык күндөрдүн бири катары белгиленген... Зороастризм дининде суук айларда Кыштын руху [Рапитвин] деп белгилүү болгон Айдын рухун жердин астына кубалап жиберет, ал эми Нооруз күнү түштөн кийин Айдын руху кайтып келет деп айтылат. Ошондуктан Нооруз аны майрамдап тосуп алууга арналган майрам» (Бириккен Улуттар Уюмунун агартуу, илим жана маданият боюнча уюму).

    •  Шаб-е Ялда. Персиянын тарыхы жөнүндөгү бир китепте Күндүн кышкы токтолушуна арналган бул майрамдын жарыктын кудайы болгон «Митрага сыйынуу менен байланышы бар экени айтылган» («Sufism in the Secret History of Persia»). Ошондой эле бул майрамдын рим жана грек күн кудайларына сыйынуу менен байланышы бар деп да божомолдошот b.

    •  Ыраазычылык билдирүү күнү. Кванзаа сыяктуу эле, бул майрам да ар кандай кудайларга урмат көрсөтүүгө багытталган байыркы түшүм майрамдарынан келип чыккан. Убакыттын өтүшү менен «бул байыркы майрамдар христианчылыкка өткөн» («A Great and Godly Adventure —The Pilgrims and the Myth of the First Thanksgiving»).

     Ырым-жырымдарга же кут түшөрүнө ишенүүгө негизделген майрамдар. Ыйык Китепте «Кут кудайына дасторкон жайгандар» «Жахабаны таштагандар» деп сүрөттөлгөн (Ышая 65:11). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү төмөндө саналган майрамдарды белгилешпейт:

    •  Иван Купала. Бир китепте: «Көптөр табият сыйкырдуу күчтү бөлүп чыгарган [Иван Купала] күнү эр жүрөк, жолдуу болсоң, ошол күчтөн ала аласың дегенге ишенишет»,— деп жазылган («The A to Z of Belarus»). Башында жалган кудайга сыйынгандар бул күнү Күндүн жайкы токтолушун майрамдашчу. Бирок Орусиянын маданияты тууралуу энциклопедияда бутпарастар «христиан динин кабыл алгандан кийин ал майрамдын чиркөөнүн майрамы [Чөмүлдүрүүчү Жакандын „ыйык күнү“] менен аралашып кеткени» жазылган («Encyclopedia of Contemporary Russian Culture»).

    •  Ай календары боюнча белгиленген Жаңы жыл (кытайлардын жана корейлердин Жаңы жылы). «Жылдын, өзгөчө, ушул мезгилинде үй-бүлөлөр, достор жана туугандар үйүнө кут кириши үчүн баарын кылууну, кудайлар менен рухтарга урмат көрсөтүүнү, ошондой эле бири-бирине келе жаткан жыл бакыт алып келишин каалоону биринчи орунга коюшат» («Mooncakes and Hungry Ghosts​—Festivals of China»). Корейлердин Жаңы жылы да, ушу сыяктуу эле белгиленет. Ал ата-бабаларга сыйынуу, каардуу рухтарды кубалоо жана Жаңы жыл бакыт-таалай алып келиши үчүн ар кандай каадаларды кылуу, ошондой эле Жаңы жылда эмнелер болорун билиш үчүн төлгө салуу менен коштолот («Encyclopedia of New Year’s Holidays Worldwide»).

      Кытайлардын Жаңы жылы

     Жан өлбөс деген түшүнүккө негизделген майрамдар. Ыйык Китепте жандын өлөрү ачык эле айтылган (Жезекиел 18:4). Ошо себептен Жахабанын Күбөлөрү жандын өлбөстүгүнө ишенүүгө үндөгөн төмөндөгү майрамдарды белгилешпейт:

    •  Маркумдарды эскерүү күнү (Өлгөндөрдүн күнү). «Жаңы католик энциклопедиясына» ылайык, бул — «өлгөндөрдүн баарын урмат менен эскерүү» күнү. Ошондой эле анда: «Орто кылымда көптөр күнөөдөн тазалануучу жайдагы жандар ошол күнү арбак, каардуу сыйкырчы, курбака болуп чыгып, тирүү кезинде жамандык кылгандарга барышат дегенге ишенишчү»,— делген.

