Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү эмнелерге ишенет?

Жахабанын Күбөлөрү эмнелерге ишенет?

Биз, Жахабанын Күбөлөрү, Иса пайгамбардын осуяттарына карманып жашайбыз жана анын элчилери кылган иштерди аткарабыз. Бул макалада биз ишенген негизги нерселер тууралуу айтылат.

  1.   Кудай. Биз баарын жараткан, Кудурети Күчтүү жалгыз чыныгы Кудайга сыйынабыз. Кудайдын ысмы — Жахаба (Забур 83:18; Аян 4:11). Ал Ыбрайым, Муса, Иса пайгамбарлардын Кудайы (Чыгуу 3:6; 32:11; Жакан 20:17).

  2.   Ыйык Китеп. Биз Ыйык Китепти Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен адам баласы үчүн жазылган китеп деп эсептейбиз (Жакан 17:17; 2 Тиметей 3:16). Ишенген нерселерибиз «Байыркы Келишимди» да, «Жаңы Келишимди» да камтыган Ыйык Китептеги 66 китептин баарына негизделет. Жейсон. Д. Бедун аттуу профессор Жахабанын Күбөлөрү тууралуу: «Алар Ыйык Китепте эмне деп айтыларын алдын ала божомолдобой, окууларын жана иштерин Ыйык Китептин түп нускасына негиздешет»,— деп таамай айткан a.

     Ыйык Китепти толугу менен кабыл алсак да, анда жазылгандардын баарын түзмө-түз түшүнбөйбүз. Биз Ыйык Китептин айрым бөлүктөрү каймана мааниде жазылганын билебиз (Аян 1:1).

  3.   Иса. Биз Иса Машаяктын окууларына карманып, анын үлгүсү боюнча жашайбыз. Аны Куткаруучубуз жана Кудайдын Уулу катары кабыл алабыз (Матай 20:28; Элчилер 5:31). Ошол себептен өзүбүздү анын жолдоочулары деп эсептейбиз (Элчилер 11:26). Биз Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Исанын Кудуреттүү Кудай эмес экенин, Үчилтик жөнүндөгү окуу Ыйык Китепке негизделбей турганын билгенбиз (Жакан 14:28).

  4.   Кудайдын Падышалыгы. Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндө эмес, ал — асмандагы чыныгы өкмөт. Падышалык жакында адамдар түзгөн өкмөттөрдүн баарын жок кылып, Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниетин ишке ашырат (Даниел 2:44; Матай 6:9, 10). Ал күнгө абдан аз калды, себеби Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлыктар «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды көрсөтүп турат (2 Тиметей 3:1—5; Матай 24:3—14).

    Иса Машаяк Кудайдын асмандагы Падышалыгынын Падышасы. Ал 1914-жылы башкара баштаган (Аян 11:15).

  5.   Куткарылуу. Иса Машаяктын курмандыгынын аркасында күнөө менен өлүмдөн куткарылабыз (Матай 20:28; Элчилер 4:12). Анын курмандыгынан пайда алыш үчүн Исага ишенип эле койбостон, жашообузду өзгөртүп, чөмүлүшүбүз керек (Матай 28:19, 20; Жакан 3:16; Элчилер 3:19, 20). Чыныгы ишеним иштер менен көрсөтүлөт (Жакып 2:24, 26). Бирок биз татыктуу болгондуктан эмес, «Кудайдын ырайымынын» аркасында гана куткарылабыз (Галатиялыктар 2:16, 21).

  6.   Асман. Жахаба Кудай, Иса Машаяк жана ишенимдүү периштелер асманда жашашат b (Забур 103:19—21; Элчилер 7:55). 144 000 киши да асмандан Иса менен бирге башкаруу үчүн тирилет (Даниел 7:27; 2 Тиметей 2:12; Аян 5:9, 10; 14:1, 3).

  7.   Жер. Кудай жерди адам баласы жашасын деп жараткан (Забур 104:5; 115:16; Насаатчы 1:4). Ал анын тилин алган адамдарга чың ден соолук берип, бейишке айланган жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берет (Забур 37:11, 34).

  8.   Жамандык менен азап-кайгы. Бир периште Кудайга каршы чыккандан тартып, жамандык, азап-кайгы болуп келет (Жакан 8:44). «Шайтан» жана «Ибилис» деп аталып калган ал козголоңчул периште Адам ата менен Обо энени ага кошулууга азгырган. Анын кесепети алардын тукумдарына да тийген (Башталыш 3:1—6; Римдиктер 5:12). Шайтан көтөргөн талаш маселе чечилиши үчүн, Кудай жамандык менен азап-кайгынын болушуна жол берген, бирок алардын түбөлүккө созулушуна жол бербейт.