    •  Квингминг (Цинмин) жана Ач арбактар майрамы. Бул эки майрам ата-бабаларга урмат көрсөтүү үчүн белгиленет. Дүйнө жүзүндөгү майрамдар жөнүндө жазылган бир китепте айтылгандай, Цинмин майрамында «арбактар ачка болбошу же суусабашы, акчадан кыйналбашы үчүн тамак-ашты, суусундуктарды, акчаларды өрттөшөт». Ал китепте: «Ач арбактар айында, айрыкча, ай толгон түнү (бул майрамды белгилегендер ишенгендей), башка түндөргө караганда тирүүлөрдүн өлгөндөр менен байланышышына көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот, ошондуктан арбактарды ыраазы кылуу, ата-бабаларга урмат көрсөтүү аябай маанилүү»,— деп жазылган («Celebrating Life Customs Around the World—From Baby Showers to Funerals»).

    •  Чхусок. Корейлердин диний майрамдары жөнүндө айтылган бир эмгекке ылайык, бул күнү адамдар «арбактарга тамак-аш, шарап тартуу кылышат». Мындан алардын «адам өлгөндөн кийин жашоосун уланта берет дегенге ишенери» көрүнүп турат («The Korean Tradition of Religion, Society, and Ethics»).

     Оккультизм менен байланышы бар майрамдар. Ыйык Китепте: «Төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр... Жахаба үчүн жийиркеничтүү»,— деп айтылат (Мыйзам 18:10—12). Оккультизм менен байланышы бар нерселердин баарынан, анын ичинде астрологиядан (төлгөнүн бир түрүнөн) алыс болуш үчүн Жахабанын Күбөлөрү Хэллоуинди жана төмөндө саналган майрамдарды белгилешпейт:

    •  Сингал жана Тамил Жаңы жылы. «Бул майрам менен байланыштуу элдик жөрөлгөлөр... жылдыз төлгөчүлөр ийгилик алып келет деген күнү кандайдыр бир иштерди кылууну камтыйт» («Encyclopedia of Sri Lanka»).

    •  Сонгкран. Азиялыктардын бул майрамынын аты «„өтүү“ же „өзгөрүү“ дегенди билдирген... санскрит сөзүнөн келип чыккан. [Бул майрамда] Күндүн Арий топ жылдызына өткөнүн белгилешет» («Food, Feasts, and Faith​—An Encyclopedia of Food Culture in World Religions»).

     Иса Машаяк өмүрүн курмандыкка чалгандан кийин жоюлган Мусанын мыйзамындагы майрамдар. Ыйык Китепте: «Мыйзам Машаяк аркылуу аяктаган»,— деп жазылган (Римдиктер 10:4). Иса Машаяктын жолдоочулары Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу байыркы Ысрайыл элине берген Мыйзамындагы принциптерге ылайык иш кылуудан азыркыга чейин пайда алышат. Ошентсе да алар Мыйзамда айтылган майрамдарды, бөтөнчө, Машаяктын келечекте келерине байланыштуу майрамдарды белгилешпейт. Анткени алар Машаяктын келгенине ишенишет. Ыйык Китепте: «Мунун баары — келечектегинин көлөкөсү, чыныгы нерсе болсо Машаякка таандык»,— делет (Колосалыктар 2:17). Ал майрамдар өз максатын аткарып бүткөндүктөн жана аларга Ыйык Китепке каршы келген каадалар кошулуп кеткендиктен, Жахабанын Күбөлөрү аларды белгилешпейт. Андай майрамдарга төмөнкүлөр кирет:

    •  Ханукка. Бул майрамда жүйүттөрдүн Иерусалимдеги ибадатканасынын кайра арналганын белгилешет. Ыйык Китептен Иса Машаяктын «адам баласынын колу менен курулбаган, жерге таандык болбогон алда канча улуу, жеткилең чатырдын [же ибадаткананын]» Башкы дин кызматчысы болгонун билебиз (Еврейлер 9:11). Анын жолдоочулары Иерусалимдеги ибадаткана каймана маанидеги ибадатканага алмаштырылганын түшүнүшөт.

    •  Рош ха-Шана. Бул — еврейлердин жылынын биринчи күнү. Байыркы учурда бул майрамда Кудайга арналган курмандыктарды чалышчу (Сандар 29:1—6). Бирок Иса пайгамбар Машаяк катары «курмандык менен тартууну токтоткондо», алар Кудайдын көз алдында баасын жоготкон (Даниел 9:26, 27).

  •   Бул майрам дин аралык иштерге аралашууга үндөбөйбү?

     Ыйык Китептеги принцип: «Ишенген киши менен ишенбеген кишинин ортосунда кандай жалпылык бар? Кудайдын ибадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар?» (2 Корунттуктар 6:15—17).

     Жахабанын Күбөлөрү башкалар менен тынчтыкта жашаганга умтулуп, ар бир адамдын эмнеге ишенерин тандоого болгон укугун сыйлашат. Ошентсе да алар дин аралык иштерге аралашууга үндөгөн майрамдарды белгилешпейт.

     Ыйык деп эсептелген кишилерге же ар кандай диндеги адамдардын бирге сыйынышына үндөгөн окуяларга арналган майрамдар. Кудай байыркы элин башка диндерди туткан элдер жашаган жерге жетектеп баратканда аларга: «Алар менен да, алардын кудайлары менен да келишим түзбө... Эгер алардын кудайларына кызмат кылсаң, торго түшөсүң»,— деп айткан (Чыгуу 23:32, 33). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү төмөндө айтылган сыяктуу майрамдарды белгилешпейт:

    •  Лой Кратонг. Буддизмге байланыштуу энциклопедияда айтылгандай, тайлардын бул майрамында «адамдар идиштерге жалбырактарды, шамдарды же жыпар жыттуу таякчаларды салып, сууга коё беришет. Ошол идиштер менен кошо жамандык да кетет дешет. Бул майрамда, чынында, Будда калтырган ыйык изди эскеришет» («Encyclopedia of Buddhism»).

    •  Эл аралык өкүнүү күнү. Папуа-Жаңы Гвинеядагы бир гезитке чыккан мамлекеттик ишмердин айтканына ылайык, бул майрамга катышкандар «христиан дининин негизги окууларына кошулушат». Ал ошол майрамдын «өлкөдө христиандык принциптердин жайылышына шарт түзөрүн» айткан («The National»).

    •  Весак. «Бул буддисттердин ыйык күндөрүнүн эң ыйыгы. Ал Будданын төрөлүшүнө, дүйнөнү толук түшүнүшүнө жана өлүмүнө, башкача айтканда, Нирванага жетишине арналган» («Holidays, Festivals, and Celebrations of the World Dictionary»).

      Весак

     Ыйык Китепте кармануу керектиги айтылбаган диний каадаларга негизделген майрамдар. Иса Машаяк диний жетекчилерге: «Өзүңөрдүн салтыңар үчүн Кудайдын сөзүнүн баркын кетирип жатасыңар»,— деп айткан. Ошондой эле алар «адамдардын осуяттарын Кудайдын окууларындай кылып үйрөтүшкөндүктөн», Кудайга сыйынганы бекер болгонун да баса белгилеген (Матай 15:6, 9). Жахабанын Күбөлөрү бул эскертүүгө кулак каккандыктан көптөгөн диний майрамдарды белгилешпейт.