  9.   Өлүм. Өлгөн адамдар эч нерсе билбейт (Забур 146:4; Насаатчы 9:5, 10). Алар тозокто кыйналбайт.

    Кудай миллиарддаган өлгөн адамдарды тирилтет (Элчилер 24:15). Бирок тирилгенден кийин Кудайдын мыйзам-осуяттарына баш ийүүдөн баш тарткандар түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылып, биротоло жок кылынышат (Аян 20:5).

  10.   Үй-бүлө. Биз Кудайдын никеге байланыштуу баштапкы ой-ниетине ылайык, эркектин бир эле аялы, аялдын бир эле күйөөсү болушу керектигин жана ажырашууга жалгыз себеп ойноштук экенин жакшы түшүнөбүз (Матай 19:4—9). Ошондой эле Ыйык Китептеги даанышман кеңештер үй-бүлө түйүнүн чыңдай турганына бекем ишенебиз (Эфестиктер 5:22—6:1).

  11.   Сыйынуубуз. Биз крестке жана башка сөлөкөттөргө сыйынбайбыз (Мыйзам 4:15—19; 1 Жакан 5:21). Сыйынуубуз төмөнкүдөй негизги нерселерди камтыйт:

  12.   Уюмубуз. Уюмубуз көп жыйналыштардан турат, ар бир жыйналышты аксакалдар кеңеши көзөмөлдөйт. Бирок аксакалдар диний жетекчилер болуп саналбайт, кылган кызматы үчүн акы да алышпайт (Матай 10:8; 23:8). Биз ондук бербейбиз жана жолугушууларыбызда акча чогултпайбыз (2 Корунттуктар 9:7). Жүргүзгөн иштерибиздин баары ыктыярдуу тартуулардын негизинде каржыланат.

     Иса Машаяктын жетилген жолдоочуларынан турган, башкы башкармалыгыбызда кызмат кылган Жетектөөчү Кеңеш дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө жетекчилик берип турат (Матай 24:45).

  13.   Биримдигибиз. Биз дүйнө жүзү боюнча баарыбыз бирдей нерселерге ишенебиз (1 Корунттуктар 1:10). Коомдо ээлеген абалыбыздан, улутубуздан, расабыздан же тек-жайыбыздан улам бөлүнбөйбүз (Элчилер 10:34, 35; Жакып 2:4). Бирок биримдүү эл болсок да, өз алдынча чечим чыгарууга укуктуубуз. Ар бир Жахабанын Күбөсү Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине жараша чечим чыгарат (Римдиктер 14:1—4; Еврейлер 5:14).

  14.   Жүрүм-турумубуз. Биз, эмне иш кылбайлы, сүйүү менен кылганга аракет кылабыз (Жакан 13:34, 35). Кудайга жакпаган иштерден, алсак, кан куйдуруудан баш тартабыз (Элчилер 15:28, 29; Галатиялыктар 5:19—21). Тынчтыкты сактаганга умтулуп, бир да согушка катышпайбыз (Матай 5:9; Ышая 2:4). Өзүбүз жашаган өлкөнүн өкмөтүн сыйлайбыз жана өлкөнүн мыйзамы Кудайын мыйзамына карма-каршы келбеген учурларда аларга баш иебиз (Матай 22:21; Элчилер 5:29).

  15.   Башкалар менен болгон мамилебиз. Иса Машаяк: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген. Ошондой эле ал жолдоочуларынын «дүйнөгө таандык эмес» экенин айткан (Матай 22:39; Жакан 17:16). Андыктан биз «баарына... жакшылык кылууга» умтулсак да, саясий маселелерде бейтараптуу болобуз жана башка диндердин иштерине аралашпайбыз (Галатиялыктар 6:10; 2 Корунттуктар 6:14). Бирок башкалардын буларга карата чыгарган чечимдерин сыйлайбыз (Римдиктер 14:12).

 Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенерине байланыштуу суроолоруңар бар болсо, ушул сайтыбыздан билсеңер болот же филиал менен байланышкыла. Ошондой эле силерге жакын жайгашкан Падышалык залына барып көргүлө же силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылгыла.

a Карагыла: «Truth in Translation», 165-бет.

b Кудайга каршы чыккан периштелер рухий чөйрөдө жашап келет, бирок алар асмандан жерге куулган (Аян 12:7—9).