    •  Эпифания (Үч падышанын күнү, Тимкат же Лос рейес Магос). Бул — астрологдордун Исага барганын же Исанын чөмүлгөнүн эскерүүгө арналган майрамдар. Ал — «агын суулардын, дарыялардын кудайлары урматталган бутпарастардын жазгы майрамдары христианчылык менен аралашып кеткен майрам» («The Christmas Encyclopedia»). Ушу сыяктуу майрам болгон Тимкаттын да тамыры «каада-салттарга барып такалат» («Encyclopedia of Society and Culture in the Ancient World»).

    •  Кыз Мариямдын асманга көтөрүлүшү. Бул — Исанын энеси кадимки денеси менен асманга көтөрүлүп кеткен деген ишенимге негизделген майрам. Дин менен коомго байланыштуу бир эмгекте: «Исанын алгачкы жолдоочулары бул майрамды белгилешчү эмес жана Ыйык Китепте да бул тууралуу эч нерсе айтылбайт»,— деп жазылган («Religion and Society​—Encyclopedia of Fundamentalism»).

    •  Күнөөсүз Мариямдын боюна бүтүшү. «Мариям күнөөсүз болгон деген ой Ыйык Китепте жазылган эмес... Бул — чиркөөнүн ой толгоосу» («Жаңы католик энциклопедиясы»).

    •  Улуу орозо. «Жаңы католик энциклопедиясына» ылайык, бул өкүнүү, орозо тутуу менен коштолгон бул майрам «4-кылымда» Ыйык Китеп жазылып бүткөндөн 200 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин негизделген. Ал энциклопедияда Улуу орозонун биринчи күнүндө, Күлдүү шаршембиде, дин кызматчылар ишенгендердин башына күл чачары айтылган. Мындай каада 1091-жылы Беневенто соборунда кабыл алынгандан тартып кылынып келет.

    •  Мескель (Маскаль). Эфиопиялыктардын бул майрамында «от жагып, аны тегеректеп бийлеп, Кресттин (Машаяк кадалган крест) табылышын белгилешет» («Encyclopedia of Society and Culture in the Medieval World»). Бирок Жахабанын Күбөлөрү сыйынууда крестти колдонушпайт.

  •   Бул майрамда кайсы бир адам, уюм же улуттук символ аздектелбейби?

     Ыйык Китептеги принцип: «Жахаба мындай дейт: „Пендеге таянган, адам баласынын күчүнө үмүт арткан, жүрөгү Жахабадан алыстаган кишиге каргыш тийсин“» (Жеремия 17:5).

     Жахабанын Күбөлөрү адамдардын баарын сыйлап, алар үчүн Кудайдан тиленсе да, төмөндө айтылган майрамдарга катышпайт:

     Өкмөт башчысынын же көрүнүктүү инсандын урматына өткөрүлгөн майрамдар. Ыйык Китепте: «Таноосунда деми бар пендеге таянбагыла. Андан эмне пайда?» — делет (Ышая 2:22). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү өкмөт башчыларынын туулган күнүн белгилешпейт.

     Улуттук желек майрамы. Жахабанын Күбөлөрү Желек күнүн белгилешпейт. Эмне үчүн? Ыйык Китепте: «Өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— деген эскертүү жазылган (1 Жакан 5:21). Замандаштарыбыздын айрымдары желекти буркан — сыйынууда колдонулган буюм — катары эсептешпейт. Бирок тарыхчы Карлтон Хейс «желектин улутчулдуктун башкы символуна, адамдар сыйынган негизги нерсеге айланганын» жазган.

     Ыйык деп эсептелген кишилерди аздектеген майрамдар. Кудайдан корккон бир киши элчи Петирдин бутуна жыгылып, таазим кылганда, ал эмне кылган? Ыйык Китепте: «Петир: „Тур, мен сага окшогон эле адаммын“ — деп, аны тургузду»,— деп жазылган (Элчилер 10:25, 26). Элчи Петир жана башка элчилер аларды аздектеп, өзгөчө урмат көрсөтүшүн каалашкан эмес. Ошо себептен Жахабанын Күбөлөрү ыйык деп эсептелген кишилерди аздектеген төмөндөгү майрамдарды белгилешпейт:

    •  Бардык ыйыктар күнү. Бул — «ыйыктардын баарынын урматына арналган майрам... Анын каяктан келип чыкканы белгисиз» («Жаңы католик энциклопедиясы»).

    •  Гваделупалык кыз Мариямдын күнү. Мексикада белгиленген бул майрам алар ыйык деп аздектеген ыйык аялдын, Мариямдын, урматына өткөрүлөт. Ал 1531-жылы бир дыйканга көрүнгөн деп айтышат («The Greenwood Encyclopedia of Latino Literature»).

      Гваделупалык кыз Мариямдын күнү

    •  Ат коюлган күнгө арналган майрам. Дүйнө жүзүндөгү майрамдар жөнүндөгү бир китепте: «Бул күнү чөмүлгөндө же динди расмий түрдө кабыл алганда балага коюлган ыйык кишинин ысмына арнап той өткөрүлөт»,— деп жазылган. Ошондой эле ал күнү адамдардын динге байланыштуу иштерди кылары кошумчаланган («Celebrating Life Customs Around the World​—From Baby Showers to Funerals»).

     Саясий же коомдук өзгөрүүлөргө арналган майрамдар. Ыйык Китепте: «Пендеге таянгандан көрө, Жахабадан баш маана издеген жакшы»,— деп айтылат (Забур 118:8, 9). Дүйнөдөгү көйгөйлөрдү Кудай эмес, адамдар чечип берет дегенге ишенгендей болуп калбаш үчүн Жахабанын Күбөлөрү саясий же коомдук өзгөрүүлөрдү колдоо максатында өткөрүлгөн Жаштардын күнүн же Аялдардын эл аралык күнүн белгилешпейт. Ошондой эле алар Эмансипация күнүн же ушул сыяктуу майрамдарды майрамдашпайт. Анткени расизмге, теңсиздикке байланыштуу көйгөйлөрдү Кудайдын Падышалыгы гана чечип берерине ишенишет (Римдиктер 2:11; 8:21).

  •   Бул майрамда кайсы бир улут же уруу башкаларынан жогору коюлбайбы?

     Ыйык Китептеги принцип: «[Кудай] бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (Элчилер 10:34, 35).

     Жахабанын Күбөлөрү мекенин сүйсө да, кайсы бир улут же уруу жогору коюлган төмөнкүдөй майрамдарды белгилешпейт:

     Аскер күчтөрүнө арналган майрамдар. Иса пайгамбар согушту колдогон эмес. Ал шакирттерине: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деген (Матай 5:44). Андыктан Жахабанын Күбөлөрү аскерлердин урматына арналган майрамдарды, анын ичинде төмөндө саналган майрамдарды белгилешпейт:

    •  Анзак күнү. «Анзак — Австралиядагы жана Жаңы Зеландиядагы аскерлерге арналган майрам». «Убакыттын өтүшү менен Анзак күнү согуштан курман болгондорду эскерүү күнү катары белгилене баштаган» («Historical Dictionary of Australia»).

    •  Ардагерлер күнү (Эскерүү күнү, Эскерүүгө арналган жекшемби). Бул майрамдар «согуш ардагерлеринин жана согуш талаасында каза тапкандардын урматына өткөрүлөт» («Британ энциклопедиясы»).

     Улуттун тарыхына же көз карандысыздыгына арналган майрамдар. Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочулары тууралуу: «Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан (Жакан 17:16). Өз улутунун тарыхын билүүгө кызыкдар болсо да, Жахабанын Күбөлөрү төмөндөгүдөй майрамдарга катышпайт:

    •  Австралия күнү. Ар кайсы маданияттар жана күндөлүк турмуш жөнүндө жазылган бир энциклопедияга ылайык, бул майрамда «1788-жылы Англиянын аскерлери желегин Австралияга сайып, аны жаңы колония деп жарыялаганын белгилешет» («Worldmark Encyclopedia of Cultures and Daily Life»).

    •  Гай Фокстун күнү. Бул күнү «1605-жылы Гай Фокстун жана католик кутумчуларынын король Яков Iни өлтүрүүгө жана [Англиянын] Парламентин жардырууга жасаган аракетинин ишке ашпай калганын» белгилешет («A Dictionary of English Folklore»).

    •  Эгемендүүлүк күнү. Көптөгөн өлкөлөрдө бул «майрам мамлекеттик майрам катары эсептелет жана эгемендикке жеткен күндүн жылдыгы белгиленет» («Merriam-Webster’s Unabridged Dictionary»).

  •   Бул майрам чектен чыгууга, адеп-ахлаксыздыкка жаткан нерселер менен коштолбойбу?

     Ыйык Китептеги принцип: «Уятсыз жүрүм-турумга, кумарларга, шарапкорлукка, жосунсуз той-тамашаларга, ичкилик ичүү мелдештерине, жийиркеничтүү бурканга табынуучулукка берилип, дүйнө адамдарынын эрки боюнча жашап келгениңер жетишет» (1 Петир 4:3).

     Бул принципке ылайык, Жахабанын Күбөлөрү шарапкорлук, жосунсуз той-тамашалар менен коштолгон майрамдарды белгилешпейт. Бирок алар да достору менен чогулуп көңүл ачышат. Эгер спирт ичимдиктерин ичүүнү кааласа, ченеми менен ичишет. Алар Ыйык Китептеги: «Жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген кеңешке ылайык иш кылууга умтулушат (1 Корунттуктар 10:31).

     Ошо себептен Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте айыпталган жосунсуз жүрүм-турум менен коштолгон майрамдарга же карнавалдарга катышпайт. Мындай майрамдарга еврейлердин Пурим майрамы да кирет. Иудаизмге байланыштуу бир китепте Пурим майрамын б.з.ч. 5-кылымда жүйүттөрдүн куткарылган күнү катары майрамдап келишкени жана учурда аны «Масленицадай эле майрам деп айтса болору» айтылган. Ызы-чуу менен көңүл ачууну сүйгөндөрдүн көбү «бул күнү ар кандай кийимдерди кийип (көбүнчө эркектер аялдардын кийимин кийишет), спирт ичимдиктерин ашыра ичип, чаң-тополоң, ызы-чуу салып майрамдашат» («Essential Judaism»).

 Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир майрамдарды белгилебесе да, үй-бүлөсүндөгүлөрдү жакшы көрүшөбү?

 Ооба. Ыйык Китепте башка адамдардын баарын жана үй-бүлөбүздөгүлөрдү, алар башка динди тутканына карабай, жакшы көрүшүбүз керектиги айтылат (1 Петир 3:1, 2, 7). Албетте, Жахабанын Күбөлөрү ушундай майрамдарды белгилебей калганда, туугандарынын айрымдары капа болушу, таарынышы, атүгүл аларды сатып кеткендей сезимде болушу мүмкүн. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү туугандарына аларды дагы деле жакшы көрөрүн айтып, эмне үчүн ушундай чечим чыгарганын сылыктык менен түшүндүрүп беришет жана башка учурларда алардыкына барып турушат.

 Жахабанын Күбөлөрү башкаларды кайсы бир майрамдарды белгилебегенге үндөйбү?

 Жок. Жахабанын Күбөлөрү ар бир адам өзү чечим чыгарышы керектигин жакшы билишет (Жашыя 24:15). Алар «бардык адамдарды», алар кайсы динди тутпасын, урматтап-сыйлашат (1 Петир 2:17).

a Бул макалада Жахабанын Күбөлөрү белгилебеген майрамдардын жана алар колдонгон Ыйык Китептеги принциптердин баары саналган жок.

b «Mithra, Mithraism, Christmas Day & Yalda, by K. E. Eduljee», 31—33-б.